«Азаттык» радиосу
‼️Шаардык сот Аскат Жетигенди абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды 17-октябрда Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигендин кассациялык арызы боюнча чечим чыгарып, аны үч жылга абакка кескен Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.…
Жогорку сот Аскат Жетиген боюнча чечимди күчүндө калтырды
18-мартта Жогорку сотто жарандык активист, ырчы Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, судьялар коллегиясы Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча былтыр 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.
Бишкек шаардык соту 17-октябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Учурда ал №27 колонияда кармалууда.
@azattyk_radiosu

18-мартта АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Маалыматка караганда, бир жарым сааттан ашкан талкуунун чордонунда Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси болду.
ТАСС агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлердин телефон сүйлөшүүсү аяктаганын бышыктады.

Азаттык Υналгысы
Трамп менен Путин телефондон бир жарым саат сүйлөштү
18-мартта АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Маалыматка караганда, бир жарым сааттан ашкан талкуунун чордонунда Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси болду.
ТАСС агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы…

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу USAGM агенттигин сотко берди
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигин (USAGM) жана уюмдун кызмат адамдары Кэри Лейк менен Виктор Моралести сотко берди. Буга алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иши үчүн бөлүнгөн, АКШ Конгресси жактырган грантты токтотуу аракетине бөгөт коюп жатканы негиз болду.
Сотко жолдонгон арызда аталган медиага Конгресс бөлгөн каражатты берүүнү токтотуу Конституция баштаган федералдык мыйзамдарды бузары белгиленген.
14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген USAGM до болгон. Мындан көп узабай агенттик бул радиого Конгресс жактырган каражат берилбейт деген чечим чыгарганы белгилүү болгон.

“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Фракциянын…
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады
Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө каршы болуп, калганы баары макул деп добуш берди.
Мунун алдында ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.

Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШга өткөрүп берүүнү сунуштады
Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШнын карамагына өткөрүп берүүнү сунуштаганын анын басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Ак үйдөгү брифингде билдирди. Трамптын пикиринде, бул Украинанын энергетикалык объектилерин коргоонун жакшы жолу болмок.
Трамп украин президенти Владимир Зеленскийге: "АКШ электр энергиясы жана коммуналдык кызмат көрсөтүү багытындагы тажрыйбасы менен бул станцияларды башкарууда жардам бермек", - деген. Левиттин белгилешинче, бул сунуш Трамп менен Зеленский 19-мартта телефондон сүйлөшкөн учурда айтылды.

Журналист Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткени кабарланууда
20-мартта эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткенин адвокат Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" ырастады. Ал ушул тапта журналист Бишкек милициясында экенин кошумчалады. Мамыркулова кайсы беренеге байланыштуу айыпталып жатканы азырынча белгисиз экенин айтты.
Жарандык активист Аманбол Бабакулов Мамыркулованы үйүнөн беш киши кармап кеткенин жакындарына таянып билдирди. Ал күч түзүмдөрүнөн чакыруу келбегенин белгилеп, учурда журналисттин санаалаштары Ички иштер министрлигине баратканын кошумчалады.
Милиция азырынча маалымат бере элек.
Журналист Канышай Мамыркулова жергиликтүү басылмаларда иштеп келген. Акыркы учурда социалдык тармактар аркылуу бийликти сындаган пикирлерди жазып жүргөн.
Ал 2023-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыккан. https://smarturl.click/vwlyg

20-мартта эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткенин адвокат Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" ырастады. Ал ушул тапта журналист Бишкек милициясында экенин кошумчалады. Мамыркулова кайсы беренеге байланыштуу айыпталып жатканы азырынча…
Эркин журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камалды
Эркин журналист Канышай Мамыркуловасот бөгөт чарасын аныктаганга чейин 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголгон.
Журналист 20-март күнү кармалганы белгилүү болгон. Анын кызы Айжамалдын айтымында, алар Туңгуч кичирайонунда жайгашкан батирин сатыкка койгон болчу. 20-март күнү болжол менен 15:30дар чамасында Канышай Мамыркулова “үйгө кардар келиптир, жолугуп келейин” деп короого чыгып кеткен. Ошол бойдон аны белгисиз бирөөлөр бир жакка алып кетишкени маалым болгон.
Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” укуктук гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. https://smarturl.click/dpBbz

Эркин журналист Канышай Мамыркуловасот бөгөт чарасын аныктаганга чейин 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ("Массалык…
Жаңылыктар | 20.03.2025 | Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШга өткөрүп берүүнү сунуштады
• Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова кармалып, 48 саатка камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси боюнча айып тагылганы кабарланды.
• Украина жана Орусия соңку суткада кайрадан бири-биринин аймагына сокку урду. Вашингтон Киев менен Москвага убактылуу жарашуу жараянын энергетикалык жайларга сокку урууну токтотуудан баштоону сунуш кылды.
• Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Айрым депутаттар жаңы мыйзам "партияларды жок кыларын" айтса, башкалары азыркы системаны калтырууну сунушташты. https://www.youtube.com/watch?v=ACy9vwqkTYI

YouTube
Жаңылыктар |20.03.2025| Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШга өткөрүп берүүнү сунуштады
- Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова кармалып, 48 саатка камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси боюнча айып тагылганы кабарланды.
- Украина жана Орусия соңку суткада кайрадан бири-биринин аймагына сокку урду.…

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эркин журналист Канышай Мамыркуловасот бөгөт чарасын аныктаганга чейин 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголгон. Милиция журналисттин камалганы тууралуу маалымат бере элек. https://www.azattyk.org/a/33353913.html
Кризистик борборлор жабылуу коркунучта турат. Ким кол сунат? | "Эже-сиңдилер"
Февраль айында парламентте донорлордун каржылоосу чектелгенинен улам кризистик борборлор жабылып калуу коркунучта турганы айтылды. Анда зомбулукка кабылган аялдардын маселесин чечүүдөгү өкмөттүн ролу талкууланды. Кризистик борборлордун саны кыскара турган болсо, оор абалда калган аялдарга ким колу сунат? Алар кайда барып, кимден жардам күтүшү керек? https://youtu.be/VUnM8erAfOU

Кризистик борборлор жабылса кыйналган кыз-келинге ким кол сунат? | "Эже-сиңдилер"
Февраль айында парламентте донорлордун каржылоосу чектелгенинен улам кризистик борборлор жабылып калуу коркунучта турганы айтылды. Анда зомбулукка кабылган аялдардын маселесин чечүүдөгү өкмөттүн ролу талкууланды. Кризистик борборлордун саны кыскара турган…
ИИМ журналист Мамыркулова соцтармактагы билдирүүлөрүнөн улам кармалганын ырастады
Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырык" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган” деп айтылат.
ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.
Милиция Мамыркулова буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маалында "коомдук-саясий абалды курчутканы үчүн" жоопкерчилиги каралганын белгилеген.
20-мартта эркин журналистти үйүнөн милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери кардар катары журналисттин үйүнө барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан. Кийинчерээк адвокат Нурбек Сыдыков Мамыркулова 48 саатка камакка алынганын “Азаттыкка” кабарлаган. https://www.azattyk.org/a/33354261.html

Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек…
Кыргызстанда Нооруз белгиленүүдө
Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган пролог менен башталды.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрамконцерт менен коштолуп жатат.
Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулган.
Оштун башкы аянтында Нооруз майрамы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Ал куттуктоо сөзүндө кыргыз-тажик чек ара келишимине токтолуп, аны "чоң жетишкендик" катары айтты.
31-мартта Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары жолуга турганын билдирди. Ошто да майрам оюн-зооктор, концерт менен коштолду.
Ушундай эле Нооруз майрамы жер-жерлерде да белгиленүүдө. https://www.azattyk.org/a/33354695.html

Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган оюн-зоок менен башталды.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрам концерт менен коштолуп жатат.
Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган…

Украинадагы согуш туткунунун ата-энеси жардам сурайт
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет. https://www.youtube.com/watch?v=e8TPucsi9wA

Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде…
*Азаттык: Кечки радио эфир | 21.03.2025*
Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.
“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс. https://www.youtube.com/watch?v=EeGEcCyQdvo

Азаттык: Кечки радио эфир | 21.03.2025
Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.
“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн…

Журналист Мамыркулованын бөгөт чарасы каралат, ага дагы бир айып коюлду
Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улут аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары сурак алдында айтылды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.
Бүгүн 22-мартта Мамыркулованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралат. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов Фейсбук баракчасына жазды.
https://www.azattyk.org/a/33355782.html

Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улут аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары сурак алдында айтылды.…
Сот журналист Мамыркулованын бөгөт чарасын жабык кароодо
Бүгүн 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап жатат. Сот отуруму жабык өтүүдө. Ага адвокаттан башка жакындары, кызы дагы киргизилген жок.
Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деп кыйкырып турушту.
Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери анын үйүнө сатып алуучу кардар катары барып, күч менен алып кеткенин айтышкан.
Бишкек шаардык милициясы Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.
https://smarturl.click/EeLQZ

Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши…