Telegram Web Link
Пентагон Украинага курал-жарак берүүнү кыскартууну пландоодо

Пентагон келерки жылы Украинага курал-жарак берүүнү кыскарта турганын АКШнын коргоо министри Пит Хегсет шейшембиде Өкүлдөр палатасынын жыйынында билдирди. Ал мындай өзгөрүү президент Дональд Трамптын администрациясынын саясатына туура келерин түшүндүрдү.

Украинанын учурда АКШдан алып жаткан курал-жарактары боюнча чечим мурдагы президенттик администрациянын маалында кабыл алынган. “Биз сүйлөшүү жолу менен тынчтык келишимине жетишүү – эки тарапка тең жана биз үчүн да эң туура чечим”, - деди министр.

Хегсет Украинанын күчтөрүнүн Орусиянын авиациялык аэродромдоруна сокку урганына комментарий берип, бул окуядан кийин Пентагон дрондон коргонуу системасын кайра карай баштаганын, АКШ “бул сыяктуу коркунучтарда алсыз болуп калбашы керектигин” белгиледи.

Трамптын администрациясы Конгресстен келерки жылдын бюджетинде Пентагон үчүн триллион доллардан көп каражат бөлүүнү өтүнгөнү жатат. Бул быйылкы бюджеттен 200 миллиард долларга көп экенин NBC басылмасы жазды.

Өкүлдөр палатасынын шейшембидеги жыйынында 831 миллиард долларлык бюджет боюнча сунуш каралганын Military Times билдирди.
4🤬2
Австрияда мектептеги кол салуудан каза болгондор 11 кишиге жетти

Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан каза болгондордун саны 11 кишиге жетти. Шейшембиде болгон окуяда мектептин мурдагы окуучусу ок чыгарганы, кийин өз жанын кыйганы белгилүү болду.

APA агенттиги жазгандай, каза болгондордун арасында окуучулар жана мугалимдер да бар. Дүйшөмбүнүн кечинде жараат алгандардын бири ооруканада каза болгону такталган. Буга чейин кол салуудан тогуз киши набыт болгону кабарланып жаткан. Ок чыгарган кишини кошкондо, каза болгондордун саны 11ге жетти. Мындан тышкары кеминде он киши жараат алганы, айрымдарынын абалы оор экени айтылды.

Бул окуянын эмнеден чыкканы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек. Ок чыгарган кишинин аты айтыла элек жана ал 21 жашта болгон. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, ал австриялык жараны жана ок чыгарган мектепте окуган жана окууну бүтүргөн эмес. Kronen Zeitung басылмасы ал окуучу кезинде кодулоого кабылган болушу мүмкүн экенин жазды.
5👍1🕊1
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.

Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактады.

Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.

Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган.

Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.
3❤‍🔥1👍1
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү коюлду.
4👍4
Шаршембиге караган түнү Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Ал арада тараптар согуш туткундарын алмашууну улантты. Шаршембиде Орусия 1212 украин аскердин сөөгүн кайтарганы маалымдалды.

Мунун алдында Одессада дүрмөттөрдүн бири төрөт үйүнө тийген, даңазалуу киностудияда өрт тутанган, Киевде маданий мурастардын тизмесине кирген Ыйык София собору жабыркаган.
Жаңылыктар | 11.06.2025 | Москвадагы рейдде мигранттар сабалды: Өзбекстан Орусияга нота жөнөттү

- Өзбекстан Москвада жарандарынын сабалып, кодуланышына нааразы. Өлкө Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, окуяны иликтөөнү талап кылды.

- Украинанын Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Соңку күндөрдөгү жапырт чабуулдар украин коопсуздук кызматынын орусиялык аэродромдорго каршы атайын операциясына жооп катары каралууда.

- "Коррупцияга" шектелип кармалган парламенттин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди сот 9-июлга чейин камакка алды. Мунун алдында Оштун экс-мэри Жумадыл Исаков коррупцияга шектелип кармалды. https://www.youtube.com/watch?v=trdWQ8UHxAY
3
Кыргызстан өз жарандарын АКШдагы нааразылык акцияларынан оолак болууга чакырды

Кыргызстан АКШда жүргөн жарандарын коопсуздугун сактоого чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 11-июнда тараткан маалыматтык билдирүүдө айтылат.

Анда мекеме АКШда туруксуз кырдаал жаралып жатканын эске алуу менен жарандарды көчө жүрүштөрүнө, митингдерге жана коомдук чогулуштарга катышпоону, мындай иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден алыс болууга чакырды.

ТИМ зарыл болгон учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүнө ыкчам кайрылуу керектигин эскертти.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында мыйзамсыз мигранттарды жапырт кармоого каршы тутанган нааразылык акциялары уланууда. Шаарга улуттук гвардиянын бөлүктөрү жана деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери киргизилген. Шейшембиде кечинде шаардын борбордук бөлүгүндө элдин кыймылын чектеген коменданттык саат киргизилгени маалым болду. (Сүрөт: Reuters)

@azattyk_radiosu
😁41
❗️Өзгөндө күйөөсү сабады делген аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганы айтылган келиндин окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин 12-июндагы маалыматында, жабырлануучу 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген. Жабырлануучу жеңил жараат алганы аныкталган.

Аялдын күйөөсү А.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүгө юридикалык баа берилет.

@azattyk_radiosu
5🤨1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Индияда жүргүнчү ташыган учак кулап түштү

Air India авиакомпаниясынын 242 жүргүнчү ташып бараткан учагы Индиянын Гужарат штатындагы Ахмедабад аэропортунун жанында кырсыкка учурады. Алдын ала маалыматка ылайык, учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган. Каза тапкандар, жабыркагандар тууралуу кабарлана элек.

@azattyk_radiosu
😱61
"Кыргызшампаны" ишканасынын имаратынын архитектуралык эстелик макамы алынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин Айтматов проспектисинде жайгашкан “Кыргызшампаны” ишканасынын администрациялык имаратынын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алууга токтом чыгарды.

Ачык булактагы маалыматтарда, “Кыргызшампаны” ишканасынын имаратына 1953-жылы архитектуралык эстелик макамы берилген. Совет маалында шампан, вино жана алкоголдук ичимдиктин бир нече түрүн чыгарып турган. 1990-жылдардан кийин өндүрүштүн көлөмү кескин төмөндөгөн.

@azattyk_radiosu
👎7👍1
📌 Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылды. Кийинчерээк борттогу 242 кишинин баары каза болгону кабарланды.
📌 Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Алардын арасында жашы жете элек төрт бала бар.

📌 Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады. Келин бети-башы канжалаган видеосун социалдык тармактарга чыгарып, милиция чара көрбөй жатканын айтып, арызданган.
3👍1😱1
❗️Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк обьекттерге сокку урганын жарыялады

Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк обьекттерге “алдын-алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги билдирди. Андагы маалыматка караганда Израил Ирандагы ондогон обьекттерге сокку урган, бирок эмне обьекттер экени так айтыла элек. Ирандагы маалымат каражаттары Тегерандагы Имам Хомейни аэропортундагы бардык учуулар токтотулганын жазып чыгышты.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац өз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын, Иран ракета жана дрондор менен сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.

Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик медиаларына таянып, Тегерандын түндүк-чыгышында жарылуунун үнү угулуп жатканын кабарлады. BBC да Тегерандын жашоочуларынан жарылуулар тууралуу маалымат алганын жазууда.

@azattyk_radiosu
👍5🍌21👎1
Орусиянын борбору Москва шаарында 10 жылдан бери иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Айгүлдүн (аты өзгөртүлдү) кызын бир жыл мурун бою кыска деп мектепке албай койсо, быйыл орус тилинен сынактан өтпөй калды дешти. Айгүл кызы сынакка атайын курстарга барып даярданганын, суроолорго жакшы эле жооп бергенин айтып жатат. Бирок "орус тилин жетиштүү деңгээлде билбейт" деген жооп келген.

Эми август айында кайрадан сынак тапшырышы керек болот. Анда да өтпөй калса эмне кыларын билбей турат.

@azattyk_radiosu
👎51
УКМК "2ГИС" компаниясынын кеңсесине мөөр басып кеткени белгилүү болду

Бишкектеги “2ГИС” компаниясынын кеңсесинин эшигине мөөр басылып, жабылды. Мөөр басылган кагазда кеңсени Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери 10-июнда жапканы жазылган. Бул тууралуу атайын кызмат өзү расмий маалымат бере элек.

“2ГИС” компаниясы кеңсесинин жабылганы боюнча комментарий бере элек жана чалууларга жооп бербей жатат.

"2ГИС" - 1999-жылы Орусияда негизделген картографиялык кызмат көрсөткөн портал. Ал Кыргызстанда 2015-жылдан бери иштеп жатат.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2020-жылдан бери компаниянын 75% акциясы Орусиянын “Сбербанк” банкына таандык.

@azattyk_radiosu
👍8
«Азаттык» радиосу
❗️Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк обьекттерге сокку урганын жарыялады Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк обьекттерге “алдын-алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын жарыялады. Бир катар ирандык жогорку кызматтагы аскер жетекчилери набыт кеткени кабарланууда. АКШнын мамлекеттик катчысы бул операцияга Вашингтондун тиешеси жоктугун билдирди.

@azattyk_radiosu
👏3🤬2
Кыргызстан Ирандагы жарандарын этият болууга чакырды

Израил менен Иран ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырды.

Мекеменин 13-июндагы билдирүүсүндө: "Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат" деп айтылды.

ТИМ өзгөчө кырдаал жаралып калса, консулдук жардам алуу зарыл болсо Ирандагы элчиликтин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылуу керектигин өтүндү.

@azattyk_radiosu
4👍1
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери пара талап кылып, бул мекемени "дискредитация кылганы үчүн" деген негизде иштен алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.

"Акча каражатын алганы менен жарандын маселесин чечип бере алган эмес. Ошол себептүү ал жаран берген каражатты кайтаруусун талап кылганда кайтарып берген эмес. Бул факт боюнча 12-июнда Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен иш козгоду, өзү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык жагдайлар такталгандан кийин кызматкер жумуштан алынды",

- деп айтылды УКМКнын маалыматында.

@azattyk_radiosu
👍7😁2
Жаңылыктар | 13.06.2025 | Ирандын Израилге жообу кандай болот?

📌 Израил Ирандын аймагына сокку уруп, “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы Хоссейн Салами, Ирандын өзөктүк программасы боюнча иштеген кеминде алты окумуштуу набыт болду. Тегеран “катуу жаза” болорун эскертти.

📌 Индиянын Ахмедабад шаарынын жанында болгон авиакырсыктан баш-аягы 265 адам каза тапты. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

📌 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери ишкерден 200 миң доллар алган деген шек менен кармалды.

@azattyk_radiosu
👍3
2025/07/10 22:32:53
Back to Top
HTML Embed Code: