Кыргызстанда соңку апталарда "элге адал деп таанылган “Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыгыптыр" деген маалымат талкууга туштү. Бул анын айланасындагы ушундай чуунун 2023-жылдан бери экинчи жолу кайталанышы. Компания муну четке какты.
Адал азык рыногундагы мындай окуялардын кайталанышына эмне себеп?
“Адал Азык” компаниясы анын “Тойбосс” колбасалары ондогон көз карандысыз лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, баарында тең “тыюу салынган кошулмалар табылбаганын”, “чочконун ДНКсы жоктугун” жана “курамы толугу менен адал стандарттарына туура келерин” билдирди. Жарыяланган документтерге караганда, текшерүүлөр Казакстандагы аккредитациядан өткөн “Еркин талгам” сыноо лабораториясында жүргүзүлгөн.
@azattyk_radiosu

Азаттык Υналгысы
"Тойбосс": Чуу жараткан маалымат, компаниянын жообу
Кыргызстанда соңку апталарда "элге адал деп таанылган “Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыгыптыр" деген маалымат талкууга туштү. Бул анын айланасындагы ушундай чуунун 2023-жылдан бери экинчи жолу кайталанышы. Компания муну четке какты.
Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шек саналып төрт адам кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар деген шек менен төрт адам (Д.Л.К., Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю.) кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул ишке “Барон” каймана аты менен белгилүү болгон цыган улутундагы Д.Л.К. жана анын жакындары катышкан. Мекеме ал баңги затын Чүй облусунан Казакстанга жана Орусияга ташуу менен да алектенгени аныкталганын кошумчалады.

«Азаттык» радиосу
Президенттин Нарындагы өкүлү Токмок шаарына мэр болуп дайындалды Президент Садыр Жапаров 25-июнда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, Токмок шаарынын мэри кылып дайындады. 25-июнда Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри…
Нурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды
Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
41 жаштагы Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп иштеген. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, 2024-жылы президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.
25-июнда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кызматтан бошотулуп, Чүйдүн Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.

Ысык-Атадагы Такыр-Төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын саат 17:42ге карата берген маалыматына ылайык, Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташыган.
Учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо иши жүрүп жатат. Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүндө жашагандарды коопсуз жайга чыгарышты.
Министрликтин билдирүүсүндө, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер дрон менен Такыр-Төр көлүндөгү абалды тактоо жана суунун агымын көрүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантып келген.

Жаңылыктар | 27.06.2025 | Иран-Израил жаңжалында ким утту?
📌 Израил менен Иран ок атышууну токтоткону менен маалымат согушу токтой элек. Тараптар бири-бирин жеңдик деп жарыялады.
📌 Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо ишин жүргүзүүдө.
📌 Ошто көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бузулган турак-жайлардын ээлерине кытайлык компания үй куруп берет. Ал үчүн чет өлкөлүк компанияга 20 гектар жер бөлүнөт.
📌 Бишкектин негизги аянттарында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугу бузулуп жатканын эскертип келишет.

YouTube
Жаңылыктар | 27.06.2025 | Иран-Израил жаңжалында ким утту?
Израил менен Иран ок атышууну токтоткону менен маалымат согушу токтой элек. Тараптар бири-бирин жеңдик деп жарыялады.
Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда Алмалуу…

Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн үстү жагында Такыр-Төр көлү мөңгүнүн эришинен улам толуп, жырылганы 27-июнда кабарланды.
Суу ылдый карай агып жөнөгөндө Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек-Бий айылынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган.
https://www.azattyk.org/a/egin-sel-astynda-kaldy-takyr-tor-kolun-zhyrgan-ysyk/33457702.html

"Эгинди ылай басты". Такыр-Төр жырылгандан кийинки абал
Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.
"Апрель" телеканалынын ишмердиги токтошу мүмкүн экени айтылды. Анда иштеген журналисттер Телеграм-каналы аркылуу көрүүчүлөрүнө кайрылуу жасашты.
Журналисттер июль айынан тарта эмгек өргүүсүнө кетип жатканын билдиришти. Алар мындай кадамга учурдагы жүрүп жаткан сот жараяндары себеп экенин белгилешкен. Редакциянын жааматы телеканалдын ишмердиги мындан ары уланарына ишеним артпай турганын ачык айтышкан.
https://www.azattyk.org/a/sarkazm-menen-sueyloeshoet-aprel-ishin-toktotobu-/33457048.html

"Сарказм менен сүйлөшөт". "Апрель" ишин токтотобу?
"Апрель" телеканалынын ишмердиги токтошу мүмкүн экени айтылды. Анда иштеген журналисттер Телеграм-каналы аркылуу көрүүчүлөрүнө кайрылуу жасашты.
Азаттык: Кечки радио эфир | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керек
Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан. https://www.youtube.com/watch?v=bQF6JyYxSkQ

Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор,…
«Азаттык» радиосу
Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Такыр-Төр көлүнүн кайра жырылып кетүү коркунучу бар"
Жаңылыктар | 30.06.2025 | Такыр-Төр көлү жырылды: Эл үйүнө кайта элек
📌 Орусия Украинанын аймактарына акыркы түнү 100дөн ашык дрон учурду. Бир катар адамдар жаракат алып, Николаев облусунда бир киши набыт болду.
📌 Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы 8,5 жылга абакка кесүүнү сурады. Эркин журналист коюлган айыпты четке кагып келет.
📌 Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, 900дөн ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Тургундар азырынча толук үйлөрүнө кайта элек.

Орусия Украинанын аймактарына акыркы түнү 100дөн ашык дрон учурду. Бир катар адамдар жаракат алып, Николаев облусунда бир киши набыт болду.
Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы 8,5 жылга абакка кесүүнү сурады. Эркин журналист коюлган айыпты четке кагып…
Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы 8,5 жылга абакка кесүүнү сурады. Эркин журналист коюлган айыпты четке кагып…
«Азаттык» радиосу
"Такыр-Төр көлүнүн кайра жырылып кетүү коркунучу бар"
‼️Такыр-Төрдөн аккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-июлда эртең менен Такыр-Төр көлүнөн агып чыккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмалуу айлынан 500, Кебек-Бийден (Тоолуу-Серафимовка) 240, Төмөнкү Серафимовка айылда жайгашкан карылар үйүнөн 42 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.
Карылар үйүндөгү жарандарды Тез жардам менен коопсуз жайга чыгаруу иши уланууда.

Журналист Канат Каниметов "Апрелдин" иши боюнча УКМКга суракка чакырылды
Журналист Канат Каниметов мурдагы иштеген мекемеси – “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.
“Ал жактан кеткенине көп болгон мурдагы кызматкермин. Азыр мурда иштеген мекеме менен эч кандай байланышым жок”, - деп жазды Каниметов.
Анын белгилешинче, “Апрель” менен кызматташтыгы 2 жыл 8 ай мурда токтогон.
Канат Каниметов 2022-жылдан бери “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоорунда иштейт.

АКШ: Мыйзамсыз курал сатууга айыпталган кыргызстандык Жарновников күнөөсүн мойнуна алды
25-июнда Бруклиндин федералдык сотунда кыргызстандык Сергей Жарновников мыйзамсыз курал сатууга аралашканын мойнуна алды. Расмий маалыматта айтылгандай, ал америкалык өндүрүштөн чыккан 1,6 миллион долларлык ок атуучу курал-жаракты АКШдан Орусияга мыйзамсыз экспорттогон деп айыпталган. Сот аны 20 жылга чейин абакка кесиши мүмкүн.
Соттук материалдарда Жарновников Бишкекте курал-жарак саткан компаниянын ээси экени белгиленет. 2022-жылдын мартынан тарта башка шериктери менен АКШнын Соода министрлигинин көзөмөлүндө турган курал-жаракты Орусияга саткан кутум ишке аралашкан. Ал 1 582 836,52 долларлык курал-жабдыкты мыйзамсыз эскпорттогон.

🇦🇿🇷🇺 Баку менен Москва ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде эки адам кармалган.
Азербайжан ошондой эле Орусиянын бардык маданий иш-чараларын токтотууну чечти. Мындай дипломатиялык араздашууга Екатеринбургда теги азери жарандарынын кармалышы жана бул окуянын адам өлүмү менен коштолгону май тамызды. Баку - Москванын алакалары буга чейин эле солгундай түшкөн.

Бакунун нааразылыгы, Кремлдин өкүнүчү. Азербайжан Орусиядан оолактайбы?
Баку менен Москва ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде эки адам кармалган.
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн берүүнү токтоткону кабарланган.
Маалыматтарга ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды.
Буга чейин Батыш өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү максатында Украинага багытталган айрым гуманитардык программаларын да кыскартары белгилүү болгон.
@azattyk_radiosu
Маалыматтарга ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды.
Буга чейин Батыш өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү максатында Украинага багытталган айрым гуманитардык программаларын да кыскартары белгилүү болгон.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
"Абадан коргонуу тармагы колдоосуз калат". Украиналыктар АКШ курал бербейт деген кабарга кабатыр
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн…