Telegram Web Link
МЕЛДЕШ АЛДЫНДАГЫ БИЛДИРҮҮ

Бүгүн, 24-октябрь күнү Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старты алкагында «С» тайпасынын мелдеш алдындагы пресс-жыйыны өттү.

Эске салсак, «Мурас Юнайтед» клубу «С» тайпасында Регар-Тадаз (Тажикстан), Сафа (Ливан) жана Аль-Араби (Кувейт) клубдары менен күч сынашат.

Пресс-жыйында ата мекендик клубдун өкүлдөрү медиа өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

🔻 Сергей Пучков – «Мурас Юнайтед» футбол клубунун башкы машыктыруучусу:

«Мелдешке даярдык пландуу жүрдү. Бул мелдеште ички чемпионатка салыштырмалуу башка деңгээлде ойногон командалар келет, андыктан ага болгон күчүбүздү жумшайбыз. Тайпа атаандаштардын буга чейинки оюндарын анализдөөгө да жетиштик.

Биз турнирдин кожоюндары катары күйөрмандардын ишеничин актоо үчүн жакшы даражадагы оюндарды көрсөтүшүбүз зарыл»

-

🔻 Андрей Бацула - «Мурас Юнайтед» футбол клубунунун оюнчусу:

«Бизде ички чемпионатта оюндар абдан интенсивдүү өткөндүктөн, физикалык жактан бул мелдешке даярдыгыбыз эң жакшы деп эсептейм. Бул мелдеш биз үчүн абдан маанилүү, андыктан ар бир оюндун жыйынтыгы алтынга тете болот. Биз өз үйүбүздө ойногондуктан, өлкөнүн жана клубдун намысын татыктуу коргошубуз керек»

#kfu_kgz
МЕЛДЕШ АЛДЫНДАГЫ БИЛДИРҮҮ

Бүгүн, 24-октябрь күнү Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старты алкагында «А» тайпасынын мелдеш алдындагы пресс-жыйыны өттү. «Абдыш-Ата» клубу «А» тайпасында Бутандын Тхимпху шаарында, «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан), «Аль-Шабаб» (Оман), «Паро» (Бутан) клубдары менен беттешет. Пресс-жыйында ата мекендик клубдун өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

🔻 Хуршит Лутфуллаев – «Абдыш-Ата» футбол клубунун башкы машыктыруучусу:

«Биз мелдеш өтө турган Бутанга алдын ала келип, жергенин климатына көнгөнгө аракет кылып, ырааттуу даярдыгыбызды көрүп жатабыз. Командадагы маанай абдан жакшы, эртеңки беттешке даярбыз деп ойлойм. Ички чемпионатта бизди бул мелдеште күтө тургандай интенсивдүүлүк менен ойноп жаттык, андыктан бул бизге жардам берет деп ойлойбуз»

-

🔻Эрбол Атабаев - «Абдыш-Ата» футбол клубунунун оюнчусу:

«Атаандаштарыбыз кыйын деп ойлойм, Бутандагы климаты дагы өзгөчө, андыктан оюндар бизге оңойго турбайт. Бирок, мен өзүмдүн командама ишенем жана жакшы жыйынтыкка жетебиз деп үмүттөнөм. Чемпионатты жакшы оюн көрсөтүп жатабыз, ошодон жазбай бул турнир дагы биз үчүн ийгиликтүү болот деп ишенем»

#kfu_kgz
👏3
БҮГҮН «МУРАС ЮНАЙТЕД» БИШКЕКТЕ ЧАКЫРЫК ЛИГАНЫН АЛКАГЫНДА ТАЖИКСТАНДЫН КЛУБУ МЕНЕН КЕЗ КЕЛЕТ

Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старттык туру алкагында «Регар-Тадаз» (Тажикстан) клубу менен кез келет.

Ата мекендик клуб бул турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси катары катышуу укугун алган.

Эске салсак, Премьер-Лиганын учурдагы лидери «Мурас Юнайтед» клубу «С» тайпасында «Регар-Тадаз» (Тажикстан), «Сафа» (Ливан) жана «Аль-Араби» (Кувейт) клубдары бирге орун алган.

Тажикстан клубуна каршы бүгүнкү беттеш саат 20:00 Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат. Көрүүчүлөр үчүн саат 19:00 тарта баалуу белектер ойнотулган оюн-зоок жана концерттик программасы күтөт.

Кыргыз футбол биримдиги биздин жигиттерди стадионго келип колдоп кетүүгө чакырат. Оюнга билеттер АКЫСЫЗ kassir.kg сайтында жеткиликтүү. Түз алып берүү УТРК Спорт жана Кыргыз Спорт ТВ каналдарында жеткиликтүү болот.

#kfu_kgz
🔥2
БҮГҮН «АБДЫШ-АТА» КОНОКТО ЧАКЫРЫК ЛИГАНЫН ТАЙПАЛЫК ЭТАБЫНДАГЫ ЖҮРҮШҮН БАШТАЙТ

Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старттык туру алкагында кыргызстандык «Абдыш-Ата» «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан) клубу менен кез келет. Мелдеш Тхимпху шаарынын (Бутан) «Чанглимитанг» стадионунда орун алат.

Ата мекендик клуб бул турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын чемпиону катары катышуу укугун алган.

Эске салсак, «Абдыш-Ата» клубу «А» тайпасында «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан), «Аль-Шабаб» (Оман), «Паро» (Бутан) клубдары менен бирге орун алган.

Бүгүнкү беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до орун алат. Түз алып берүү УТРК Спорт, Кыргыз Спорт ТВ жана ЭЛТР Билим Илим каналдарында жеткиликтүү болот.

#kfu_kgz
2
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ БҮГҮНКҮ «МУРАС ЮНАЙТЕД» (КЫРГЫЗСТАН) – «РЕГАР ТАДАЗ» (ТАЖИКСТАН) БЕТТЕШИНЕ КҮБӨ БОЛОТ

Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старттык туру алкагында «Регар-Тадаз» (Тажикстан) клубу менен кез келет.

Аталган эл аралык клубдук турнирдин беттешине ата-мекендик клубду колдоо үчүн Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев келет.

Эске салсак, Премьер-Лиганын учурдагы лидери «Мурас Юнайтед» клубу «С» тайпасында «Регар-Тадаз» (Тажикстан), «Сафа» (Ливан) жана «Аль-Араби» (Кувейт) клубдары бирге орун алган.

Тажикстан клубуна каршы бүгүнкү беттеш саат 20:00 Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат. Көрүүчүлөр үчүн саат 19:00 тарта баалуу белектер ойнотулган оюн-зоок жана концерттик программасы күтөт.

Кыргыз футбол биримдиги биздин жигиттерди стадионго келип колдоп кетүүгө чакырат. Оюнга билеттер АКЫСЫЗ kassir.kg сайтында жеткиликтүү. Түз алып берүү УТРК Спорт жана Кыргыз Спорт ТВ каналдарында жеткиликтүү болот.

#kfu_kgz
3🔥1
«АБДЫШ-АТА» ЧАКЫРЫК ЛИГАСЫНЫН ТАЙПАЛЫК ЭТАБЫНДАГЫ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗААСЫН ТАРТТЫ

Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын старттык туру алкагында кыргызстандык «Абдыш-Ата» «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан) клубу менен кез келди. Мелдеш Тхимпху шаарынын (Бутан) «Чанглимитанг» стадионунда старт алды.

Эске салсак, ата мекендик клуб бул турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын чемпиону катары катышуу укугун алган.

«Абдыш-Ата» клубу «А» тайпасында «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан), «Аль-Шабаб» (Оман), «Паро» (Бутан) клубдары менен бирге орун алган.

Тилекке каршы, бүгүнкү беттеште Кыргызстандын клубу 1-0 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты. Биздин клуб кийинки беттешин омандык «Аль Шабаб» командасына каршы 28-октябрда өткөрөт.

#kfu_kgz
2025/10/27 08:52:07
Back to Top
HTML Embed Code: