«Азаттык» радиосу
Иран Израилди баллистикалык ракета менен аткылады, Тель-Авивде жарылуунун үндөрү угулду Израилдин аскер жетекчилиги Иран Израилге ондогон баллистикалык ракета атканын билдирди. Жарылуунун үндөрү жана аба сиреналары Иерусалим менен Тель-Авивде угулду. Бир…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Иран Израилге кайрадан сокку урду
Ишембинен кечинде Ирандын ракеталык чабуулу уланды. Бул Израилдин Ирандагы өзөктүк жана аскердик обьекттерди бутага алган операциясы башталгандан берки экинчи чабуул.
Маалыматтарга караганда бул жолу Иран Израилдин түндүгүндөгү Хайфа шаарын бутага алды. Айрым маалымат булактары Иран Хайфадагы портту жана мунай иштетүүчү заводду аткылоону көздөгөнүн жазышты. Жергиликтүү басылмалар ракеталардын бири калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар түзгөн Тамра шаарындагы калктуу аймакка түшкөнүн маалымдашты.
Израил маалымат каражаттары Ирандын чабуулунан 10 чакты адам жараат алганын, бир адам набыт болгонун кабарлашты.
@azattyk_radiosu

❗️Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн
Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илинди. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирди.
Басылманын маалыматында, президент Дональд Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүсүнө тыюу салынуучу же чектелүүчү өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Борбор Азия, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”
Элмира Абдыкалыкова - сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон чоң атасы тууралуу жарым кылым бою эч нерсе айтпай жашырып, коркунуч менен жашаган муундун өкүлү. Чоң атасы Абдыкадыр Орозбеков советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон. https://www.youtube.com/watch?v=KmczIibrChM

YouTube
“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”
Элмира Абдыкалыкова - сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон чоң атасы тууралуу жарым кылым бою эч нерсе айтпай жашырып, коркунуч менен жашаган муундун өкүлү. Чоң атасы Абдыкадыр Орозбеков советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон.
«Азаттык» радиосу
❗️Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илинди. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирди.…
ТИМ АКШ консулунан миграциялык чектөө боюнча түшүндүрмө сурайт
Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандык мигранттарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматка түшүндүрмө берүү үчүн АКШнын элчилигинин консулун чакырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы 15-июнда билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, учурда миграциялык чектөөлөр боюнча АКШдан расмий маалымат түшө элек. Миграциялык чектөөлөр кириши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кантип аныкталары Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп жатканы жазылган.
Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илингеннин Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген.

Жаңылыктар | 16.06.2025 | АКШ кыргыз жарандарына чектөө коёбу?
Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкөнү тынчтык келишимин түзүүгө чакырды.
Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын элчилигинин консулун чакыра турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун бир нече өзгөрүүлөр менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын…

ИИМ маркум Камчы Көлбаевдин иниси кармалганын билдирди
Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Мекеменин 17-июндагы маалыматына ылайык, май айында ИИМге 2009-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчилери Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесин мыйзамсыз бергени тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтин токтомдорунун негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну С.К. аттуу жаранга спорт комплекс салуу үчүн беш гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага бөлүнүп берилген.
Бирок кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулбай калып, айылдын тургундары С.К.дан жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды бөлүп беришин талап кылышкан.

Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал далай адамдарды убактылуу жер которууга аргасыз кылды. Алардын арасында Иранда 11 жылдан бери жашаган, Тегеран университетинин саясат таануу бөлүмүндө докторантурада окуган Жаркын Калыкова да бар. Ал Азербайжан тарапка чыгып баратып, "Азаттыкка" маек курду.
@azattyk_radiosu
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
"Башында уктабай, коркуп жүрдүк".
Тегерандагы чабуулдарга күбө болгон Жаркын

Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал далай адамдарды убактылуу жер которууга аргасыз кылды. Алардын арасында Иранда 11 жылдан бери жашаган, Тегеран университетинин саясат таануу бөлүмүндө докторантурада окуган Жаркын Калыкова да бар. Ал Азербайжан тарапка…
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазды.
Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду. Иран өз кезегинде Израилдин аймагына ракеталарды учурду. Эки өлкөнүн тең карапайым тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аракет кылууда.
@azattyk_radiosu
Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду. Иран өз кезегинде Израилдин аймагына ракеталарды учурду. Эки өлкөнүн тең карапайым тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аракет кылууда.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Медиа: АКШ Иранга каршы чабуулга кошулууну караштырууда
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазды.
«Азаттык» радиосу
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин…
❗️Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 18-июнда үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.
9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Шаардык сот Бокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин камакка алган.
Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактаган.

АКШга студенттик визага тапшыргандардын социалдык тармактары текшерилет
АКШнын университеттеринде окууну каалаган же ишке чакырылган изилдөөчү-окумуштуулардын социалдык тармактары виза берилер алдында текшерилет.
Америкалык консулдук кызматкерлерине тиешелүү тапшырма берилди. Алар “Кошмо Штаттардын жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө, институттарына, мамлекеттин пайдубалын түзгөн принциптерге кастыктын белгилерин” издөө менен алектенет.
Майдын этегинде сөз болгон категорияга визага арыз алуу жана аларды кароо жараяны токтоп, эми кайра жанданууда. (Reuters)

Жаңылыктар | 19.06.2025 | “1-класстагы жээнимди зордукташкан”
📌 Иран менен Израилдин жаңжалы курчуп жатат. Ирандын ракета соккусунан Беэр-Шевдеги оорукана жабыркады. Израилдин авиациясы болсо Ирандын өзөктүк ишканаларына сокку урганын билдирди.
📌 Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктап жүргөнүн баланын жакындары айтып чыкты. Милиция шектүү катары 16 жаштагы өспүрүмдү кармады.
📌 Бишкектеги электрдин жапырт өчүшүнүн себеби айтылды. Энергетика министрлиги чочулоого себеп жок деп ишендирүүдө.

Иран менен Израилдин жаңжалы курчуп жатат. Ирандын ракета соккусунан Беэр-Шевдеги оорукана жабыркады. Израилдин авиациясы болсо Ирандын өзөктүк ишканаларына сокку урганын билдирди.
Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктап жүргөнүн…

❗️Бишкекте тез татымдан уулангандар 24 кишиге жетти
Бишкекте 19-июнда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн тамакка уулангандардын саны 24 кишиге жеткенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев 20-июнда “Азаттыкка” билдирди.
Алардын 12си ооруканага жаткырылып, калганы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.
Лабораториялык текшерүү үчүн жабыркагандардан клиникалык материалдар алынып, изилдөө иштери жүрүүдө.

Түркмөнстан быйыл Иран аркылуу Түркия менен Иракка газ сата баштаган. Иран менен Израилдин жаңжалы коңшу өлкөнүн бул багыттагы экспортуна кандай таасир этет? "Азатлык" радиосу Британиянын Methinks консалтинг компаниясынын энергетикалык коопсуздук боюнча эксперти Жон Робертс менен маектешти.
Түркмөнстан быйыл февралда Түркия менен газ боюнча келишимге кол койгон. Мамлекеттик "Туркменгаз" менен BOTAŞ компанияларынын ортосундагы келишим 1-марттан тартып күчүнө кирген. Ал келишимге ылайык, Иран аркылуу жылына 1,3 миллиард куб метр газ жеткирилиш керек.
@azattyk_radiosu
Түркмөнстан быйыл февралда Түркия менен газ боюнча келишимге кол койгон. Мамлекеттик "Туркменгаз" менен BOTAŞ компанияларынын ортосундагы келишим 1-марттан тартып күчүнө кирген. Ал келишимге ылайык, Иран аркылуу жылына 1,3 миллиард куб метр газ жеткирилиш керек.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Жакынкы Чыгыш: Түркмөнстан газын Иран аркылуу экспорттой алабы?
Түркмөнстан быйыл Иран аркылуу Түркия менен Иракка газ сата баштаган. Иран менен Израилдин жаңжалы коңшу өлкөнүн бул багыттагы экспортуна кандай таасир этет? "Азатлык" радиосу Британиянын Methinks консалтинг компаниясынын энергетикалык коопсуздук боюнча эксперти…
Жаңылыктар | 20.06.2025 | Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты
📌 АКШ Иранга каршы сокку уруу же согушка аралашпоо чечимин эки апта ичинде кабыл алат. Иран болсо Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүдөн баш тартты.
📌 Ал тапта Орусия Украинанын Одесса шаарына дрондон чабуул жасады. Бир нече имараттар, темир жол вокзалы зыян тартты.
📌 Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак-жайдын баасы 30 пайызга кымбаттады. Курулуш министрлиги муну борбордо жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдарынын кымбаттаганы менен байланыштырууда.

АКШ Иранга каршы сокку уруу же согушка аралашпоо чечимин эки апта ичинде кабыл алат. Иран болсо Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүдөн баш тартты.
Ал тапта Орусия Украинанын Одесса шаарына дрондон чабуул жасады. Бир нече имараттар, темир жол вокзалы зыян тартты.…

Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга өстү. Курулуш министрлиги борбор калаадагы үйлөрдүн кымбатташын жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасынын жогорулашы менен байланыштырууда.
Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн баасынын айынан Бишкек эң кымбат шаарлардын катарына киргени да айтылды. https://www.azattyk.org/a/33450018.html

"Бир бөлмөлүү батир 60 миң доллардан башталат". Бишкекте үйдүн баасы эмнеге өстү?
Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга өстү. Курулуш министрлиги борбор калаадагы үйлөрдүн кымбатташын жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасынын жогорулашы менен байланыштырууда.
Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн…
Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн…
АКШ Кыргызстанды миграциялык чектөөлөр салынган өлкөлөрдүн катарына киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу өткөн аптада америкалык The Washington Post басылмасы Мамлекеттик департаменттин ички каттарына таянып жазып чыккан.
Бул маалымат жарыяланган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттар менен бул жагдайды тактап жатканын билдирүүдө. Бирок кыргыз дипломатиялык мекемеси АКШда виза талабын бузган кыргыз жарандары көбөйгөнүн билдирип, мыйзамды так сактоого чакырды.
АКШнын соңку ыктымал чечимдери эмнеге байланыштуу? Эми кыргыз жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгү канчалык чектелиши мүмкүн? «Азаттык» бул маселе боюнча АКШдагы кыргызстандык юрист Айзада Марат кызы менен маектешти. https://www.youtube.com/watch?v=dJ4Mi-5ok0U&t=10s

АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.
“Бомбалардын толук топтому негизги объект – Фордого ташталды”, - деп Трамп Truth Social баракчасына жазды.
Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, АКШ Иранга сокку урууга камынып жатканын Израилге алдын ала билдирген. Израилдик жогорку кызмат адамы басылмага бул соккулар үчүн B-2 бомбалоочу учактары колдонулганын айткан.
https://www.azattyk.org/a/33450585.html

АКШ Ирандын өзөктүк үч объектисине сокку урду