Telegram Web Link
УКМК WhatsApp түйүнүндөгү тайпалардын администраторун кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) WhatsApp мессенжериндеги бир нече тайпалардын администратору (К.М.М.) кармалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылууда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал WhatsApp түйүнүндө “Элге акыйкат керек”, “Айта берем кайта берем”, “Кыргыз коому”, “Саясат, талкуу ой пикир”, “Кыргызстан аңга баратат”, “Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!” деген тайпалардын администратору болгон.
УКМК ага “бул топтордо өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаган” деген айып койду.

Андан тышкары 2024-жылы Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү пакистандык, индиялык студенттерге каршы нааразылык акцияда баш аламандыктарды уюштурууга тиешеси бар экенин билдирди. Шектүү соттун чечими менен камакка алынды. Жогоруда сөз болгон WhatsApp топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары азырынча комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон.
https://smarturl.click/0e32m
Песков Путин Трамптын чабарманын кабыл алганын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембинин кечинде АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолукканын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, орус тарапка кошумча маалымат берилди, өз кезегинде Путин чабарман аркылуу АКШ президенти Дональд Трампка маалымат жана кошумча ишараттарды жөнөттү. Анын бул сөздөрүн РБК агенттиги келтирди.
Буга чейин орус президенти Вашингтондун өкүлүн кабыл алганы же албаганы белгисиз болчу.

https://smarturl.click/EeL51
Бишкек–Ош жолунда автоунаа күйүп кеткени кабарланды

14-март күнү Бишкек–Ош жолунда автоунаа жолдон коктуга кулап, ичиндеги кишилери менен чогуу күйүп кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады. Ага ылайык, кырсык магистралдын Токтогул районундагы Торкент айылынын Артак белинде болгон.

Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа коктуда өрттөнүп жатканы тартылган тасмада айтылып жаткан сөздөрдөн улам унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр чыгууга жетишпей калышканын угууга болот.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалыматты ырастап, тактоо иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 14-март күнү болжол менен саат 15:50 чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа Бишкек–Ош унаа жолунун 303-чакырымында бара жатып, баштапкы маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, машина жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында унаа толугу менен күйүп, айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иштеп жатышат.

https://smarturl.click/Adp5R
Жаңылыктар | 14.03.2025 | Достуктун тургундары үчүн жаңы конуш түптөлө баштады

• Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн жаңы конуш түптөлө баштады. Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй көчүп келет.

• Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф сүйлөштү.Анын алдында Путин Украинада ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин, ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын айтты.

• “Коопсуз шаар” ишке киргени 4 млрд сомдон ашык айып пул түштү. Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар-2” долбоору Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен соттук процесттер аяктабай жаткандыктан бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай жатканын билдирди. https://youtube.com/live/4OX1okYHaxA
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
"Нооруз-2025" көк бөрү турнири өткөрүлбөй турган болду
Кыргызстандын Спорт департаменти көк бөрү боюнча "Нооруз-2025" республикалык турнирин өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясы 15-мартта социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Департамент оюндар убактылуу токтогонун билдиргени менен так себептерин түшүндүргөн эмес.

"Ушундан улам "Көк бөрү" федерациясы катышуучу командаларга жана күйөрмандарга Нооруз турнири уланбай калганын жарыялоого аргасыз" деп жазылган баракчада.

12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. Бул окуядан улам оюндар убактылуу токтотулган. "Көк бөрү" федерациясы беттештер 15-марттан тарта уланарын билдирген.
https://www.azattyk.org/a/33348629.html
АКШ Кыргызстанды жана Тажикстанды чек ара келишими кабыл алынышы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстан менен Тажикстанды чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тарыхый келишимдин кабыл алынуусу менен куттуктады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюстун бул тууралуу билдирүүсүн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады.

Брюстун билдирүүсүндө чек ара келишимине жетишкендик эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн дипломатияга жана аймактык туруктуулукка ынтызарлыгын көрсөтүп турганы белгиленди.

"Чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу – өкмөттүн эң татаал дипломатиялык милдеттеринин бири жана биз эки өлкө башчыларынын көрөгөчтүгүн, ошондой эле тоскоолдуктарды жеңүүдөгү чечкиндүүлүгүн баалайбыз. Америка Кошмо Штаттары бул айрыкча маанилүү келишим бекем соода жана элдердин ортосундагы байланыштарды ачууга, ошондой эле, эки өлкөнүн, жалпы аймактын мындан ары өнүгүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөөгө жол ачат деп үмүттөнөт", - деп жазылган анда.

Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттер уюму (ТМУ),Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин кубаттаган. https://www.azattyk.org/a/33348641.html
Азаттык: Кечки радио эфир | 15.03.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы операциясы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал аталган облустун украин аскерлери ээлеп алган Суджа шаарын Орусиянын армиясы бошоткондон бир күндөн кийин маалымдады.

Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арадагы Курск облусуна чабуулун 2024-жылдын августунда баштаган. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар Суджа Орусиянын Украина ээлеп алган аймагындагы эң ири шаар болду. https://www.youtube.com/watch?v=EjiRuVQvfsY
"Ашказан ооруганда орозону абайлап кармоо керек" | "Сергек жашоо"

Ашказан ооруп, зарна болгон учурда орозону токтотуу керекпи? Ооз жапкандан кийин эмнеге кайра уктабаш керек? Ооз ачкандан кийин дароо аш жегенге болбойбу? “Сергек жашоо” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында орозо туткан адам кантип туура тамактанышы керек деген суроого жооп издедик. Биздин коногубуз дарыгер, социалдык медиа аркылуу элге медициналык кеп-кеңеш берген Адилет Жумабаев болмокчу. https://www.youtube.com/watch?v=uOyHJG4olnU&t=280s
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Эркин депутат катары ишин уланткан Айжигитов 12-мартта жалпы жыйынында парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип, жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.

Султанбай Айжигитов бул Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамдарга каршы келерин айтып, сунушту дагы бир жолу добушка коюуну суранды. Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз👇
Бишкекте 16-мартта турак үйдүн 9-кабатынан эки бала кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.

Бул факты боюнча саат 16:24тө милицияга маалымат түшкөн. Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган жана кулап түшкөн балдар ошол жерде каза болгон. Алар төрт жана эки жашта болушкан.

Учурда зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Ушул эле күнү милицияга Бишкектин 7-кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан бир адам кулап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кулап кеткен алты жашар бала болгон. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон.

@azattyk_radiosu
Кыргыз авиакомпанияларын ЕБдин "кара тизмесинен" чыгаруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын учактарын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр жүрдү. 10-13-март күндөрү Европалык авиация коопсуздук агенттигинин жана ЕБдин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы башкармалыгынын эксперттери Кыргызстанда болушту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы 17-мартта “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, Евробиримдиктин эксперттери 2006-жылдан бери Кыргызстанга биринчи ирет келишти. Өкүлдөр Кыргызстандын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн жасап жаткан иштери менен толук таанышкан.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Еврошаркет "Азаттыктын" айланасындагы окуяларды талкуулайт

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Брюсселдиге жыйында Украинадагы согуштан, Жакыңкы Чыгыштагы кырдаалдан тышкары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку окуяларды да талкуулашмакчы. Бул тууралуу өз кабарчыбыз билдирди.

Жекшембиде Чехиянын башкы дипломаты Ян Липавский “Азаттыктын” жана “Америка абазы” радиолорунун ишмердиги маанилүү экенин, авторитаризм шартында жашаган элдер үчүн “багыт берүүчү жарыкка” айланганын айткан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун баш кеңсеси Прагада жайгашкан. Чехиянын өкүлдөрү Евробиримдиктин калган өлкөлөрүнө билдирүүнүн долбоорун таратышты. (Анын көчүрмөсү кабарчыбыздын колуна тийген). Документте “темир көшөгө” артындагы адамдарга ондогон жыл бою объективдүү маалымат берип келген медиа уюм азыр да эркин пресса жок же чектелген аймактардагы он миллиондогон кишиге так, көз карандысыз маалымат берип келатканы” айтылат.

@azattyk_radiosu
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшө турганын билдирди. Мунун алдында Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Путин менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана алдыда эки лидердин сүйлөшүүсү да “оң маанайда” болоруна үмүт бардыгын билдирген. #rfe_rl

@azattyk_radiosu
Израил Газа секторуна абадан соккуларын жандантты

‼️ Шейшембиге караган түнү Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Бир катар маалымат агенттиктери жазгандай, Израилдин коргоо министри ЦАХАЛ “согуштук аракеттерди жандандырганын” жарыялаган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняхунун сөзүнө караганда, ал ок атышууну токтотуу режимин улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнү үчүн жооп катары сокку урууну тапшырган.

Израилдин коргоо министринин билдирүүсүндө согуштук аракеттер "барымтадагылар үйүнө кайтарылмайынча жана бул согуштагы бардык максаттарына жетмейинче" токтобой турганы айтылган.

@azattyk_radiosu
УКМК Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармаганын кабарлады

"Алдамчылык” фактысына байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалганын атайын кызмат билдирди.

"М.у А. 2024-жылдын октябрында шайлоо кампаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ долларын ээлеп алган", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул фактынын негизинде УКМК "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 17-мартта камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сөз болуп жаткан депутаттын инициалы шаардык кеңештин депутаты Мусагул уулу Амантурга туура келет. Ал шаардык кеңешке былтыр, ноябрда “Эмгек” партиясынын катарында шайланып келген.

Шектүү тараптын жакындары, партиялаштары, адвокаттары комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu
2025/07/08 09:34:28
Back to Top
HTML Embed Code: