Telegram Web Link
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге нааразы экенин кайталап, Москвага каршы олуттуу санкция киргизүү ыктымалдыгы каралып жатканын билдирди.

Бишкектеги Улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар билим алып жаткандардын катарында болгону менен окууга келбей эле жүрүшкөнүн кабарлады.

АКШ бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартты. Буга чейин кыргыз жарандары он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми анын мөөнөтү үч айга түштү.

https://www.youtube.com/watch?v=Qigl2GxXqP8
1
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.

Ал күндөр эл арасында “Каргашалуу” же "Кара июль" деген ат менен эсте калды. Ооруканаларга киши батпай, дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору тартыш болуп, өлүм-житим көбөйгөн.

Пандемияда алдыңкы тилкеде вирус менен күрөшкөн дарыгерлер арасында дагы чоң жоготуу болгон. Андан бери беш жыл өтүп, каргашалуу күндөр кыйла унутулуп кетти. Бирок ал күндөр дарыгерлердин эс-тутумундагы өчпөгөн кара так бойдон калды.

“Данисте” бул жолу пандемия курчуганда вирус менен күрөшкөн каарман дарыгерлер тууралуу айтып берет.
1
Ташиев Салык кызматынын экс-төрагасынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганын айтты

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.

"Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык үй-мүлкү, байлыгы такталды. Мына, Салык кызматынын жетекчиси болгон. Силер болсо "бир тыйын албайбыз" деп айтып жатасыңар. Абдувапов Салык кзыматында 10 жылдан ашык убакыт иштейт. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына кызматкерлер айтып жатат, "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайры чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт",

- деген Ташиев.
Бл билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий бере элек. https://www.azattyk.org/a/33470168.html
4
ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартканына байланыштуу комментарий берди. Анда мындай чечим расмий Бишкекке алдын ала маалымат берилбестен кабыл алынганын кабарлады. Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу болорун, анда чектөөлөрдү жумшартуу чаралары талкууланарын маалымдады.

"АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык. ушул жумадан тартып кыргыз жарандарына АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилди. Мындай чаралар америка тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат. Ушуга байланыштуу жакында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугат. Анда чектөөлөрдү киргизүү себептери, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот. https://www.azattyk.org/a/33470183.html
3
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Элчиликтин башкы консулу Бакыт Асаналиев 10-июлда кыргызстандыктарга кайрылып, реестрден Орусиянын аймагынан чыкпай туруп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
https://smarturl.click/zdG1n
2
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топко Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Ал эми бул демилгени ишке ашырууга жооптуу делген “Евразия” деп аталган уюм бир нече жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагына кызуу аралаша баштаган. Алар Бишкектин жогору жагына парк да салып жатышат. Орусия каржылаган бул уюмдун Кыргызстанда активдешип жатышы кызуу талкууланып, Кремлдин кезектеги саясаты катары сыпатталып жатат.
🤮2
Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады

Ош шаарында 10-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Мэрия суу каптаган көчөлөрдү шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев кыдырып чыкканын, кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам тапшырмаларды бергенин билдирди.
Азырынча зыян-чыгым тууралуу толук маалымат бериле элек.
Социалдык тармактарда жаңы муниципалдык базардын чатырынан суу агып, базарды каптаганы, буга айрым соодагерлер нааразы болуп жатканы тартылган видеолор тарады. Мэрия бул дооматтарга азырынча жооп бере элек.

Ушул айдын башында бул жаңы базарга шаардагы бир катар ири базарлар көчүрүлө баштаган жана жаңы жайдын сапатына байланыштуу буга чейин дагы нааразылыктар айтылып келген.

Ошто былтыр жайында дагы катуу жааган жаандан улам бир канча жолу сел жүргөн жана кырсыкта адам өлүмү менен коштолгон окуялар орун алган. https://www.azattyk.org/a/33470475.html
Бишкектен 34 гектар жер бөлүндү. Батыш автобекетин кура турган инвестор ким?

Министрлер кабинети турак жай жана коммерциялык курулуштар үчүн "Инвест Кей Жи Холдинг" компаниясына Бишкектен 34 гектар жер тилкесин берүү чечимин чыгарды. Анын 2,2 гектар жери мурдагы Батыш автобекети.

Автобекеттин имараты ретроавтоунаалар үчүн музей болору айтылган. 27 гектар жер тилкеси "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" парктарынан бериле турган болгон. Бул эмне болгон компания жана ага берилип жаткан жер тилкелери тууралуу айтып беребиз.
Кененирээк макаладан окуңуз: ↩️
https://smarturl.click/Axjyg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Ош шаарында 10-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Мэрия суу каптаган көчөлөрдү шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев кыдырып чыкканын, кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам тапшырмаларды бергенин билдирди.

Азырынча зыян-чыгым тууралуу толук маалымат бериле элек.

Социалдык тармактарда жаңы муниципалдык базардын чатырынан суу агып, базарды каптаганы, буга айрым соодагерлер нааразы болуп жатканы тартылган видеолор тарады. Мэрия бул дооматтарга азырынча жооп бере элек.

Ушул айдын башында бул жаңы базарга шаардагы бир катар ири базарлар көчүрүлө баштаган жана жаңы жайдын сапатына байланыштуу буга чейин дагы нааразылыктар айтылып келген.

Ошто былтыр жайында дагы катуу жааган жаандан улам бир канча жолу сел жүргөн жана кырсыкта адам өлүмү менен коштолгон окуялар орун алган.

#ош #сел #кыргызстан #жаңылыктар
4
Жаңылыктар | 10.07.2025 | Ошто жаңы базарды сел каптады

• Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады.
• Тоолуу Карабак үчүн 30 жылдан ашык кармашкан Азербайджан менен Армения тынчтык келишиминин текстин макулдашканы менен документке кол коюла элек. Абу-Дабиде Илхам Алиев менен Никол Пашиняндын кездешүүсү башталды.
• АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартты. Тышкы иштер министрлиги жагдайга тынчсызданып, чектөөлөрдүн себеби, жумшартуу жолдору талкууланарын билдирди. https://www.youtube.com/watch?v=hHWdve0rY7E
Коңшу өлкөдөгү ооган диаспорасы ооганстандык качкындар "15 күндүн ичинде Тажикстандан чыгып кетиши керек" деген каңшаардан улам чочулап турат. "Аму" баштаган ооган медиасы соңку маалда расмий уруксаты бардыгына карабай ооган качкындарын кармап, мекенине күчтөп жиберүү күчөгөнүн кабарлады.
👎1
Бажы кызматынын кадрлар резервине тапшыргандардын 82,2 % үчүнчү турга өтпөй калды

Бажы кызматынын кадрлар резервине кирүүгө арыз тапшырган талапкерлердин 82,2% сынактын үчүнчү айлампага жетпей кулап калды. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, биринчи этапка жалпы 382 талапкер катышып, дене тарбия даярдыгы текшерилген жана андан 213ү ийгиликтүү өткөн. Сынактын экинчи этабында компьютердик тестирлөө болгон.

"Тестирлөө 8-9-июль күндөрү өткөрүлдү. 60 мүнөттүн ичинде талапкерлер 100 суроого жооп берип, кеминде 75% туура жооп алышы керек эле. Жыйынтыгында, үчүнчү турга 68 адам өттү. Тестирлөөгө өз алдынча даярдануу үчүн суроолор Бажы кызматынын расмий сайтында алдын ала жарыяланган. Жыйыныктоочу этап 10-11-июлда болот. Кадрлар резервине өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат. Сынактын бардык айлампасы видеого тартылып, онлайн көрсөтүлдү",-деп жазылган маалыматта. https://www.azattyk.org/a/33471252.html
3
Бээжинде Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун куруу маселеси талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 10-июлда Бээжинде кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети аркылуу өтчү Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, ага Кытайдагы тиешелүү мамлекеттик органдардын, корпорациялардын өкүлдөрү катышты. "Бакыт Төрөбаев бул жол курулса, Кытайдан Кыргызстанга чейинки жол 507 чакырымга кыскарып, 10 сааттан ашык убакыт үнөмдөлөрүн айтты. Бул чыгымы жана түйшүгү аз, ошондой эле түз, ылдамыраак каттам болоорун билдирди. Учурда кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, тиешелүү кытайлык мамлекеттик органдарды тыгыз иштешүүгө чакырды",- деп жазылган маалыматта.

Кытай тарап бул сунушка кандай жооп кайтарганы тууралуу маалымат берилген жок. https://www.azattyk.org/a/33471244.html
1
Элчилик Орусияда "кирди-чыкты" жолу менен реестрден чыгуу мүмкүн эместигин эскертти

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Элчиликтин башкы консулу Бакыт Асаналиев 10-июлда кыргызстандыктарга кайрылып, реестрден Орусиянын аймагынан чыкпай туруп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Орусиянын аймагынан чыгып, кайра кирүү жолу менен укуктук абалды мыйзамдаштырууга болбойт. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайра кирүүгө чектөө коюлат. Орусиянын аймагында калып, мындан ары иштейм дегендер өлкөдөн чыкпай туруп 10-сентябрга чейин аймактык полиция бөлүмдөрүнө кайрылып, документтерин тууралап, тийиштүү арыз менен кайрылып, айып пулдары болсо төлөп, реестрден чыкса болот. Эгер элчиликтин же миграциялык өкүлчүлүктүк атынан тизме түзүп же акчага чыгарып берүү тууралуу ортомчулук кызматтарды сунуштаса, ага ишенбегиле. Ал туура эмес маалымат. Акча менен реестрден чыгаруу мүмкүн эмес жана бул мыйзамсыз. Тизмеден чыгуунун бир жолу жарандардын эч кандай карызы болбошу керек. Бул негизги шарт".
https://smarturl.click/zdG1n
Садыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 11-июлда "Укук бузуулар жөнүндөгү" кодекске өзгөртүү киргизүү мыйзамына кол койду. Ага ылайык, бул документ 1093-берене менен толукталды.

Ага ылайык, жалган маалымат таратууга айыптуу деп табылган жарандарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернетти пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратса, эгер бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, анда айып пул салынат. Өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдорду ички иштер органдары түзөт, иш сотто каралат", - деп жазылган президенттик администрация тараткан маалыматта. https://www.azattyk.org/a/33471391.html
5
Кечки радио эфир | 11.07.2025 | Украина: бир күндө согуш тилкесинде 200дөн ашуун кармаш катталды

Соңку бир сутка ичинде Украинадагы согуш тилкесинде орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. Украин куралдуу күчтөрү жума күнү билдиргендей, салгылашуулардын жарымы Донецк облусундагы Покровск жана Новопавловка аймактарында болду. Украин армиясы Покровск багытында алтымышка чукул чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады. Жалпысынан согуш тилкелеринде 5500дөн ашык аткылоолор болду. Алардын үчтөн экисинен көбүндө камикадзе-дрондор колдонулган. https://www.youtube.com/live/22xQkGY79bs
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Пандемия курчуганда вирус менен күрөшкөн каарман дарыгерлер тууралуу Азаттыктын “Данисте” берүүсүн толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз https://www.youtube.com/watch?v=352Lj9MJtJs&t=12s
1
Украинадагы согуш тилкесинде cоңку бир суткада орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды.
АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Орусия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтты.

Орусияда балдары орус тилинен сынактан өтпөгөн мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу сунушу талкууланууда. Кыргызстан балдарды онлайн окуутуу жолун караштырууда.

Президент жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду. Эми айыптуу деп табылган жарандар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом төлөйт.
1
Дүйнөдө кино көрөрмандар түштүк кореялык “Кальмар оюндары” тасмасынын үчүнчү сезону тууралуу кызуу сөз кылып жаткан чакта, кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды.
Режиссер менен бул темада кеңири маек курдук.
https://www.azattyk.org/a/33469406.html
2025/07/12 19:58:18
Back to Top
HTML Embed Code: