Telegram Web Link
Кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтууну убада кылууда. Бул иштерди юстиция министри Аяз Баетов көзөмөлдөйт.

Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бул реформаны ишке ашыруу үчүн өкмөт башчынын убактылуу орун басары дагы болуп турат. Бийликтин дымактуу планын ишке ашыруунун башында турган Аяз Баетов деген ким? Мамлекеттик чыгымды кыскартуу деген кезектеги убадага айланбайбы?

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇
👍3
«Азаттык» радиосу
“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Фракциянын…
Депутат Айжигитовго ЖКда борбордук трибунадан сүйлөөгө уруксат берилген жок

12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.

Султанбай Айжигитов бул Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдарга каршы келерин айтып, сунушту дагы бир жолу добушка коюуну суранды. Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.

“Эми мага сөз да бербейсиңерби? Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы! Мен фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан башка эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Эми сөз сүйлөгөнгө да уруксат бербейсиңерби?”,

- деди Султанбай Айжигитов.

@azattyk_radiosu
👎11👍2🐳2🤬1🤡1🌚1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ташкентте 8-Март майрамына карата расмий иш-чарада коммуналдык кызматтын жумушчуларына белек тапшырылган. Бирок алардын биринин белегин кайра тартып алышып, өзүн уурулукка айыпташкан.

Аял социалдык тармактарда видео кайрылуу жасап, мындай жагдай экинчи жылы кайталанып жатканын айткан. Ал мындан ары мындай иш-чараларга чакырбоону жана минтип басмырлабоону суранган.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Андан кийин блогерлер жана активисттер аялдын үйүнө барып, телевизор, тамак-аш жана алтын зер буюмдарын белекке беришкен.

@azattyk_radiosu
👍10🤡3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болду

12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште бир адам каза болду.

Маалыматка ылайык, биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш конмаданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөн. Социалдык тармактарда тараган видеодон окуя кандай болгонун көрүүгө болот.

Көк бөрү федерациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, “Бөрүлү” командасында биринчи номуру менен Мирлан Сражидинов Чырак деген ат менен ойноп жаткан.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуя саат 10дор чамасында болгонун, “Тез жардам” чакыртылып, 45 жаштагы (С.М) ооруканага жетпей каза тапканын билдирди. Бул факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

@azattyk_radiosu
😢5😱31👍1
«Азаттык» радиосу
Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болду 12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште бир адам каза болду. Маалыматка ылайык, биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү”…
Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин 12-марттагы оюндары токтотулду

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болгондуктан 12-марттагы калган оюндар токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, федерациянын башкармалыгынын мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулуп, Нооруз турнири боюнча талкуу болот. Толук окуңуз: 👉 https://smarturl.click/jk5Zd
👍1
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров тосуп алды.
Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, мамлекеттик сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюлат.
https://smarturl.click/W3VjX
👎8🤬6
Жаңылыктар | 12.03.2025 | Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болду

- Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Байкоочулар эми Кошмо Штаттар жана дүйнө Орусия чындап эле согушту токтотууга дилгирби же кошуна өлкөсүн басып алуу максатын көздөйбү деген суроого жооп аларын белгилешет.

- Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө. 12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди.

- Көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болду. Мындан улам бүгүн оюн токтотулду. https://www.youtube.com/live/UBMzpg8J6tE
3
«Азаттык» радиосу
Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин 12-марттагы оюндары токтотулду Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болгондуктан 12-марттагы калган оюндар токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы…
Улакчынын өлүмүнө байланыштуу калыс жана бир оюнчу кармалды

12-мартта көк бөрү боюнча Нооруз турниринде адам өлүмү менен коштолгон кырсыкка шектүү катары 42 жаштагы калыс Ш. У. менен 29 жаштагы улакчы А. Ч. кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясы маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.

12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу, 45 жаштагы Мирлан Сражидинов катуу жаракат алып, каза болгон. Биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш команданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөнү тартылган тасма соцтармактарга тараган.

@azattyk_radiosu
👍43👎1
❗️13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылат

13-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин чек арадагы эки өткөрмө бекети кайра ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Баткен районундагы "Кызыл-Бел" өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы "Кайрагач" бекети эки тараптуу болуп ачылат. Ал эми эки мамлекеттин чек арасындагы калган үч өткөрмө бекетин ачуу этап-этабы менен жүрмөкчү.

“Азаттыктын” Баткендеги кабарчылары азыркы учурда "Кызыл-Бел" жана Кайрагач” өткөрмө бекеттери ачууга даярдык жүрүп жатканын жеринен кабарлашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.

@azattyk_radiosu
👎14👍4🖕1
‼️Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылды

13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.

Ал эми эки мамлекеттин чек арасындагы калган үч өткөрмө бекетин ачуу этап-этабы менен ишке ашат.

@azattyk_radiosu
👎15👏1🖕1
‼️Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик чек ара келишимине кол койду

13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордо” президенттик администрациянын имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду.

Андан тышкары айыл чарба, экономика жана маданий гуманитардык жаатта кызматташуу тууралуу документтерге эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү жетишилген келишимди “тарыхый” деп баалап, эки өлкөнүн саясий, экономикалык байланыштарды жакшыртуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн айтты.

“Сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга салым кошот деп ишенем. Биз кыргыз-тажик алакасын бир тууган элдин кызыкчылактары үчүн жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенибизди билдиребиз”, - деди Садыр Жапаров.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да маанилүү документтерге кол коюлганын айтып, мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимди “тарыхый” деп атады. Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода алаканы 500 миллион долларга чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

@azattyk_radiosu
👎9👍4🖕1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды. Кененирээк: 👉https://smarturl.click/EeLdL
🤡1
Рахмондун Бишкекке сапары: Чек арага чекит коюлдубу? | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

12-мартта тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо келишимине кол коюлду. Ага удаа эле үч жылдан бери жабык турган Баткендеги Кызыл-Бел, Лейлектеги Кайрагач өткөрмө бекети дагы ачылды. Ошентип 2021-2022-жылдардагы эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү алган жаңжалдардан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси жандана баштагандай. Чек арага байланыштуу келишим Кыргызстанда кызуу талкууланып, жер алмашуу боюнча нааразы пикирлер дагы жок эмес. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кырдаалды, Рахмондун Бишкек сапарын талкуулайбыз.
https://youtu.be/_C8KdeS__QY
👍2🍌1
Жаңылыктар | 13.03.2025 | Кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлду, Трамптын Москвага эскертүүсү
- Бүгүн кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлду. Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.
- АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскертти. Буга чейин Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болгон.
- Ошто жер титирөөдөн 25 турак-жай, 12 мектеп жана бала бакча менен айылдык эмкананын имараты жабыр тартты. 12-мартта болгон жер силкинүүнүн күчү 5 баллга жеткен. https://www.youtube.com/watch?v=X-xYq5prkoo
🤮3👍1
Президент Жапаров чек ара келишими 19-мартта Жогорку Кеңеште караларын айтты

13-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, анда эки тарап кол койгон келишим 19-мартта ратификациядан өтүү үчүн Жогорку Кеңеште караларын кабарлады.

"19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет. Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхый маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек",

- деди өлкө башчы.

https://smarturl.click/mpO5m
🍌7🤡2👍1
Шыкмаматов курулуш компанияларын, архитектор жана дизайнерлерди салык төлөөдөн качпоого чакырды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн чийимин чийип, жасалгасын жасап берген архитекторлорго жана дизайнерлерге кайрылуу жасады. Шыкмаматов аларды жана курулуш компанияларын салык төлөөдөн качып жатканын сынга алды.

Салык кызматынын төрагасы учурда архитекторлордун, дизайнерлердин дээрдик 60% түрдүү жол менен кирешесин жашырып, салык төлөбөй жүргөнүн белгиледи.
"Мисалы "Мырза-Проект" ЖЧК, "ТУРАН констракшн" ЖЧК, "Данпроф-строй" ЖЧК сыяктуу отчет бербеген көптөгөн компаниялар бар. Ал эми "Аманат Инжиринг" ЖЧК жана "В климат" ЖЧК өз кызматкерлери үчүн киреше салыгын төлөшөт, бирок жүгүртүүлөрү тууралуу маалыматты көрсөтпөй коюуну туура көрүшөт. Эгерде компанияда кызматкерлердин эмгек акысына каражат болсо, демек, ал иштеп, киреше таап жатат дегенди билдирет. Бул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат – салыктар кана?", -

деп суроо койду Шыкмаматов.

Ал салык төлөө ар бир жарандын милдети экенин, салык мамлекетти өнүктүрүүгө сарпталарын эскертип, "мамлекетти алдаганга аракет кылып, салык төлөөдөн качкандар баарынан мурда өздөрүн, балдарын, ата-энесин алдап, тоноп жатышат" деди.

Алмамбет Шыкмаматов учурда Мамлекеттик салык кызматы бул тармактагы төлөмдөрдү жана каржылык агымдарды кылдат талдап жатканын, салык төлөөдөн качкан курулуш компанияларына да текшерүү күчөтүлөрүн жана чыныгы кирешесин жашырганы үчүн айып санкциялары салынарын эскертти.

Салык кызматынын төрагасы ошондой эле архитекторлорду, дизайнерлерди Креативдүү индустрия паркынын резиденти болууга чакырып, анда салыктан жеңилдиктер каралганын билдирди. https://smarturl.click/0e37m
👍9🥴1
Достук айылынан көчүрүлө турган элге турак жай салуу башталды

Чек араны делимитациялоо ишинин жыйынтыгы менен Тажикстанга өтүп жаткан Баткен районунун Достук айылынын элине Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигинде 14-мартта турак жай комплексин куруу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, жалпы 179 үй курулат жана ар бири үч бөлмөлүү болуп, бардык шарт түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүтүрүү пландалууда. Курулуш ишине президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев старт берип, кыргыз-тажик чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин айтты. https://www.azattyk.org/a/33347434.html
🤮6👏5👌21🤡1
2025/07/08 23:32:20
Back to Top
HTML Embed Code: