Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт
Баткен районундагы Достук айылынын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Чет-Булак Баткен шаарынын четинде жайгашкан. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов үй куруу иши жакынкы күндөрү башталып, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын "Азаттыкка" 6-мартта билдирди.
Шаменовдун сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.
@azattyk_radiosu

👍5🥴4
Порнографиялык тасмаларга тартылган америкалык актриса Уитни Райт Ооганстанга барып, социалдык түйүндөргө анын сүрөт, видеолору байма-бай жарыялангандан бери катаал шартта жашаган ооган аялдар нааразы болгону айтылууда.
Талибдер анын өлкөгө сапарын расмий тастыктабаганы менен Райт 5-мартта өзүнүн Инстаграм баракчасына Ооганстандын туристтик жайларында тартылган сүрөттөрүн жарыялады. #rfe_rl
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇

Азаттык Υналгысы
Америкалык порножылдыз Ооганстанга кантип барды?
"Талибан" ооган кыз-келиндерине каалаган жерде иштөөгө, окууга, коомдук жайга барууга, алтургай бөлмөсүнө терезе коюуга тыюу салган. Мындай чектөөгө туш болгон аялдар америкалык порножылдыздын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилгенине нааразы. Укук коргоочулар…
👍3❤1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте 5 киши кызды уурдап барып зордукташкан
Бишкекте кыз зордуктаган деген шек менен беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалганын милиция билдирди. Свердлов райондук милициясы социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган видеодо беш киши кызды белгисиз жакка көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

🤬7
«Азаттык» радиосу
Бишкекте 5 киши кызды уурдап барып зордукташкан Бишкекте кыз зордуктаган деген шек менен беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалганын милиция билдирди. Свердлов райондук милициясы социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган видеодо беш…
‼️Бишкекте кыз зордуктоого шектүү беш адам эки айга камалды
Бишкектин Свердлов райондук сотунун 1-марттагы токтому менен кыз зордуктоого шектелген беш адам 28-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, шектүүлөрдү камоо өтүнүчүн сотко Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү берген.
Жабырлануучу 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

👍5👌2❤1
Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт
Баткендин Достук айылынын элин Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бийлик аларга үй салып, бардык шартын түзүп берүүнү убада кылды. Президент Жапаров чек ара маселеси кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилерин айтты. "Азаттык" Достук айылындагы эл менен жолугушууга катышты.
Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/Zy2v5

Баткендин Достук айылынын элин Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бийлик аларга үй салып, бардык шартын түзүп берүүнү убада кылды. Президент Жапаров чек ара маселеси кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилерин айтты. "Азаттык" Достук…
👎4👍1
Жаңылыктар | 06.03.2025 | Баткен: Достук айылы Чет-Булакка көчөт
• Украинанын Кривой Рог шаарында урулган соккудан каза тапкандар 4 кишиге жетти. Ал арада АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотконун билдирди.
• Тажикстандын башка жерине алмашылганы жаткан Достук айылынын тургундарын Баткен шаарына жакын Чет-Булак тилкесине көчүрүү чечими кабыл алынды. Жаңы конуш үч-төрт айдын ичинде курулуп бүтөрү айтылды.
• Бишкекте зордуктоого шектелген беш киши эки айга камалды. Милицияга кайрылган кыз көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.
https://www.youtube.com/watch?v=IGX26pWvz6w

YouTube
Жаңылыктар | 06.03.2025 | Баткен: Достук айылы Чет-Булакка көчөт
- Украинанын Кривой Рог шаарында урулган соккудан каза тапкандар 4 кишиге жетти. Ал арада АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотконун билдирди.
- Тажикстандын башка жерине алмашылганы жаткан Достук айылынын тургундарын Баткен…

👍1👌1
"Казына үчүн пайдасы жогору". Ички карыз эмне үчүн көбөйүүдө?
Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда буга чейинки карыздан 1,5 эсе көп ички карыз алды. Өкмөттүн мындай саясаты кандай максатты көздөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев түшүндүрүп берди.
Ал ички карыздын мөөнөтү бир кыйла кыска жана үстөк пайызы жогору болгону менен өлкө казынасы үчүн пайдасы жогору экенин түшүндүрүүдө.
Ички карыздар кайдан алынат жана эмнеге коройт? Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/DaWy0

Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда ички карызды буга чейинкиден 1,5 эсе көп алды. Өкмөттүн бул саясаты кандай максатты көздөөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев түшүндүрдү. Ал ички карыздын мөөнөтү бир кыйла кыска, үстөк пайызы жогору болгону менен, өлкө казынасы…
❤1👍1👎1
Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга айлык акысын алуусуна көмөк көрсөтүлдү
Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу Ленинград облусунда эмгектенип, бирок эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, 8 млн рубль маянасын алып берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады.
Маалыматка ылайык, консулдук кызматкерлер Ленинград облусунун Кингисепп районуна барган учурда курулуш объектисинде иштеген 150 кыргызстандык мигрант эки айдан бери айлык ала албай жатканын айтып даттанышкан. Консулдуктун кийлигишүүсүнөн кийин иш берүүчүлөр менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында кыргызстандык мигранттарга 8 млн рублге жакын акча төлөнүп берилди.
ТИМ жана чет өлкөлөрдөгү мекемелер сыртта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантууда. https://smarturl.click/8E5zL

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу Ленинград облусунда эмгектенип, бирок эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, 8 млн рубль маянасын алып берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы…
👍7
Садыр Жапаров Баткендеги өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди
Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта “ал Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү бергени” айтылат.
- деп айтылат маалыматта.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекетке адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. https://smarturl.click/EevqZ

“Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды”,
- деп айтылат маалыматта.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекетке адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. https://smarturl.click/EevqZ
Азаттык Υналгысы
Жапаров Баткендин губернатору Шаменовго Достуктун тургундарына жасаган мамилеси үчүн эскертүү берди
Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта “ал Баткен районундагы Достук айылынын…

👍2❤1🤬1🤮1🤡1
Азаттык: Кечки радио эфир | 07.03.2025 https://www.youtube.com/live/A7VdeKOGL8M
YouTube
Азаттык: Кечки радио эфир | 07.03.2025
Москванын четиндеги Щёлково шаарында бала сатып алууга шектелип кармалган төрт кишинин экөө кыргызстандык жубайлар экени кабарланды.
Орус полициясынын маалыматына караганда, шектүү катары жубайлар, баланы төрөгөн түркмөнстандык келин жана акушер-гинеколог…

👍2
Жаңылыктар | 07.03.2025 | Алматы: белгисиз адам аэропорт кызматкерин барымтага алды
• Президент Садыр Жапаров өзүнүн Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу оозеки эскертүү берди. Шаменов чоңураак жер тилке берүүнү суранган жашоочуларды урушуп, орой мамиле кылган.
• Евробиримдикке мүчө өлкөлөр аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү планын кабыл алды. Ал тапта АКШ менен Украинанын өкүлдөрү кийинки аптада Сауд Арабиясында жолугары маалым болду.
• Казакстандын Алматы шаарында белгисиз адам аэропорттун кызматкерин бычак менен барымтага алды. Бир нече мүнөттөн соң ал куралсыздандырылып, кармалды. https://www.youtube.com/watch?v=B7dY48iDsNc

- Президент Садыр Жапаров өзүнүн Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу оозеки эскертүү берди. Шаменов чоңураак жер тилке берүүнү суранган жашоочуларды урушуп, орой мамиле кылган.…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Колунда бычагы бар бирөө аэропорттун кызматкерин барымтага алды. Окуя Алматы аэропортунда текшерүү маалында болгон. 7 мүнөттөн кийин Алматынын тургуну шектүүнүн колунан бычагын жулуп алды. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Казакстандын мыйзамында барымтага алуу боюнча 7 жылдан 10 жылга чейин абакка кесүү каралган. Шектүүдөн бычакты жулуп алган жаран мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт.
👍1
Төрт түлүктүн сырын билген Токон эже | "Данисте"
Кыргыздар Улуу Жибек жолунун томунда байыртан эле мал соодасы менен таанылган. XXI кылымга келип деле мал соодасы Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы элдин негизги тиричилиги бойдон кала берди. Азыр дагы өлкөнүн мал базарлар күүлдөп иштеп, андагы соодагерлер аймактарды кыдырып, сооданы кызытып турат. “Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында мал базарда соодагерлик кылган Токтобүбүбү Токтоматова тууралуу айтып беребиз. https://youtu.be/U6e-Nn6Zb7w

Кыргыздар Улуу Жибек жолунун тоомунда байыртан эле мал соодасы менен таанылган. XXI кылымга келип деле мал соодасы Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы элдин негизги тиричилиги бойдон кала берди. Азыр дагы өлкөнүн мал базарлар күүлдөп иштеп, андагы соодагерлер…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
“Эмоцияга алдырып коюпмун, кечирим сурайм”
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады. Ал Улуттук телеканалга маек куруп, жыйында эмоцияга алдырып койгонун айткан.
6-мартта Достук айылындагы жолугушууда тургундарды Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган. Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган.
7-мартта Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Шаменовго “Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берилгенин” жазган.
#достук #чекара #кыргызстан #тажикстан

🖕11❤1💔1
Жапаров Кыргызстан гендердик теңчилик принцибин карманарын билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда белгиледи.
Жапаров кыргыз эли эзелтен аялдарды урматтап-сыйлап келгенин белгилеп, алар коомдун кыймылдаткыч күчү экенин, ар тармактагы ишкана, мекемелерди ийгиликтүү жетектеп келатканын айтты. Аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
- деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.
Мамлекет башчы күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда аялдардын орду бийик экенин, алардын опол тоодой эмгегинин аркасында эртеңки коом калыптанып, өнүгөрүн белгиледи.
Учурда кыргыз өкмөтүнүн курамында, башкаруу органдарында жана Жогорку Кеңеште аялдардын саны кескин азайганына байланыштуу сын-доомат айтылып келет.
Соңку кездери өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук көбөйүп, үрөй учурган, адам өлүмү менен бир катар окуялар катталды. Ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылгандардын саны 2024-жылы 32% көбөйгөн.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму соңку баяндамасында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканы сөз болду. Алар сот адилеттигине жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар экени, баш калкалоочу жайлар жетишсиз болуп жатканын белгилеген.
https://www.azattyk.org/a/33340649.html

“Өлкөбүздө аялдардын экономика, саясат жана коом турмушуна батыл аралашуусун камсыз кылууга багытталган 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Программанын алкагындагы иш-аракеттер кыргыз айымдарынын дараметин ачуу, алардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болот”,
- деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.
Мамлекет башчы күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда аялдардын орду бийик экенин, алардын опол тоодой эмгегинин аркасында эртеңки коом калыптанып, өнүгөрүн белгиледи.
Учурда кыргыз өкмөтүнүн курамында, башкаруу органдарында жана Жогорку Кеңеште аялдардын саны кескин азайганына байланыштуу сын-доомат айтылып келет.
Соңку кездери өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук көбөйүп, үрөй учурган, адам өлүмү менен бир катар окуялар катталды. Ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылгандардын саны 2024-жылы 32% көбөйгөн.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму соңку баяндамасында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканы сөз болду. Алар сот адилеттигине жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар экени, баш калкалоочу жайлар жетишсиз болуп жатканын белгилеген.
https://www.azattyk.org/a/33340649.html
Азаттык Υналгысы
Жапаров Кыргызстан гендердик теңчилик принцибин карманарын билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда белгиледи.
Жапаров…
Жапаров…
👍5🤮4
"Мурдуңду тыкпа, сүйлөбө". Лидер аялдарга эркектер бут тособу?
Кыргызстанда аялдар кыймылынын жүз жылдыгы өлкөдө бир катар таанымал аялдар камалып, соттолгон учурга туура келди.
Соңку жылдары бийликке сын айткандардын камалышы, бейөкмөт уюмдарда иштегендерди “чет элдик өкүл” деп тааныган жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар лидерликке, жарандык активизмге умтулган аялдардын үмүтүнө суу септиби? Авторитардык өлкөдө кыз-келиндер эмнеге өз оюн ачык айтуудан чочулайт жана мунун коомго кандай кесепети болушу мүмкүн? Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/W31q9

Кыргызстанда аялдар кыймылынын жүз жылдыгы өлкөдө бир катар таанымал кыз-келиндер камалып, соттолгон учурга туура келди.
👍3😁1
Шаменов Достуктун тургундарынан кечирим сурап, 30 сотых жер бөлүнөрүн билдирди
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундары менен жолугушууда эмоцияга алдырганын моюнга алып, элден кечирим сурады. Бул тууралуу ал УТРКнын Баткен телеканалына берген маегинде билдирди. Ал Баткен районунун Достук айылынан көчүп жаткандарга мурдагыдай 20 сотых эмес, 30 сотыхтан жер бөлүнөрүн белгиледи.
- деди Шаменов.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
“Азаттыктын” кабарларын WhatsApp каналынан окуңуз
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес, 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Бул коомчулуктун сынына кабылган.
Ушундан кийин президент Садыр Жапаров Шаменовго оозеки эскертүү бергенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. https://www.azattyk.org/a/33340666.html

“Элдин сунуштары менен ойлонуп чечим кабыл алдык. Кечээги чечимден сырткары азырынча 10 сотых жерге үй куруп беребиз, 10 сотых келечекте турак жай салганга бөлүнөт, өздөрү көргөн Кызыл-Белден 10 сотых айыл чарбага бөлүнүп берилет. Жалпы 30 сотых. Эл менен жолукканда 20 сотых тууралуу сөз болгон. Эл менен жолукканда чындыгында эмоцияга алдырып коюп, Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз”,
- деди Шаменов.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
“Азаттыктын” кабарларын WhatsApp каналынан окуңуз
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес, 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Бул коомчулуктун сынына кабылган.
Ушундан кийин президент Садыр Жапаров Шаменовго оозеки эскертүү бергенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. https://www.azattyk.org/a/33340666.html
Азаттык Υналгысы
Шаменов Достуктун тургундарынан кечирим сурап, 30 сотых жер бөлүнөрүн билдирди
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундары менен жолугушууда эмоцияга алдырганын моюнга алып, элден кечирим сурады. Бул тууралуу ал УТРКнын Баткен телеканалына берген маегинде билдирди. Ал Баткен районунун…
👍1
"Сосновка" жана “Арал” бекеттеринен жүк ташуучу автоунаалар өткөрүлө баштады
Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15тен тартып алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Чектөө Бишкек-Ош жолунда тайгак жана бороон болуп жатканына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында 6-мартта киргизилген.
Аталган мекеме ушул эле күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Кара-Мык унаа жолунун 116-чакырымы кар күрткүдөн тазаланып, ачылганын билдирди. https://www.azattyk.org/a/33340675.html

Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15тен тартып алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин…
👍1
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого чакырган жүрүш өттү
Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Бул жолу марш “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында уюштурулган.
“Бишкек феминисттик демилгелери” уюму, активисттер уюштурган жүрүш эски аянттан башталып, Максим Горький аянтындагы бакчада улантылды.
Марштын уюштуруучулары 8-март бардык аялдар үйдө, кеңседе же дагы башка жакта иштегенине карабай өздөрүнүн социалдык, экономикалык жана саясий укуктарын коргоо үчүн тилектештик көрсөтүү күнү экенин белгилешти.
Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону, коопсуз жашоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышты. https://www.azattyk.org/a/33340707.html

“Бишкек феминисттик демилгелери” уюму, активисттер уюштурган жүрүш эски аянттан башталып, Максим Горький аянтындагы…

👎6❤🔥2👍2❤1😁1
Азаттык: Кечки радио эфир | 08.03.2025
Украина Улуу Британиядан Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн каражаттын эсебинен алгачкы 752 млн фунт же 969 млн доллар каражат алды. Бул тууралуу Украинанын премьер-министр Денис Шмыгал билдирди.
Анын айтымында, каражат өлкөнүн коргонуусун бекемдөөгө жумшалат. https://www.youtube.com/watch?v=AqhfUiRI-bo

Анын айтымында, каражат өлкөнүн коргонуусун бекемдөөгө…

👍10😱1🤬1🤡1