БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫМДАР U-17 КУРАМА КОМАНДАСЫ АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДОО ОЮНДАРЫНДА ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КЕЗ КЕЛЕТ
Бүгүн, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын U-17 айымдар курама командасынын катышуусунда 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында Өзбекстан курама командасы менен кез келет. Эске салсак, биздин U-17 айымдар курама командасы «G» тайпасында Индия жана Өзбекстандын курамалары менен бирге жайгашкан. Тандоо оюндарындагы курамабыздын буга чейинки беттеште Индиядан жеңилүү ызаасын тарткан (1-2).
Бүгүнкү беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алып, саат 19:00до башталат.
Беттеш алдында күйөрмандар үчүн атайын шоу программа жана концерттик кече уюштурулат. Концерттик программа саат 18:00дө башталат.
Эске салсак, тандап алуу баскычына жалпысынан 27 курама катышып, алар 8 тайпага бөлүнгөн. 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 30 апрелинен 17-майына чейин Кытайда өтөт, ага жалпысынан 12 курама команда жолдомо алат.
Бүгүнкү оюндун түз алып берүүсү Kyrgyz Sport TV жана УТРК Спорт каналдарында жеткиликтүү болот. Стадионго кирүү акысыз kassir.kg сайтындагы билеттер менен.
#kfu_kgz