«Азаттык» радиосу
“Эмоцияга алдырып коюпмун, кечирим сурайм” Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады. Ал Улуттук телеканалга маек куруп, жыйында эмоцияга алдырып койгонун айткан. 6-мартта Достук айылындагы жолугушууда…
Баткен: Облус башчынын сынга кабылган мамилеси, коомдогу талап
Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишиминин алкагында Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алды. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сурады.
Бул көрүнүш мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу талкууларга жем таштады.
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇

Азаттык Υналгысы
Баткен: Облус башчынын орой мамилеси, коомдогу талап
Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишиминин алкагында Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алды. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сурады.
🤡3👍1
Укук коргоочулар Сирия бийлиги жүздөгөн жай тургундарды өлтүргөнүн билдирди
Сирия бийлиги жана ага тиешелүү топтор бир нече күндүн ичинде 600дөн ашык жай тургунду, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнүн өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көз салган борбор билдирди. Алардын көпчүлүгү диний азчылыкты түзгөн алавиттерден болгон. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.
Уюмдун башчысы Рами Абдулрахмандын айтымында, бул массалык өлтүрүүлөр Сириядагы 13 жылдык жарандык согуштагы эң катаал зомбулук толкуну болду, деп жазды Reuters агенттиги. Жергиликтүү булактар алавиттер, аларды колдогон күрд этникалык азчылыгы менен өкмөтчүл күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп жатканын билдиришти.

😱5😐1
Саламаттык сактоо министри алмашкандан бери бул тармактагы айрым реформалар жана анын жыйынтыгы талаш-талкуу жаратты. Октябрь окуяларынан кийин мекемени эки ирет жетектеген Алымкадыр Бейшаналиев буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү убадалап, реформалар жемишин бере баштаганын айткан.
Ал дары-дармекти арзандатуу максатында "Эл аман" аптекалар түйүнү ачылып, Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштаганын билдирип келген.
Жаңы келген министр болсо боор, бөйрөк алмаштырууга азыр бир дагы ооруканада толук шарт жок экенин айтууда. Алымкадыр Бейшеналиев баштаган иштер жана алардын тагдыры кандай болот?
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇
Ал дары-дармекти арзандатуу максатында "Эл аман" аптекалар түйүнү ачылып, Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштаганын билдирип келген.
Жаңы келген министр болсо боор, бөйрөк алмаштырууга азыр бир дагы ооруканада толук шарт жок экенин айтууда. Алымкадыр Бейшеналиев баштаган иштер жана алардын тагдыры кандай болот?
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇
Азаттык Υналгысы
Саламаттык сактоо: Алымкадыр Бейшеналиевдин "мурасы", талаштуу реформасы
Саламаттык сактоо министри алмашкандан бери бул тармактагы айрым реформалар жана анын жыйынтыгы талаш-талкуу жаратты. Октябрь окуяларынан кийин мекемени эки ирет жетектеген Алымкадыр Бейшаналиев буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү убадалап, реформалар жемишин…
👍5👎1
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория 8-мартта билдиргендей, Латакия провинциясында Асаддын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн эки күндүк кагылышуусунан улам алавиттердин 745 мүчөсү өлтүрүлгөн.
Бул маалыматты башка дагы көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.
@azattyk_radiosu
Бул маалыматты башка дагы көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Сирия: Жүздөгөн карапайым тургун өлтүрүлгөнү кабарланды
Сириянын өкмөттүк күчтөрү алавит азчылыгына кирген жүздөгөн карапайым тургунду жок кылды. Бул тууралуу байкоочулар тобу маалымдады. Бул былтыр жыл соңунда Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан берки эң кандуу окуя болуп калды.
😱8👍4
‼️УКМК Максим Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды четке какты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты четке какты.
Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров өздүк булактарына шилтеме берип “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Январь айынын башында “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келгени” тууралуу маалымат тарап, Ички иштер министрлиги аны төгүнгө чыгарган.

😁9🤡4
Чүй проспектисинин бир бөлүгү курулуш ишине байланыштуу эки жылга жабылат
Бишкек шаардык мэриясы 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталат.
Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча салат. Курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. “Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди компанияга 49 жылга ижарага берген.

👍6😱5❤2
Глобалдык терроризм индексинде Кыргызстан 100-орунду ээледи
Экономика жана тынчтык институту (IEP) "Глобалдык терроризм индекси -2025" деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Аталган рейтингде Кыргызстан 100-орунду ээлеп, "террордук таасир жок" өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу алты позицияга жогорулады.
"Глобалдык терроризм индекси" дүйнөдөгү 163 өлкөдө терроризмдин таасирин иликтеген комплекстүү изилдөө. Ал теракттардын саны, каза болгондор жана жабыркагандар, ошондой эле материалдык чыгымдардын деңгээли боюнча эсептелет. Рейтингде канчалык жогору орун алынса, ал өлкөдө террордук коркунуч ошончолук күчтүү деп бааланат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен катар Казакстан жана Түркмөнстан дагы 100-орунга жайгашып, нөл балл менен эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди. Өзбекстан 90-орунду (0,233 балл), ал эми Тажикстан 70-орунду (0,999 балл) ээледи.

Экономика жана тынчтык институту (IEP) "Глобалдык терроризм индекси -2025" деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Аталган рейтингде Кыргызстан 100-орунду ээлеп, "террордук таасир жок" өлкөлөрдүн катарына кирди.
Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан былтыркы…

🥰2
Фейсбуктун колдонуучусу Азамат Марипов эки айга камалды
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов 7-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Тиелешүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарганын, аны камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигининин тергөөчүсү бергенин райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылды.
ИИМ Азамат Мариповго козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (Архив сүрөт)

🤡8😁2👍1🔥1🤮1
Кыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов Кыргызстанда 2024-жылдын күз айынан бери эттин баасы 80-120 сомго чейин кымбаттаганын билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 10-марттагы жыйынында айтты. Ал буга 2023-жылы кургакчылыктан улам тоюттун баасы көтөрүлгөнү негиз болгонун кошумчалап, эттин баасын бир калыпта кармап туруу үчүн чаралар көрүлүп жатканын айтты.
деди ал.

“Өзбекстанга тирүү малды алып чыгууга чектөө киргиздик. Андан тышкары Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн ташылган этке кошумча нарк салыгын алып салдык”, -
деди ал.
@azattyk_radiosu
👍2🤯2😈1
Мектептерде сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды
Кыргызстандын мектептеринде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.
Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда кол телефонун үнсүз режимге коюп, класстардагы атайын кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

👍20❤4😁1
Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар.
Реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган документтерди тапшырышы керек.
- Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул былтыр жыл соңунда режим кулатылгандан берки эң кандуу окуя болуп калды.
- Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди. Ага ылайык бири-бирин кайталаган, натыйжасыз мамлекеттик органдарды аныктоо, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырып, бюрократияны азайтуу, айрым кызматтарды жеке секторго берүү жана чыгымдарды кыскартуу планы бар экени айтылды.

YouTube
Жаңылыктар | 10.03.2025 | Орусияда көзөмөл реестрине 700 миңдей мигрант кирди
- Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар.
Реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган документтерди тапшырышы керек.
- Сирияда өкмөттүк…

👏2👎1🔥1
Америкада туруктуу жашаган кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат. Бул үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында жашап жаткан.
Азаттык Υналгысы
"Үчөөнүн сөөгү үч жерден табылды".
АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду

Америкада туруктуу жашаган кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат. Бул үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында…
😢14😱3
11-мартта Гренландияда парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо дүйнөдөгү эң чоң арал геосаясаттын бутасына айланган учурга туш келди. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Данияга караштуу аралга бир нече жолу кызыгуусун билдирген.
- деп убада кылган Трамп 4-мартта Конгресстеги кайрылуусунда.
Ал Гренландия аралы Американын улуттук коопсуздугу үчүн зарыл экенин белгилеген.
- деп айткан Трамп январда.
Бул Вашингтондун Гренландияга болгон кеминде 150 жылга созулган кызыгуусунун жана дымагынын кезектеги гана толкуну. #rfe_rl
@azattyk_radiosu
"Биз аны [Гренландия] тигил же бул жол менен алабыз",
- деп убада кылган Трамп 4-мартта Конгресстеги кайрылуусунда.
Ал Гренландия аралы Американын улуттук коопсуздугу үчүн зарыл экенин белгилеген.
"Бардык жерде Кытайдын кемелери жүрөт. Бардык жерде орус кемелери жүрөт. Биз буга жол бербейбиз",
- деп айткан Трамп январда.
Бул Вашингтондун Гренландияга болгон кеминде 150 жылга созулган кызыгуусунун жана дымагынын кезектеги гана толкуну. #rfe_rl
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Гренландиянын таржымалы, Американын 150 жылдык дымагы
11-мартта Гренландияда парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо дүйнөдөгү эң чоң арал геосаясаттын бутасына айланган учурга туш келди. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Данияга караштуу аралга бир нече жолу кызыгуусун билдирген.
👍3
Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарында чек ара келишимине кол коюлат
12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган биринчи сапары.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

👎21👍5🥱1
Садыр Жапаров: “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат
Президент Садыр Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты.
Бул тууралуу мамлекет башчы 11-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген чакан маегинде билдирди. Садыр Жапаров Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевге чыккан өкүмдү эч ким өзгөртө албай турганын, ушундан улам аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатышканын кошумчалап, Курманбек Бакиев боюнча да комментарий берди.
“Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Эгер камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. “Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз” дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду...".

🤡8😁4🤬4
Туманбаев мамлекеттик ипотекага 50% төлөгөндөрдүн кезеги жок экенин айтты
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга турак жайдын баасынын 50% төлөгөндөр батирди кезексиз ала турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-мартта Президенттин иш башкармалыгынын Фейсбуктагы баракчасында элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
- деди ал.
Каныбек Туманбаевдин сөзүнө караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания ушул тапта Кыргызстан боюнча 65 миңге жакын батир салып жатат.

“50% үлүш менен алгандардын кезеги жок. Бир эле шарты бар – акыркы үч жылдын ичинде адамга үй, жер тилкеси катталган болбошу керек. Машинеси болсо эч нерсе болбойт. 50% берет, калган 50% 15 жылда төлөйт. Айтып кете турган нерсе Мамлекеттик ипотекалык компанияда азыр кезек боюнча маселе жок”,
- деди ал.
Каныбек Туманбаевдин сөзүнө караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания ушул тапта Кыргызстан боюнча 65 миңге жакын батир салып жатат.
@azattyk_radiosu
🤮6👍2🤬2🤡1
Рахмондун сапарына байланыштуу Бишкекте бардык билим берүү жайлары онлайн иштейт
12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары учурунда борбор калаадагы мектептер, бала бакчалар, менчик формасына карабастан, баары тең аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу буйрукка шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева кол койду.
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кесиптик, орто, жогорку окуу жайлар жана кошумча окуу курстары да убактылуу ушундай эле тартипте иштөөгө өтөт.
Сабактар электрондук каражаттар жана платформалар аркылуу жүргүзүлөт.
Маалыматта ошондой эле ар бир бала бакчада нөөмөтчү топтор иштей турганы айтылды.
Тажикстан президентинин мамлекеттик сапары учурунда Бишкектеги жана Чүй облусундагы бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилери да кабарланган.
Рахмон Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 12-13-март күндөрү болот. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары болот. Анда чек ара келишимине кол коюлары кабарланган. Толук окуңуз 👉🏻https://smarturl.click/l5o2q

12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары учурунда борбор калаадагы мектептер, бала бакчалар, менчик формасына карабастан, баары тең аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу буйрукка шаардык билим берүү департаментинин…
👎13👍2😁1🤡1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Үчөөнүн сөөгү үч жерден табылды". АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду
Америкада туруктуу жашаган кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат. Бул үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында жашап жаткан. Кененирээк сайттан окуңуз: ➡️ smarturl.click/baZBL

Балдардын мектепке катталганы тууралуу маалымат ата-энесине жиберилет
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы балдарды 1-2-класска каттоонун башталышы тууралуу алдын ала маалымат бербейт. Анын ордуна баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү ата-энесине кол телефонундагы тиркеме аркылуу жиберилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 11-мартта маалымдады.
Анын сөзүнө караганда, балдарды 1-2-класска каттоо жөнөкөйлөтүлгөн, ата-энелерге электрондук почта ачып же башка маалымкаттарды чогултуп убара болуунун кажети жок:
- деди Самыкбаева.
Министрдин орун басары балдары бөлүнгөн мектепке баруусун каалабаган ата-энелер бул тууралуу 1-июнга чейин маалымдоого тийиштигин, 1-июндан тарта бош орундар бар мектептердин тизмеси жарыяланарын белгилеп, мурдагыдай кезекке туруу болбосун эскертти.
Мурунку жылдары балдарды 1-класска катооо "Мектеп" маалыматтык системасы аркылуу апрель айынан тартып жүргүзүлчү. Толук окуңуз 👉🏻https://www.azattyk.org/a/33343954.html

"Биз баарын даярдап койдук. Учурда ата-энелердин идентификациялык номуру аркылуу каттоочу тиркемелердин толук иштелип бүтүшүн күтүп жатабыз. Ата-энелерге телефондогу тиркеме аркылуу баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү жиберилет. Ата-энелер бир эле баскычты басуу менен мектепке барыш-барбашын билдире алышат. Биз бардык балдарды мектептерге отургузуп койдук",
- деди Самыкбаева.
Министрдин орун басары балдары бөлүнгөн мектепке баруусун каалабаган ата-энелер бул тууралуу 1-июнга чейин маалымдоого тийиштигин, 1-июндан тарта бош орундар бар мектептердин тизмеси жарыяланарын белгилеп, мурдагыдай кезекке туруу болбосун эскертти.
Мурунку жылдары балдарды 1-класска катооо "Мектеп" маалыматтык системасы аркылуу апрель айынан тартып жүргүзүлчү. Толук окуңуз 👉🏻https://www.azattyk.org/a/33343954.html
Азаттык Υналгысы
Балдардын мектепке катталганы тууралуу маалымат ата-энесине жиберилет
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы балдарды 1-2-класска каттоонун башталышы тууралуу алдын ала маалымат бербейт. Анын ордуна баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү ата-энесине кол телефонундагы тиркеме аркылуу жиберилет.…
👍4
Жаңылыктар | 11.03.2025 | Америкада кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен киши колдуу болду
- Киев менен Вашингтондун жогорку делегацияларынын Сауд Арабиядагы жолугушуусу алдында Москвага ондогон дрон сокку уруп, үч киши каза тапканы кабарланды. Бүгүн Орусия дагы Украинанын жер-жерин баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылады.
- Америкада кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат.
- Президент Садыр Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камаларын айтты. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. https://www.youtube.com/watch?v=hWhEuwMqoUQ

- Америкада…
- Америкада…
👍1🍌1