«Азаттык» радиосу
‼️Мейманканадагы окуя боюнча бийчи Жан Воинов кармалды Бишкектеги "Шератон" мейманканасында кыздар сабалган окуяга шек саналып, бийчи Жан Воинов кармалды. Ал кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалып, 48 саатка камалды. Маалыматты…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🤮3
Прокуратура "ЭлКат" ишканасы мамлекетке кайтарылганын билдирди
Башкы прокуратура тарабынан “ЭлКат” ишканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлады.
Маалыматка ылайык, сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мамлекеттин мыйзамсыз жоготулган мүлккө укуктары калыбына келтирилген. Кайтарылган мүлктүн баасы 5,8 млрд сом.
“ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев "коррупцияга" шек саналып, быйыл февраль айында камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.
@azattyk_radiosu

❤4😁1
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди. Ал тапта Орусиянын армиясы Украинага жапырт чабуулун улантууда.
Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу боюнча сот жараяны уланууда. Ал тапта аталган каналда мурда иштеп кеткен бир нече журналист суракка чакырылганы белгилүү болду.
Бишкекте ири мейманкада болгон окуяга байланыштуу бийчи Жан Воинов жана анын кайниси кармалды. Бул окуя талкууга түшүп, коноктордун коопсуздугун коргой албаган мейманкананын маселеси да көтөрүлүүдө.

YouTube
Жаңылыктар | 4.07.2025 | Трамптын Путинден көңүлү калдыбы?
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди. Ал тапта Орусиянын армиясы Украинага жапырт чабуулун улантууда.
Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу…
Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу…
😁1🍓1
Эски өкмөт үйү, Жогорку сот жана "Кабардын" имараты тарыхый эстелик макамынан ажыратылды
Министрлер кабинети Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алуу тууралуу токтом чыгарды. Өкмөт башчы Адылбек Касмалиев 2-июлда кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитине 4-июлда жарыяланды.
Алар: учурда "Кабар" мамлекеттик агенттиги орун алган, 1940-жылы курулган имарат; азыркы Жогорку сот жайгашкан, 1936-жылы курулган имарат жана 1955-жылы курулуп, 1965-жылы реконструкцияланган, учурда Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлиги жайгашкан имарат. Бул мурдараак өкмөт үйүнүн, ага чейин Жогорку Кеңештин имараты болуп турган.
Булардын баары мурда архитектуралык жана тарыхый мурас катары мамлекеттин коргоосунда турган.

🤬5👍3❤1
Москва Украинага кол салган 40 жумадан бери согуш абалындагы орус экономикасы тез, айрым учурларда өтө ылдам өсүп жана санкцияларга туруштук берип келатат. Мындай көрүнүштү Батыштагы көптөгөн эксперттер күткөн эмес.
Орус экономикасынын өсүү темпи Москва Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу жайлап баратат.
@azattyk_radiosu
Орус экономикасынын өсүү темпи Москва Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу жайлап баратат.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Орусиянын экономикасы cолгундаса да согуш токтобойт
Айрым статистика Орусиянын экономикасы рецессияга баратканын көрсөтүп жатат. Бирок бир катар эксперттер мындай көрүнүш Москваны согушту токтотууга түртпөй турганын, урушка таасир этүүчү бир эле экономикалык фактор бар, ал - мунайдын баасы деп эсептешет.
❤1👍1😁1🤡1
Израил Газа боюнча тынчтык келишимин талкуулоого катыша турганын билдирди
Израил жекшембиде Катарга Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдиргендей, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС уюму койгон талаптардан айрымдары "кабыл алынгыс" экенин билдирди.
ХАМАС жума күнү АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча сунушуна “оң маанайда” жооп берип, бул боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экени билдирген.

❤2👍2
Сиз күн сайын колдонгон жөнөкөй смартфон тыңчылыктын чыныгы куралы болуп калышы мүмкүн. Анткени, программа киргизилген телефон сиз качан уктап, качан ойгонгонуңузду, кайсы жерлерге барганыңызды, эмне кылганыңызды, эмнени угуп, кимдер менен сүйлөшкөнүңүздү жана эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңызды билет. Гажет ал маалыматтарды программаны киргизип, телефон ээсин аңдыгандарга бере алат.
@azattyk_radiosu
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Саясатчы, активисттерди аңдуу. Израилдин тыңчылык программасын кимдер колдонгон?
Шпионское программное обеспечение Pegasus израильской компании NSO Group применяли правительства 45 стран по всему миру. Недавно в американском суде компания назвала три государства, которые приобрели этот продукт. Используется ли инструмент сегодня? Как…
❤4😁2
Илон Маск жаңы саясий партия түзөрүн билдирди
Америкалык миллиардер Илон Маск жаңы “Америка” деген саясий партия түзөрүн жарыя кылды. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүндө жүргүзгөн сурамжылоодон кийин чечим кабыл алганын жазды.
- деп жазды Маск 4-июлда.
Анын айтымында, бул максатка жетүүнүн бир жолу - "Сенаттагы эки-үч орунга жана Өкүлдөр палатасы үчүн сегиз-он округга көңүл буруу."
Илон Маск социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 65% жаңы партия түзүүнү кубаттаган. Кийинки күнү миллардер партия түзүү чечими кабыл алынганын жар салды.

“Көз карандысыздык күнү өзүбүзгө эки партиялуу (айрымдар бир партиялуу дешет) системадан көз карандысыз болгубуз келеби деп суроо койгонго ыңгайлуу убакыт”,
- деп жазды Маск 4-июлда.
Анын айтымында, бул максатка жетүүнүн бир жолу - "Сенаттагы эки-үч орунга жана Өкүлдөр палатасы үчүн сегиз-он округга көңүл буруу."
Илон Маск социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 65% жаңы партия түзүүнү кубаттаган. Кийинки күнү миллардер партия түзүү чечими кабыл алынганын жар салды.
@azattyk_radiosu
👍3😁2👎1
Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.
Маалыматка ылайык, Воиновдун 44 жана 25 жаштагы жансакчыларына “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.
https://www.azattyk.org/a/33466085.html
Маалыматка ылайык, Воиновдун 44 жана 25 жаштагы жансакчыларына “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.
https://www.azattyk.org/a/33466085.html
Азаттык Υналгысы
"Шератондогу" окуя: Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалды
Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.
Маалыматка ылайык, Воиновдун 44 жана 25 жаштагы жансакчыларына “бейбаштык”…

👍4❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
АКШнын Техас штатында суу ташкынынан каза тапкандар 80 кишиге жетти, анын 28и балдар.
Башка беш округда дагы 12 киши каза тапты. Бул аймактарда өзгөчө абал жарыяланды. Жолдор, инфраструктура талкаланган, телефон байланыш иштебей жатат.
41 киши, анын ичинде 10 кыз изделүүдө. Кыздар Кервилл шаарынан алыс эмес жердеги Camp Mystic жайкы лагеринде болгон.

🕊3❤1😱1
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Бирок жекшемби күнү өткөн алгачкы жолугушуу майнапсыз аяктады. Дүйшөмбү күнү Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго барды.
Өкмөт башчы өлкө ичинде басымга туш болуп жаткан чакта израилдик аскерлердин Газа тилкесинде уланып келаткан операцияларынан күн сайын адам өмүрү кыйылып жатат.
https://www.azattyk.org/a/33466290.html

"Баш калкалоочу жайлар коопсуз деп ишенгенбиз". Айласы кеткен газалыктар
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Бирок жекшемби күнү өткөн алгачкы жолугушуу майнапсыз аяктады. Дүйшөмбү күнү Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн…
❤1
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча алгачкы жолугушуудан жыйынтык чыккан жок.
АКШнын Техас штатында катуу суу ташкынынан кеминде 81 адам каза болду. Анын 28и балдар. Дагы 41 киши дайынсыз болууда.
Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын билдирди.
#газа #израиль #нетаньяху #трамп

Жаңылыктар | 7.07.2025 | Газадагы согуш: Трамп менен Нетаньяху жолугушат
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча алгачкы жолугушуудан жыйынтык чыккан жок.
АКШнын Техас штатында катуу суу ташкынынан кеминде 81 адам каза болду. Анын 28и балдар. Дагы 41 киши дайынсыз болууда.
Кыргыз бийлиги Ысык…
АКШнын Техас штатында катуу суу ташкынынан кеминде 81 адам каза болду. Анын 28и балдар. Дагы 41 киши дайынсыз болууда.
Кыргыз бийлиги Ысык…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бейшембиде Орусиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакиге орус өкмөтүнүн Ооганстан Ислам Эмиратын расмий таануу тууралуу чечимин тапшырды. Муну менен Орусия "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы бийлигин дүйнөдө биринчи болуп расмий тааныды.
Азырынча Орусиядан башка бир да өлкө талибдердин режимин расмий тааный элек. Аны көп учурда адам укугун бузууга, айрыкча кыздар менен аялдарга кылган мамилеси үчүн сындап келет.
Былтыр Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террордук уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.
Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.
#талибан #орусия #ооганстан #кыргызстан

❤2🤣2👍1
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Өкмөт өкүлдөрү 20 миллион тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече сейрек кездешүүчү элемент бар кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалымат бере элек.
Коомчулукта Кызыл-Омполдогу өндүрүш экологияга зыянын тийгизбейби деген чочулоо айтылса, өкмөт эч кандай кооптоно турган жагдай жок экенине ишендирип келе
https://www.azattyk.org/a/33466332.html

Кызыл-Омполдо титаномагнетит казыла баштады: Экологиялык жана экономикалык суроолор
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Өкмөт өкүлдөрү 20 миллион тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече сейрек кездешүүчү элемент бар кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалымат…
👎2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрөт. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө чек ара, соода-экономикалык, маданий алакалар жаатында сүйлөшүүлөр өтөрү кабарланды.
Дүйшөмбү шаарында 8-июлда “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү.
#жапаров #рахмон #кыргызстан #тажикстан #чекара

❤6
Президент Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапары менен жүрөт. Сапар алкагында эки өлкө ортосундагы эки чек ара бекети ачылып, кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Жапаровдун Дүйшөмбү сапарынын мааниси кандай?
АКШ Украинага курал-жарак берүүнү жандандырды. Украин президенти Владимир Зеленский согуш тилкелеринде дрондорду көбүрөөк колдонуу зарыл экенин айтты.
Бишкектеги Батыш автобекетинин жери баш болгон 34 гектар тилке “Инвест Кей Джи Холдинг” компаниясына 49 жылга ижарага берилди.

Жаңылыктар | 8.07.2025 | Жапаров менен Рахмон кызматташууну талкуулады
Президент Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапары менен жүрөт. Сапар алкагында эки өлкө ортосундагы эки чек ара бекети ачылып, кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Жапаровдун Дүйшөмбү сапарынын мааниси кандай?
…
…
❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Сөгүнүп, коркутуп, күч колдонуп... Орусиянын Москва облусунда ИИМ кызматкери миграция бөлүмүнө келгендерди көчөгө айдап чыккан. Ал орус улутундагыларга кала берүүгө уруксат бергенин, ал эми башка улуттагы адамдарга кыйкырып, аларды депортация кылам деп коркутканын көрүүгө болот. Күбөлөр мындай агрессивдүү жүрүм-турумдун себебин түшүнө алышкан эмес.
#орусия #миграция #москва #депортация
#орусия #миграция #москва #депортация
😱5🤬2
‼️УКМК Улуттук университеттен үч миңдей студент окуудан чыгарылганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын билдирди.
- деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылган. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.

“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Кызматтык жасалмачылык”) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду”,
- деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылган. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
УКМК Улуттук университеттен үч миңдей студент окуудан чыгарылганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын билдирди.
“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле…

👍10
7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.
Старовойттун сөөгү Москванын четиндеги Одинцово шаарындагы паркта, ал өзү айдап келген “Тесла” машинасынан он чакты метр алыс жерден табылган. Жанында Ички иштер министрлиги сыйлыкка берген тапанча бар болуп чыкты. Старовойттун каза болгону кабарланары менен Курск облусунун тургундары социалдык тармактарда комментарий жаза баштады. Бир тобу экс-губернатордун акча уурдоого тиешеси бар деп күмөн санашат.

Орус министри камалардын алдында өзүнө кол салдыбы?
7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.
❤2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Бул тууралуу Region телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, алар “Кадастр”, сот жана Салык кызматынын кызматкерлери. Азырынча УКМК расмий маалымат бере элек.
#ташиев #ош #салык #коррупция

❤3