Telegram Web Link
‼️Эрназар Акматалиев биринчи жолу Азиянын чемпиону болду

Иорданиянын борбору Амман шаарында күрөш боюнча Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болду.

Ал 29-мартта финалда тажикстандык балбан Виктор Рассадинди 5:4 эсебинде акыркы мүнөттөрдө утуп алды. Ага чейинки таймаштарда Казакстандан, Өзбекстандан жана Жапониядан келген атаандаштарын жеңген.

Эрназар Акматалиев 26 жашта. Былтыр Париж Олимп оюндарына катышкан, бирок байгеге илинбей калган.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстанда Айт намазы мечиттерде окулду

Кыргызстанда Орозо айттын урматына намаздар өлкөдөгү мечиттерде окулду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бул майрам менен куттуктап жатып, бул жолку Орозо айы жапатырмак киришкен кайрымдуулук менен эсте калганын белгиледи.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мьянма: Зилзала курмандыктары 1600дөн ашты

Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-Би-Си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.

Учурда дагы ондогон кишинин дайыны чыкпай жатат, куткаруу, издөө иштеринин жүрүшүндө набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
‼️Эрназар Акматалиев биринчи жолу Азиянын чемпиону болду Иорданиянын борбору Амман шаарында күрөш боюнча Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болду. Ал 29-мартта финалда тажикстандык балбан Виктор…
Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар алты медал алды

Иорданиянын борбору Амман шаарында 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар алты медал алды.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 килограмм) алтын, Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм) күмүш тагынды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 килограмм) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 килограмм) коло алды.

Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 килограмм) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограмм) коло медал тагынды.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
БШК депутат Султанбай Айжигитовдун мандатын алды Борбордук шайлоо комиссиясы (БША) 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандатын алды. Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай…
Айжигитов мандат иши боюнча БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди. Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.

Боршайком 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айткан. Ал Султанбай Айжигитов талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп билдирген.

Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, анын мандаты саясий негизде алынганын билдирген.

@azattyk_radiosu
Абхаз, армян номурлуу машинелерди каттоо 1-апрелде башталат

Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды каттоо 1-апрелде башталып, 1-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) басма сөз кызматы кабарлады.

Легалдаштыруу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.

Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл. Чек арадан алып өткөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген маалымкат, легалдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктү “Унаа” мекемесине бериши зарыл.

Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат. Толук окуңуз: 👉 https://smarturl.click/e5pm1
Тажикстанда үч өлкөнүн президенттери Кожент декларациясына кол коюшту

31-мартта Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшту.

“Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Алар үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Иш-чара Кожент шаарынан видео байланыш форматында өттү.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдире турганы айтылды.

Мунун алдында Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. https://www.azattyk.org/a/33365283.html
Жаңылыктар | 31.03.2025 | Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады

- Президент Садыр Жапаров Кожент шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара, жол, суу жана энергетикага байланыштуу ратификацияланган грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюшту. Бул күнү Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына да кол коюлду.

- Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Мекеме өткөн аптада Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер болуп катталганда шайлоо мыйзамын бузган деп тапкан.

- Дональд Трамп Путин анын Украинадагы согушту токтотуу аракетине тоскоолдук кылса, Орусиянын мунайына 25-50 пайыздык кошумча тарифтерди киргизерин билдирди. Ал эми Зеленский сейрек металлдар боюнча келишимден баш тартса, чоң көйгөйлөргө кабыларын эскертти.
https://www.youtube.com/watch?v=XofDo-NcIVg
Кыргызстанда окуучулардын билимин баалай турган PISA сынагы башталды

Кыргызстанда 1-апрелден тартып окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Изилдөөнү өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү, алардын ар биринде координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу бар.

Тестирлөө ушул жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

@azattyk_radiosu
Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Йозеф Сикеланын марттын ортосунда Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын өзөгүн чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү маанилүү минералдарды казуу жана Европага ташуу боюнча сүйлөшүүлөр түздү.

Ал 17-мартта кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кездешкенде Брюссел сейрек кездешүүчү минералдар боюнча чөлкөмдөр аралык кызматташууга өзгөчө маани берип жатканын айтты. Бул тема 3-4-апрелде Самаркандда өтө турган Евробиримдик – Борбор Азия саммитинин күн тартибинде жогору мааниге ээ болорун белгиледи.

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз 👇

@azattyk_radiosu
‼️Башкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүнө өрт койду

31-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын маңдайында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайда бир адам өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн өрттөгөн адам 65 жаштагы Ф.И. экени аныкталган. Буга Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү ага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону негиз болгон. Кылмыш иши тергелип бүтүп, райондук сотко өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Социалдык тармактарда Башкы прокуратуранын алдында белгисиз адам өрт коюп, аны бир адам жана милициянын формасын кийген дагы бир кызматкер өчүрүп калганы тартылган видео тарады. Анын ден соолугу тууралуу азырынча маалымат жок.

@azattyk_radiosu
Европанын алты өлкөсү Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүгө даяр экенин жарыялашты

Германия, Франция, Италия, Польша, Испания жана Улуу Британия (G5+ өлкөлөрү) Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин башчысы Кая Калластын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө бул өлкөлөр Орусияга Украинага каршы согушун жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мындан ары да кысым көрсөтүүгө даяр экени жазылган.

Алар ошондой эле Орусия согушту токтотуп, Украинага келтирген зыяндын чыгымын төлөп бермейинче Батыш өлкөлөрүндөгү орус активдери тоңдурулган бойдон калуусу керектигин дагы бир жолу кайталашты.

@azattyk_radiosu
Коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун иши токтотулат

31-мартта Бишкектеги Панфилов паркында болгон окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун ишин токтотуу тапшырмасын берди.

Ага ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан аттракциондордун ишин токтотуунун тартибин иштеп чыгышы керек.

31-мартта Панфилова атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Ал оор абалда Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бишкек шаардык мэриясы аттракцион айланып жатканда коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирген.

@azattyk_radiosu
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
31-мартта Өзбекстанда мечитте жарылуу болуп, үч адам каза болду. Дагы 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя дүйшөмбү күнү түшкө маал Анжияндын Избаскан районундагы мечитте болгон. Адегенде алты адам жабыркаганы, кийин алардын саны онго жеткени кабарланды.

Алдын ала маалыматта жардырууга даарат алган жайдагы газ себеп болгону айтылды. Натыйжада мечит жарым-жартылай кыйрап, анын чатыры жана дубалдарына зыян келтирилди.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Дрондор Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн президенттеринин сүрөтүн тартты. Мындай шоу Кожент шаарында уюштурулду, анда Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити тууралуу келишимге кол койду.

#кыргызстан #өзбекстан #тажикстан #достук
Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу ИИМдин куратору болуп дайындалды

Орусиянын Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Адам Кадыров ИИМдин куратору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат 31-мартта белгилүү болгонун Кавказ.Реалии сайты жазды.

Чеченстандын ички иштер министри Аслан Ирасханов мындай чечимди Рамзан Кадыров кабыл алганын билдирди.

Адам Кадыров кызматка киришкенден кийин Ички иштер министрлигинин эмгеги сиңген сегиз кызматкерине Чеченстандын баатыры медалын тапшырганы кабарланды.

17 жаштагы Адам Кадыров атасынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы жана шейх Мансур атындагы батальондун жетекчиси. Ал Чеченстандын баатыры наамына да ээ болгон. Ошондой эле эң жаш жетекчи катары Орусиянын Рекорддор китебине кирген.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Айжигитов мандат иши боюнча БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал “Азаттык”…
Сот мандат иши боюнча Айжигитовдун БШКга каршы арызын кабыл алды

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун аны депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы арызын кабыл алды. Бул тууралуу экс-депутат “Азаттык” радиосуна билдирди. Соттук отурум дайындала элек.

Айжигитов 1-апрелде Бишкектин административдик соту Боршайкомго каршы арызын албай жатканын айтып, муну мыйзамсыз деп баалаган.


@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
2025/07/06 14:16:18
Back to Top
HTML Embed Code: