Telegram Web Link
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн берүүнү токтоткону кабарланган.

Маалыматтарга ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү максатында Украинага багытталган айрым гуманитардык программаларын да кыскартары белгилүү болгон.

@azattyk_radiosu
АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону айтылууда. Пентагон мындай чечимди өз запастары азайганына байланыштуу кабыл алганы кабарланды.

Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барды. Кыргыз президентинин бул сапары постсоветтик чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдүн Москва менен мамилеси чыңалган учурга туш келди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышта гранаталарды алып, сатып жиберген деген шек менен уюшкан кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
⚡️Сот Канышай Мамыркулованы төрт жылдык пробация менен абактан бошотту

Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июлда эркин журналист Канышай Мамыркулованы коюлган айып менен күнөөлүү деп таап, төрт жыл пробация жазасын берди. Журналист сот залынан бошотулду.

Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотто прокурор журналистти 8,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Үч жарым айдан бери абакта отурган Канышай Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам кылмыш иши козголгон.

@azattyk_radiosu
Сот эркин журналист Канышай Мамыркулованы алты жылга кесип, төрт жылдык пробация менен абактан бошотту. Ал март айынан бери камакта жаткан.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” президент Садыр Жапаровду “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долборуна кол койбой, аны артка кайтарууга чакырды.

Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү. Бакуда орусиялык 8 киши баңги зат аткезчилигине жана киберчабуулдарга айыпталып камакка алынды. Ал тапта бир күн мурун Орусияда сапар менен болгон кыргыз Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун Азербайжандагы жыйынына катышууда.
‼️Мейманканадагы окуя боюнча бийчи Жан Воинов кармалды

Бишкектеги "Шератон" мейманканасында кыздар сабалган окуяга шек саналып, бийчи Жан Воинов кармалды. Ал кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалып, 48 саатка камалды.

Маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан да "Азаттыкка" ырасташты. Ага ылайык, Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280- беренеси ("Бейбаштык") менен шектелип кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

@azattyk_radiosu
Прокуратура "ЭлКат" ишканасы мамлекетке кайтарылганын билдирди

Башкы прокуратура тарабынан “ЭлКат” ишканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мамлекеттин мыйзамсыз жоготулган мүлккө укуктары калыбына келтирилген. Кайтарылган мүлктүн баасы 5,8 млрд сом.

“ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев "коррупцияга" шек саналып, быйыл февраль айында камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.

@azattyk_radiosu
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди. Ал тапта Орусиянын армиясы Украинага жапырт чабуулун улантууда.

Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу боюнча сот жараяны уланууда. Ал тапта аталган каналда мурда иштеп кеткен бир нече журналист суракка чакырылганы белгилүү болду.

Бишкекте ири мейманкада болгон окуяга байланыштуу бийчи Жан Воинов жана анын кайниси кармалды. Бул окуя талкууга түшүп, коноктордун коопсуздугун коргой албаган мейманкананын маселеси да көтөрүлүүдө.
Эски өкмөт үйү, Жогорку сот жана "Кабардын" имараты тарыхый эстелик макамынан ажыратылды

Министрлер кабинети Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алуу тууралуу токтом чыгарды. Өкмөт башчы Адылбек Касмалиев 2-июлда кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитине 4-июлда жарыяланды.

Алар: учурда "Кабар" мамлекеттик агенттиги орун алган, 1940-жылы курулган имарат; азыркы Жогорку сот жайгашкан, 1936-жылы курулган имарат жана 1955-жылы курулуп, 1965-жылы реконструкцияланган, учурда Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлиги жайгашкан имарат. Бул мурдараак өкмөт үйүнүн, ага чейин Жогорку Кеңештин имараты болуп турган.

Булардын баары мурда архитектуралык жана тарыхый мурас катары мамлекеттин коргоосунда турган.

@azattyk_radiosu
Москва Украинага кол салган 40 жумадан бери согуш абалындагы орус экономикасы тез, айрым учурларда өтө ылдам өсүп жана санкцияларга туруштук берип келатат. Мындай көрүнүштү Батыштагы көптөгөн эксперттер күткөн эмес.

Орус экономикасынын өсүү темпи Москва Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу жайлап баратат.

@azattyk_radiosu
Израил Газа боюнча тынчтык келишимин талкуулоого катыша турганын билдирди

Израил жекшембиде Катарга Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдиргендей, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС уюму койгон талаптардан айрымдары "кабыл алынгыс" экенин билдирди.

ХАМАС жума күнү АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча сунушуна “оң маанайда” жооп берип, бул боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экени билдирген.

@azattyk_radiosu
Сиз күн сайын колдонгон жөнөкөй смартфон тыңчылыктын чыныгы куралы болуп калышы мүмкүн. Анткени, программа киргизилген телефон сиз качан уктап, качан ойгонгонуңузду, кайсы жерлерге барганыңызды, эмне кылганыңызды, эмнени угуп, кимдер менен сүйлөшкөнүңүздү жана эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңызды билет. Гажет ал маалыматтарды программаны киргизип, телефон ээсин аңдыгандарга бере алат.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.
Маалыматка ылайык, Воиновдун 44 жана 25 жаштагы жансакчыларына “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.
https://www.azattyk.org/a/33466085.html
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
АКШнын Техас штатында суу ташкынынан каза тапкандар 80 кишиге жетти, анын 28и балдар.

Башка беш округда дагы 12 киши каза тапты. Бул аймактарда өзгөчө абал жарыяланды. Жолдор, инфраструктура талкаланган, телефон байланыш иштебей жатат.

41 киши, анын ичинде 10 кыз изделүүдө. Кыздар Кервилл шаарынан алыс эмес жердеги Camp Mystic жайкы лагеринде болгон.
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Бирок жекшемби күнү өткөн алгачкы жолугушуу майнапсыз аяктады. Дүйшөмбү күнү Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго барды.
Өкмөт башчы өлкө ичинде басымга туш болуп жаткан чакта израилдик аскерлердин Газа тилкесинде уланып келаткан операцияларынан күн сайын адам өмүрү кыйылып жатат.
https://www.azattyk.org/a/33466290.html
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча алгачкы жолугушуудан жыйынтык чыккан жок.
АКШнын Техас штатында катуу суу ташкынынан кеминде 81 адам каза болду. Анын 28и балдар. Дагы 41 киши дайынсыз болууда.
Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын билдирди.


#газа #израиль #нетаньяху #трамп
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бейшембиде Орусиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакиге орус өкмөтүнүн Ооганстан Ислам Эмиратын расмий таануу тууралуу чечимин тапшырды. Муну менен Орусия "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы бийлигин дүйнөдө биринчи болуп расмий тааныды.

Азырынча Орусиядан башка бир да өлкө талибдердин режимин расмий тааный элек. Аны көп учурда адам укугун бузууга, айрыкча кыздар менен аялдарга кылган мамилеси үчүн сындап келет.

Былтыр Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террордук уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

#талибан #орусия #ооганстан #кыргызстан
2025/07/07 17:39:51

❌Photos not found?❌Click here to update cache.


Back to Top
HTML Embed Code: