Telegram Web Link
Трамп Украинага аскердик жардамды токтото турууну чечкени кабарланды

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага көрсөтүлүп жаткан бардык аскердик жардамды токтото турууну чечкенин 4-мартта бир катар басылмалар жазып чыгышты.

AFP, Reuters маалымат агенттиктери Ак үйдөгү булак "Президент тынчтыкты каалай турганын так билдирди. Өнөктөштөрүбүз да ошондой эле ниетте болушу биз үчүн зарыл. Биздин жардам маселени чечүүгө өбөлгө болуп жатканына ынануубуз үчүн биз жардамыбызды токтото турмай жана кайра карап чыкмай болдук", - деп айтып бергенин кабарлашты.

Сөз жардамды таптакыр токтотуп коюу эмес, убактылуу тыныгуу тууралуу болуп жатканын Bloomberg жана Fox News жазышты.

Fox News Трамптын администрациясынын "Бул таптакыр токтотуу эмес, бул пауза", — деген сөзүн келтирди.

@azattyk_radiosu
👍9👎7
Кыргызстанда соңку жылдары дары-дармек тартыштыгы байкалууда. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын айтууда.

Баракат беш жылдан бери эмчек безинин рак шишиги менен алышып келет. Үзгүлтүксүз ичкен дарысы акыркы айда келбей калып, өпкөсүнө суу толуп кеткенин айтып берди.

@azattyk_radiosu

Кыргызстанда дары-дармек боюнча абал кандай? Макаладан толук окуңуз.
👍1
‼️ ИИМ "чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүдө коррупция жок" деп билдирди

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүдө “кыргызстандык аткаминерлер акча алат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеменин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы бул тууралуу “Азаттыктын” кайрылуусуна берген жообунда жазган.

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана аймактардагы бөлүмдөрү интернет булактарында жарыяланган бардык укук бузуу фактыларга, шек жараткан маалыматтарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт. Шек жараткан, ошондой эле кылмыш курамын камтыган ар бир маалыматты ИИМдин кызматтары текшерип, тийиштүү чара көрүлүп келет. Болжолдуу айтылган “кыргызстандык аткаминерлер кыргыз жарандыгын алууда акча алышат” деген сөздөр чындыкка дал келбейт деген ойдобуз”

, - деп жазылган ИИМдин катында.

@azattyk_radiosu
🤡14🤣81
Жыл башынан бери салык пландан 4 млрд сомго көп чогултулду

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул пландан 4 млрд 91,8 млн сом ашык экенин Мамлекеттик салык кызматы 4-мартта кабарлады.

Быйылкы салык жана төлөмдөр былтыркы январь-февраль айларындагы көрсөткүчтөн 10,7 млрд сомго көп экени белгиленди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул да белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. Быйылкы эки айда чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркыдан 1,2 млрд сомго көп.

Жалпысынан эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.

@azattyk_radiosu
💋3
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ФСБ ДАГЫ БИР БОРБОР АЗИЯЛЫКТЫ ЖОК КЫЛГАНЫН КАБАРЛАДЫ

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы атайын операция учурунда террористтик уюмдун катышуучусу делген дагы бир борбор азиялык жок кылынганын маалымдады. Мекеменин маалыматына караганда, бул адам кармоо учурунда ФСБ кызматкерлерине куралчан каршылык көрсөтүп, анын жыйынтыгында өлтүрүлгөн. Бирок Федералдык коопсуздук кызматы тараткан видеотасмада борбор азиялыктын каршылык көрсөткөн аракеттери байкалган эмес.

@azattyk_radiosu
😁31
Жаңылыктар | 04.03.2025 | 12 жылдык окутуу: Ташиев сындады, Байсалов жактады

- Украин президенти менен болгон кайым айтышуудан кийин АКШ лидери Дональд Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Аскердик серепчилердин пикиринде, америкалык курал-жабдыкты жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Украинанын коргонуусуна олуттуу сокку урушу ыктымал.

- Кыргызстанда 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бул системаны сындап чыккан соң талаш-талкуу күчөдү.

- Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы менен Тажикстандын премьер-министри Дүйшөмбүдө жолугуп, соода-алаканы жандантууну талкуулады. Эки өлкө узак жана татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге жетишкен. https://www.youtube.com/watch?v=U9AcgzpMqvg
1
"Манас" аэропортунан жардыргыч зат табылган жок

4-март күнү саат 17:21де Чүй облустук ички иштер башкармалыгына (ОИИБ) "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда жардыргыч зат аэропорттун жанындагы автоунаа токтотуучу жайлардын биринде коюлган машинада экени айтылган.

Бул факт боюнча ОИИБде тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, атайын ыкчам-тергөө тобу аба майданына барган. Аэропорттун аймагы тосулуп, ичиндеги жүргүнчүлөр, аба компаниялардын кызматкерлери эвакуацияланган.

Милиция кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында жардыргыч зат табылган эмес.

Маалыматка караганда, эвакуацияга карабай, каттамдар үзгүлтүккө учураган эмес. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Учурда жалган маалымат бергендерди издөө иштери жүрүп жатат.

4-март күнү Бишкектеги "Азия молл" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу да маалымат милицияга түшкөнү кабарланып, борбордогу адамдар эвакуацияланган. Жыйынтыгында маалымат фейк болуп чыкканы айтылды. https://smarturl.click/1d20w
1😁1
АКШ Киевге аскердик жардамды убактылуу токтотту, Кремль аны колдоду

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жумада Ак үйдө Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон кайым айтышуусунан кийин Киевге бардык аскердик жардамды токтото турууну чечти. Кремль бул чечимди кубаттады. Украинанын өкмөт башчысы АКШ менен алаканы сактап калууга дилгир экенин билдирди.

3-марттын кечинде маалымат каражаттарына берген комментарийинде Ак үйдүн аты-жөнүн ачык айтпаган өкүлү: "Биз жардамды токтотуп, аны караштырып жатабыз. Президент тынчтыкка басым жасарын ачык айткан. Биздин өнөктөштөр да ушул максатка берилген болушу керек”, - деген.

Трамптын администрациясынын өкүлү Fox News телеканалына “бул жардамды биротоло эмес, убактылуу токтотуу” экенин айткан.

Bloomberg жана Fox News агенттиктеринин маалыматына ылайык, бул тыныгуу Украина жетекчилиги тынчтыкка чын дилден умтулганын көрсөткөнгө чейин созулушу мүмкүн. Кененирээк сайттан окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/8E5XV #rfe_rl
🤮4
12 жылдык окутуу: Ташиевдин талкууга түшкөн пикири

Кыргызстанда мектепте 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы билим берүү системасын сындап жазган соң, эксперттер жана билим берүү тармагынын адистери ортосунда талаш-талкуу күчөдү.

2024-жылдан бери талкууланып келе жаткан билим берүү системасына карата комчулукта ача пикирлер айтылууда. Кененирээк сайттан окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/jkqdk
Ташиев 12 жылдык окуу системасына өтүү боюнча оюн өзгөрткөнүн жазды

4-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу оюн өзгөрткөнүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды. Анда ал бул маселе боюнча эксперттер, билим берүү министрлиги жана президент Садыр Жапаровдун катышуусунда талкуу өткөнүн анын натыйжасында cyнуш кылынган окуу системасын колдой турганын жазды:

"12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк".

Атайын кызматтын төрагасы бир күн мурун 12 жылдык окуу системасын сындап жазган соң эксперттер жана билим берүү тармагынын адистери ортосунда талаш-талкуу күчөгөн.

@azattyk_radiosu
😁13👍3
‼️Депутат Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтты. Бул тууралуу депутат парламенттин 5-марттагы жыйынында билдирди.

Айжигитовдун сөзүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде “бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт” деп жазылган. Муну ал “азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат” деп эсептейт.

“Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат”,

- деди ал.

Султанбай Айжигитов жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

@azattyk_radiosu
👍22👎1
Абхаз, армян номурлуу унаа ээлери нааразылык акциясына чыгышты

Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген унаалардын ээлери 5-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты.
Акцияга чогулгандар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду төмөндөтүүнү, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана учурда жүрүп жаткан рейддерди токтотууну суранып, президентке кайрылышты. Абхазиядан, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталган. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги бардык автоунаа үчүн бир баа коюларын, унааны мыйзамдаштыруу үчүн алына турган жыйымдын болжолдуу баасы 100 миң сомболорун билдирген.

@azattyk_radiosu
1👍1🤡1
«Азаттык» радиосу
‼️Депутат Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен…
⚡️Султанбай Айжигитовду "Ыйман нуру" фракциясынан чыгаруу маселеси каралат

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы отурумда кыргыз-тажик чек арасы боюнча фракциянын эмес, өзүнүн жеке пикирин билдирди. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Динара Ашимова отурумдун соңунда айтып, депутат Айжигитовду фракциядан чыгаруу маселеси караларын маалымдады.

"Фракциянын 10 мүнөттүк убактысын мүчөбүз Султанбай Айжигитов суранып, пайдаланды эле. Бирок ал бул маселе боюнча биздин фракция менен макулдашпай туруп, азыркы учурдагы аялуу болуп жаткан, мамлекетке керектүү маселе тууралуу өзүнүн жеке оюн айтып, элге дүрбөлөң салганы үчүн аны фракциядан чыгарууну мүчөлөр сүйлөштүк. Түшкү тыныгууда фракциянын кезексиз жыйынын өткөрүп, өзүбүздүн чечимибизди кабыл алабыз", - деди Динара Ашимова.

@azattyk_radiosu
😁8🤯5👍2
«Азаттык» радиосу
⚡️Султанбай Айжигитовду "Ыйман нуру" фракциясынан чыгаруу маселеси каралат Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы отурумда кыргыз-тажик чек арасы боюнча фракциянын эмес, өзүнүн жеке пикирин билдирди. Бул…
“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.
Фракциянын 5-марттагы кезексиз жыйында Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нурудан” чыгарууну колдоду. Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берди.

“Султанбай Айжигитов фракциянын саясий позициясына туура келбеген ойду айтты. Себеби, биз концепцияны (ред: чек арага байланыштуу) талкуулаган учурда Султанбай Айжигитов “Толук колдойм. Менин сунуштарым кабыл алыныптыр” деп сүйлөгөн. Депутат ар бир сөзүн анализ кылып туруп сүйлөш керек”, - деди Динара Ашимова.

Султанбай Айжигитов фракциянын чечимине комментарий берген жок. Депутат фракциядан чыгарылганы менен ал эркин депутат катары ишин уланта берет.

@azattyk_radiosu
🤬10👎7🤮6👍3😁1🤡1🍓1
Жаңылыктар | 05.03.2025 | Дональд Трамп Зеленскийден кат алды

• Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.
• АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстеги кайрылуусунда Владимир Зеленскийден кат алганын айтты. Анда украин президенти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдирген.
• Кыргызстанга Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразы болууда. Алар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду төмөндөтүүнү суранды. https://www.youtube.com/watch?v=6MgqJxXFeF8
👎4👍1🔥1
Кыргызстанда мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат*

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 3-чейреги 14-мартта аяктап, 17-марттан тарта жазгы каникул башталарын жарыялады. 4-чейрек 24-марттан тарта башталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына жараша аныкталган.
https://smarturl.click/2qBkZ
«Азаттык» радиосу
Абхаз, армян номурлуу унаа ээлери нааразылык акциясына чыгышты Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген унаалардын ээлери 5-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Акцияга чогулгандар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт…
"Өкмөт сунуштаган 100 миң сом өтө көп". Чет элдик номурлуу автоунаа ээлери эмнеге нааразы?

Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразылык билдирип, акцияга чыгышты.

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулган 100дөй киши унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сом көп экенин айтып, бул сумманы унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша көрсөтүунү суранышты.

“Баа туура келбей кымбат болуп жатат. Эл көтөрө албайт, көбүбүз такси кылабыз. 102 миң сом аябай эле кымбат. Унааны каттап жатканда көлөмүнө карап койсо жакшы болмок. Мисалы "Хонда Фиттин" кыймылдаткычынын көлөмү 1.3, "Тойота Кроундуку" 3,5. Алардыкын өйдө кылып, "Хонда Фиттикин" ылдый кылса болмок. Мисалы көлөмүнө карап 200 доллардан 500 долларга чейин кылып койсо”,

- деди Бишкек шаарынын тургуну Элим Бейшенбаев.

Чогулгандардын нааразылыгын шилтемеден окуңуз. 👇
https://smarturl.click/yqD7p

@azattyk_radiosu
👍2
«Азаттык» радиосу
‼️Депутат Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен…
❗️Президент чек ара кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилип жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берди.

6-мартта жарыяланган маекте эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга байланыштуу парламенттеги сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

“Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген. Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат”, - деди президент.

@azattyk_radiosu
🤡12👍8👎4🤬1🤮1🌭1
Бишкекте бир нече көчө узартылат

Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн жыйында Бишкектеги быйыл оңдолуучу жолдор, кеңейтилүүчү көпүрөлөр тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу 6-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл борбор калаада төрт жаңы көчө: Сухе-Батор, Ауэзов, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн уландысы курулат.

Мындан тышкары үч көпүрө: Ауэзов көчөсүндө Бишкек Жылуулук электр борборунун каналы аркылуу өтүүчү, Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусундагы жана Шүкүров көчөсүндөгү Чыгыш Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөлөр курулат. Шаар бийлиги быйыл ошондой эле эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу башталарын да билдирүүдө.

@azattyk_radiosu
2025/07/12 01:11:22
Back to Top
HTML Embed Code: