Telegram Web Link
Жаңылыктар | 26.06.2025 | Газадагы чабуул 80 адамдын өмүрүн алды

📌 Соңку күндөрү Газа тилкесиндеги чабуулдар ондогон адамдын өмүрүн алды. Иран ок атышпоо жөнүндө макулдашкан cоң Израил армиясы тилкеге кайрадан көбүрөөк көңүл бурарын билдирүүдө.

📌 Камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соту кайрадан жылып калды. Бул жолу да анын ишин иликтеген эксперт сотко келбей койду. Журналисттин жакындары Мамыркулованы эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

📌 Апрелде Стабул аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кыргыз бийлигинен көмөк сурады.
👍3
Кыргызстанда соңку апталарда "элге адал деп таанылган “Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыгыптыр" деген маалымат талкууга туштү. Бул анын айланасындагы ушундай чуунун 2023-жылдан бери экинчи жолу кайталанышы. Компания муну четке какты.

Адал азык рыногундагы мындай окуялардын кайталанышына эмне себеп?

“Адал Азык” компаниясы анын “Тойбосс” колбасалары ондогон көз карандысыз лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, баарында тең “тыюу салынган кошулмалар табылбаганын”, “чочконун ДНКсы жоктугун” жана “курамы толугу менен адал стандарттарына туура келерин” билдирди. Жарыяланган документтерге караганда, текшерүүлөр Казакстандагы аккредитациядан өткөн “Еркин талгам” сыноо лабораториясында жүргүзүлгөн.

@azattyk_radiosu
👍51
Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шек саналып төрт адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар деген шек менен төрт адам (Д.Л.К., Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул ишке “Барон” каймана аты менен белгилүү болгон цыган улутундагы Д.Л.К. жана анын жакындары катышкан. Мекеме ал баңги затын Чүй облусунан Казакстанга жана Орусияга ташуу менен да алектенгени аныкталганын кошумчалады.

@azattyk_radiosu
👍71
«Азаттык» радиосу
Президенттин Нарындагы өкүлү Токмок шаарына мэр болуп дайындалды Президент Садыр Жапаров 25-июнда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, Токмок шаарынын мэри кылып дайындады. 25-июнда Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри…
Нурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

41 жаштагы Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп иштеген. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, 2024-жылы президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.

25-июнда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кызматтан бошотулуп, Чүйдүн Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.

@azattyk_radiosu
👍61
Ысык-Атадагы Такыр-Төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын саат 17:42ге карата берген маалыматына ылайык, Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташыган.

Учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо иши жүрүп жатат. Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүндө жашагандарды коопсуз жайга чыгарышты.

Министрликтин билдирүүсүндө, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер дрон менен Такыр-Төр көлүндөгү абалды тактоо жана суунун агымын көрүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантып келген.

@azattyk_radiosu
😱2
Жаңылыктар | 27.06.2025 | Иран-Израил жаңжалында ким утту?

📌 Израил менен Иран ок атышууну токтоткону менен маалымат согушу токтой элек. Тараптар бири-бирин жеңдик деп жарыялады.

📌 Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо ишин жүргүзүүдө.

📌 Ошто көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бузулган турак-жайлардын ээлерине кытайлык компания үй куруп берет. Ал үчүн чет өлкөлүк компанияга 20 гектар жер бөлүнөт.

📌 Бишкектин негизги аянттарында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугу бузулуп жатканын эскертип келишет.

@azattyk_radiosu
Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн үстү жагында Такыр-Төр көлү мөңгүнүн эришинен улам толуп, жырылганы 27-июнда кабарланды.
Суу ылдый карай агып жөнөгөндө Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек-Бий айылынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган.
https://www.azattyk.org/a/egin-sel-astynda-kaldy-takyr-tor-kolun-zhyrgan-ysyk/33457702.html
"Апрель" телеканалынын ишмердиги токтошу мүмкүн экени айтылды. Анда иштеген журналисттер Телеграм-каналы аркылуу көрүүчүлөрүнө кайрылуу жасашты.
Журналисттер июль айынан тарта эмгек өргүүсүнө кетип жатканын билдиришти. Алар мындай кадамга учурдагы жүрүп жаткан сот жараяндары себеп экенин белгилешкен. Редакциянын жааматы телеканалдын ишмердиги мындан ары уланарына ишеним артпай турганын ачык айтышкан.
https://www.azattyk.org/a/sarkazm-menen-sueyloeshoet-aprel-ishin-toktotobu-/33457048.html
Азаттык: Кечки радио эфир | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керек

Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан. https://www.youtube.com/watch?v=bQF6JyYxSkQ
4
Трамп Орусияга санкцияларды катаалдаштырууну колдогону белгилүү болду

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкция салуу үчүн жаңы мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору, республикачы сенатор Линдси Грэм ABC телеканалына курган маегинде билдирди.

“Кечээ президент менен гольф ойноп жатканыбызда, ал биринчи жолу бул мыйзамды жылдырууга убакыт келгенин айтты”,

- деди Грэм. Анын айтымында, сенаторлор Трампка Орусиянын президенти Владимир Путинди Украина менен сүйлөшүүгө аргасыз кылган “курал” берип жатышат.

Грэм ошондой эле мыйзам долбоорунда каралган механизмдерди түшүндүрүп берди. Эгер кайсы бир өлкө Орусиядан товар сатып алууну улантып, Украинага жардам көрсөтпөй жаткан болсо, анын АКШга экспорту үчүн бажы төлөмү 500% өсөт. Буга мисал катары сенатор Индия менен Кытайды келтирип, алар Орусиядан энергетикалык ресурстарды сатып алуу менен ал өлкөнүн коргонуу тармагын колдоп жатканын айтты.

@azattyk_radiosu
👍42
Бишкектин вице-мэри Байгазиев пара алууга шектелип кармалды

Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиев опузалап пара талап кылууга шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, Байгазиев мурда алган 35 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттаын бир бөлүгүн кайтарып берип жатканда кармалган.

“Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат”

, – деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Байгазиев атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

@azattyk_radiosu
2👍1
Ташиев издөөдөгү экс-депутат Канатбек Исаевдин уулу коопсуздук системасынан бошотулганын билдирди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Канатбек Исаевдин кылмышка шек саналганы үчүн уулу коопсуздук системасынын катарынан бошотулганын билдирди.

Бул тууралуу Ташиев Чаткалдагы УКМКнын райондук бөлүмүнүн имаратын ачуу аземинде билдирди. Ал ар бир жаран кылган кылмышы үчүн мыйзам алында жооп бериши керектигин белгилеп, буга мисал катары Исаевдин ишин келтирген.

“Канат Исаев деген мурдагы депутат жигитти билесиңер. Ал кылмыш кылып, учурда качып жүрөт. Сотко келе албай качып жүрөт, ага издөө жарыяланды. Биз эмне кылдык? Анын ФСБнын академиясын бүтүп жаткан баласы диплом алыш керек эле. Жакында бүтүрүүчүлөргө алгачкы аскердик чиндерди беребиз. Исаевдин баласын жумуштан бошоттук. Ал (Исаев-ред) баласынын келечегине балта чапты. Мына ушундай нерселер болбош керек. Мындай болбош үчүн ар бирибиз мыйзам алдында жооп беришибиз керек",

- деди УКМК төрагасы.

@azattyk_radiosu
😁32
Жаңылыктар | 30.06.2025 | Такыр-Төр көлү жырылды: Эл үйүнө кайта элек

📌 Орусия Украинанын аймактарына акыркы түнү 100дөн ашык дрон учурду. Бир катар адамдар жаракат алып, Николаев облусунда бир киши набыт болду.

📌 Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы 8,5 жылга абакка кесүүнү сурады. Эркин журналист коюлган айыпты четке кагып келет.

📌 Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, 900дөн ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Тургундар азырынча толук үйлөрүнө кайта элек.
Машинени камсыздандыруу: Айдоочуларга 1-сентябрга чейин “өткөөл мөөнөт” берилди

1-июлга чейин автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга 1-сентябрга чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дүйшөмбү күнү билдирди.

“Бул өткөөл мөөнөт түрдүү себептерден улам транспорттук каражатын 1-июлга чейин камсыздандырууга үлгүрбөй калгандар үчүн каралган”,

- деп айтылат расмий билдирүүдө.

@azattyk_radiosu
🤡5👍31
«Азаттык» радиосу
"Такыр-Төр көлүнүн кайра жырылып кетүү коркунучу бар"
‼️Такыр-Төрдөн аккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-июлда эртең менен Такыр-Төр көлүнөн агып чыккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмалуу айлынан 500, Кебек-Бийден (Тоолуу-Серафимовка) 240, Төмөнкү Серафимовка айылда жайгашкан карылар үйүнөн 42 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Карылар үйүндөгү жарандарды Тез жардам менен коопсуз жайга чыгаруу иши уланууда.

@azattyk_radiosu
👍21
Журналист Канат Каниметов "Апрелдин" иши боюнча УКМКга суракка чакырылды

Журналист Канат Каниметов мурдагы иштеген мекемеси – “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

“Ал жактан кеткенине көп болгон мурдагы кызматкермин. Азыр мурда иштеген мекеме менен эч кандай байланышым жок”, - деп жазды Каниметов.

Анын белгилешинче, “Апрель” менен кызматташтыгы 2 жыл 8 ай мурда токтогон.

Канат Каниметов 2022-жылдан бери “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоорунда иштейт.

@azattyk_radiosu
😱31
АКШ: Мыйзамсыз курал сатууга айыпталган кыргызстандык Жарновников күнөөсүн мойнуна алды

25-июнда Бруклиндин федералдык сотунда кыргызстандык Сергей Жарновников мыйзамсыз курал сатууга аралашканын мойнуна алды. Расмий маалыматта айтылгандай, ал америкалык өндүрүштөн чыккан 1,6 миллион долларлык ок атуучу курал-жаракты АКШдан Орусияга мыйзамсыз экспорттогон деп айыпталган. Сот аны 20 жылга чейин абакка кесиши мүмкүн.

Соттук материалдарда Жарновников Бишкекте курал-жарак саткан компаниянын ээси экени белгиленет. 2022-жылдын мартынан тарта башка шериктери менен АКШнын Соода министрлигинин көзөмөлүндө турган курал-жаракты Орусияга саткан кутум ишке аралашкан. Ал 1 582 836,52 долларлык курал-жабдыкты мыйзамсыз эскпорттогон.

@azattyk_radiosu
5
🇦🇿🇷🇺 Баку менен Москва ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде эки адам кармалган.

Азербайжан ошондой эле Орусиянын бардык маданий иш-чараларын токтотууну чечти. Мындай дипломатиялык араздашууга Екатеринбургда теги азери жарандарынын кармалышы жана бул окуянын адам өлүмү менен коштолгону май тамызды. Баку - Москванын алакалары буга чейин эле солгундай түшкөн.

@azattyk_radiosu
👍3😁2
Трамп Израил Газада эки айлык тынчтык келишимине макул болгонун билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Израил Вашингтондун өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин Газада эки айга ок атышууну токтотуу боюнча шартка макул болгонун жазды.

“Бүгүн менин өкүлдөрүм Израил тарап менен Газа боюнча узак жана жемиштүү сүйлөшүү өткөрүштү. Израил бардык тараптар менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз үчүн 60 күндүк тынчтык келишимине макул болду”,

- деп Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

Трамп тынчтыкты орнотууга жардам берүү үчүн көп күч жумшаганын жана “бул акыркы сунушту ХАМАСка жеткиришет” деп кошумчалады.

Израилдин Газадагы чабуулдары АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.

@azattyk_radiosu
👍31
2025/07/08 23:30:54
Back to Top
HTML Embed Code: