Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Өкмөт өкүлдөрү 20 миллион тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече сейрек кездешүүчү элемент бар кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалымат бере элек.
Коомчулукта Кызыл-Омполдогу өндүрүш экологияга зыянын тийгизбейби деген чочулоо айтылса, өкмөт эч кандай кооптоно турган жагдай жок экенине ишендирип келе
https://www.azattyk.org/a/33466332.html

Азаттык Υналгысы
Кызыл-Омполдо титаномагнетит казыла баштады: Экологиялык жана экономикалык суроолор
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Өкмөт өкүлдөрү 20 миллион тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече сейрек кездешүүчү элемент бар кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалымат…
👎2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрөт. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө чек ара, соода-экономикалык, маданий алакалар жаатында сүйлөшүүлөр өтөрү кабарланды.
Дүйшөмбү шаарында 8-июлда “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү.
#жапаров #рахмон #кыргызстан #тажикстан #чекара

❤6
Президент Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапары менен жүрөт. Сапар алкагында эки өлкө ортосундагы эки чек ара бекети ачылып, кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Жапаровдун Дүйшөмбү сапарынын мааниси кандай?
АКШ Украинага курал-жарак берүүнү жандандырды. Украин президенти Владимир Зеленский согуш тилкелеринде дрондорду көбүрөөк колдонуу зарыл экенин айтты.
Бишкектеги Батыш автобекетинин жери баш болгон 34 гектар тилке “Инвест Кей Джи Холдинг” компаниясына 49 жылга ижарага берилди.

YouTube
Жаңылыктар | 8.07.2025 | Жапаров менен Рахмон кызматташууну талкуулады
Президент Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапары менен жүрөт. Сапар алкагында эки өлкө ортосундагы эки чек ара бекети ачылып, кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Жапаровдун Дүйшөмбү сапарынын мааниси кандай?
…
…
❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Сөгүнүп, коркутуп, күч колдонуп... Орусиянын Москва облусунда ИИМ кызматкери миграция бөлүмүнө келгендерди көчөгө айдап чыккан. Ал орус улутундагыларга кала берүүгө уруксат бергенин, ал эми башка улуттагы адамдарга кыйкырып, аларды депортация кылам деп коркутканын көрүүгө болот. Күбөлөр мындай агрессивдүү жүрүм-турумдун себебин түшүнө алышкан эмес.
#орусия #миграция #москва #депортация
#орусия #миграция #москва #депортация
😱5🤬2
‼️УКМК Улуттук университеттен үч миңдей студент окуудан чыгарылганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын билдирди.
- деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылган. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.
@azattyk_radiosu

“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Кызматтык жасалмачылык”) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду”,
- деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылган. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
УКМК Улуттук университеттен үч миңдей студент окуудан чыгарылганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын билдирди.
“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле…

👍9
7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.
Старовойттун сөөгү Москванын четиндеги Одинцово шаарындагы паркта, ал өзү айдап келген “Тесла” машинасынан он чакты метр алыс жерден табылган. Жанында Ички иштер министрлиги сыйлыкка берген тапанча бар болуп чыкты. Старовойттун каза болгону кабарланары менен Курск облусунун тургундары социалдык тармактарда комментарий жаза баштады. Бир тобу экс-губернатордун акча уурдоого тиешеси бар деп күмөн санашат.

Орус министри камалардын алдында өзүнө кол салдыбы?
7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.
❤2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Бул тууралуу Region телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, алар “Кадастр”, сот жана Салык кызматынын кызматкерлери. Азырынча УКМК расмий маалымат бере элек.
#ташиев #ош #салык #коррупция

❤3
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге нааразы экенин кайталап, Москвага каршы олуттуу санкция киргизүү ыктымалдыгы каралып жатканын билдирди.
Бишкектеги Улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар билим алып жаткандардын катарында болгону менен окууга келбей эле жүрүшкөнүн кабарлады.
АКШ бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартты. Буга чейин кыргыз жарандары он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми анын мөөнөтү үч айга түштү.
https://www.youtube.com/watch?v=Qigl2GxXqP8

Жаңылыктар | 9.07.2025 | Ошто жыйында кармалган жетекчилер
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге нааразы экенин кайталап, Москвага каршы олуттуу санкция киргизүү ыктымалдыгы каралып жатканын билдирди.
Бишкектеги Улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылды. Улуттук…

Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Ал күндөр эл арасында “Каргашалуу” же "Кара июль" деген ат менен эсте калды. Ооруканаларга киши батпай, дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору тартыш болуп, өлүм-житим көбөйгөн.
Пандемияда алдыңкы тилкеде вирус менен күрөшкөн дарыгерлер арасында дагы чоң жоготуу болгон. Андан бери беш жыл өтүп, каргашалуу күндөр кыйла унутулуп кетти. Бирок ал күндөр дарыгерлердин эс-тутумундагы өчпөгөн кара так бойдон калды.
“Данисте” бул жолу пандемия курчуганда вирус менен күрөшкөн каарман дарыгерлер тууралуу айтып берет.

Ташиев Салык кызматынын экс-төрагасынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганын айтты
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.
- деген Ташиев.
Бл билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий бере элек. https://www.azattyk.org/a/33470168.html

"Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык үй-мүлкү, байлыгы такталды. Мына, Салык кызматынын жетекчиси болгон. Силер болсо "бир тыйын албайбыз" деп айтып жатасыңар. Абдувапов Салык кзыматында 10 жылдан ашык убакыт иштейт. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына кызматкерлер айтып жатат, "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайры чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт",
- деген Ташиев.
Бл билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий бере элек. https://www.azattyk.org/a/33470168.html
Азаттык Υналгысы
Ташиев Салык кызматынын экс-төрагасынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганын айтты
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында…
❤4
ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартканына байланыштуу комментарий берди. Анда мындай чечим расмий Бишкекке алдын ала маалымат берилбестен кабыл алынганын кабарлады. Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу болорун, анда чектөөлөрдү жумшартуу чаралары талкууланарын маалымдады.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот. https://www.azattyk.org/a/33470183.html

"АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык. ушул жумадан тартып кыргыз жарандарына АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилди. Мындай чаралар америка тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат. Ушуга байланыштуу жакында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугат. Анда чектөөлөрдү киргизүү себептери, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат",-деп жазылган маалыматта.Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот. https://www.azattyk.org/a/33470183.html
Азаттык Υналгысы
ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартканына байланыштуу комментарий берди. Анда мындай чечим расмий Бишкекке алдын ала маалымат берилбестен кабыл алынганын кабарлады. Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы…
❤3
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Элчиликтин башкы консулу Бакыт Асаналиев 10-июлда кыргызстандыктарга кайрылып, реестрден Орусиянын аймагынан чыкпай туруп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
https://smarturl.click/zdG1n
https://smarturl.click/zdG1n
Азаттык Υналгысы
Элчилик Орусияда "кирди-чыкты" жолу менен реестрден чыгуу мүмкүн эместигин эскертти
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Элчиликтин башкы консулу Бакыт Асаналиев…
❤2
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топко Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Ал эми бул демилгени ишке ашырууга жооптуу делген “Евразия” деп аталган уюм бир нече жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагына кызуу аралаша баштаган. Алар Бишкектин жогору жагына парк да салып жатышат. Орусия каржылаган бул уюмдун Кыргызстанда активдешип жатышы кызуу талкууланып, Кремлдин кезектеги саясаты катары сыпатталып жатат.
YouTube
Орус олигархы Шор кыргыз билим берүүсүнө кантип аралашты?
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топко Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Ал эми бул демилгени ишке ашырууга жооптуу делген “Евразия”…
🤮2
Кечки радио эфир | 10.07.2025 | Азербайжан менен Армения Орусияны ортомчу кылбай элдешеби? https://youtube.com/live/Qe7MFPLfUyA
YouTube
Кечки радио эфир | 10.07.2025 | Азербайжан менен Армения Орусияны ортомчу кылбай элдешеби?
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - https://www.…

Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады
Ош шаарында 10-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Мэрия суу каптаган көчөлөрдү шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев кыдырып чыкканын, кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам тапшырмаларды бергенин билдирди.
Азырынча зыян-чыгым тууралуу толук маалымат бериле элек.
Социалдык тармактарда жаңы муниципалдык базардын чатырынан суу агып, базарды каптаганы, буга айрым соодагерлер нааразы болуп жатканы тартылган видеолор тарады. Мэрия бул дооматтарга азырынча жооп бере элек.
Ушул айдын башында бул жаңы базарга шаардагы бир катар ири базарлар көчүрүлө баштаган жана жаңы жайдын сапатына байланыштуу буга чейин дагы нааразылыктар айтылып келген.
Ошто былтыр жайында дагы катуу жааган жаандан улам бир канча жолу сел жүргөн жана кырсыкта адам өлүмү менен коштолгон окуялар орун алган. https://www.azattyk.org/a/33470475.html

Азырынча зыян-чыгым тууралуу толук маалымат…

Бишкектен 34 гектар жер бөлүндү. Батыш автобекетин кура турган инвестор ким?
Министрлер кабинети турак жай жана коммерциялык курулуштар үчүн "Инвест Кей Жи Холдинг" компаниясына Бишкектен 34 гектар жер тилкесин берүү чечимин чыгарды. Анын 2,2 гектар жери мурдагы Батыш автобекети.
Автобекеттин имараты ретроавтоунаалар үчүн музей болору айтылган. 27 гектар жер тилкеси "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" парктарынан бериле турган болгон. Бул эмне болгон компания жана ага берилип жаткан жер тилкелери тууралуу айтып беребиз.
Кененирээк макаладан окуңуз: ↩️
https://smarturl.click/Axjyg

Ошто былтыр жайында дагы катуу жааган жаандан улам бир канча жолу сел жүргөн жана кырсыкта адам өлүмү менен коштолгон окуялар орун алган.
#ош #сел #кыргызстан #жаңылыктар

Жаңылыктар | 10.07.2025 | Ошто жаңы базарды сел каптады
• Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады.
• Тоолуу Карабак үчүн 30 жылдан ашык кармашкан Азербайджан менен Армения тынчтык келишиминин текстин макулдашканы менен документке кол коюла элек. Абу-Дабиде Илхам Алиев менен Никол Пашиняндын кездешүүсү башталды.
• АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартты. Тышкы иштер министрлиги жагдайга тынчсызданып, чектөөлөрдүн себеби, жумшартуу жолдору талкууланарын билдирди. https://www.youtube.com/watch?v=hHWdve0rY7E

- Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады.
- Тоолуу Карабак үчүн 30 жылдан ашык кармашкан Азербайджан менен Армения тынчтык келишиминин текстин макулдашканы менен документке кол коюла элек. Абу-Дабиде Илхам Алиев менен Никол Пашиняндын…

Коңшу өлкөдөгү ооган диаспорасы ооганстандык качкындар "15 күндүн ичинде Тажикстандан чыгып кетиши керек" деген каңшаардан улам чочулап турат. "Аму" баштаган ооган медиасы соңку маалда расмий уруксаты бардыгына карабай ооган качкындарын кармап, мекенине күчтөп жиберүү күчөгөнүн кабарлады.
Азаттык Υналгысы
Тажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылды
Тажикстанга баш калкалоо үчүн келген ооган качкындары 5-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, аларды Ооганстанга күч менен депортация кылууну токтотууну суранышты. Анда алардын айрымдары үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн виза алуу алдында…
👎1