Telegram Web Link
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Эл арасында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү 2005-жылдагы 24-март окуясына быйыл 20 жыл болду. Аскар Акаевдин бийлигин кулашына алып келген негизги себептер, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы элдик толкундоонун сабагы тууралуу сөз кылабыз.
https://www.youtube.com/watch?v=ln0uCV-O5IA
Бишкек мэриясы Киргизия конушундагы "кызыл сызыкка" чыгып кетти делген үйлөрдүн короолорун буза баштады. Жогорку Кеңеште бир топ депутат Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырды.

@azattyk_radiosu
‼️ Дональд Трамп 185 өлкөгө тарифтерди жарыялады, арасында Кыргызстан да бар

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын бардык соода өнөктөштөрүнө тарифтер киргизилгенин жарыялады.

Ак үйдөгү бакчасында өткөн иш-чарада Трамп 2-апрелди “Америка үчүн боштондук күнү” деп атап, “америка өнөр жайынын кайра жаралуу күнү эсте калат” деп билдирди. Ал “АКШны өнөктөштөр да, душмандар да ондогон жылдар бою тоноп келишкенин” деп , тариф киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси жазылган тактаны көрсөттү.

Ага ылайык, Трамп өз жарлыгы менен Кытайдан импорттолгон товарларга 34 пайыздык, Евробиримдик өлкөлөрүнө 20 пайыздык, Жапонияга 24, Индияга 26 пайыздык, ал эми АКШга импорттоочу дагы ондогон өлкөлөргө 10 пайыздык базалык тариф киргизилгени белгилүү болду. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанга 27 пайыз болсо, калган Кыргызстан баштаган төрт өлкөдөн АКШга сатылган товарлар базалык 10 пайыздык тарифке туш болот.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
"Нооруз-2025" көк бөрү турнири өткөрүлбөй турган болду Кыргызстандын Спорт департаменти көк бөрү боюнча "Нооруз-2025" республикалык турнирин өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясы 15-мартта социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Департамент…
‼️Спорт агенттиги көк бөрү оюнуна тыюу салынбаганын билдирди

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда көк бөрү оюнуна тыюу салынбай турганын билдирди. Мекеме март айындагы “Нооруз-2025” республикалык турнири убактылуу гана токтотулганын, бул көк бөрүгө толук тыюу салынды дегенди билдирбей турганын кошумчалады.

Агенттик жакын арада Көк бөрү федерациясы менен биргеликте оюндагы калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутууну пландап жатканы айтылды.

12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун “Бүркүт” командасынын оюнчусу ат менен сүздүргөн.

@azattyk_radiosu
АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары алардан алынуучу жаңы төлөмдөр киргизилип жатканын жарыялады. Анын арасында Европа Биримдигинин аймагынан ташылган товарлар үчүн алынуучу 20 пайыздык пошлина да бар.

Айрым талдоочулар АКШнын мындай кадамы соода согушун жаратып, дүйнөлүк экономиканын ойрон болуусуна алып келиши ыктымал деген кооптонуусун айтып жатышат.

Бул күндү "Американын боштондукка чыгуу күнү" деп атаган Трамп "америкалык өнөр жай тармагынын кайра жаралуу, Американын тагдыры өз ордуна кайткан күн" болуп жатканын кошумчалады жана "биз Американы кайрадан бай кыла баштаган күн" деп айтты.

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз 👇
Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берилери маалым болду

Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында жабык каралды. Мындай маалыматты “Азаттыктын” парламенттеги бир нече булагы, анын ичинде бир катар депутаттар ырасташты.

Маселе жабык каралганы үчүн депутаттар ачык билдирүүдөн баш тартышты. Кандай үлгүдөгү унаалар экени жана алардын баасы боюнча маалымат берилген жок.

Парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге "кызматтык унаа, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз" деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан.

Учурда Жогорку Кеңештин төрагасында жана орун басарларында, бир катар айым депутаттарда кызматтык унаа бар.

@azattyk_radiosu
ЖК депутаттарга алына турган кызматтык машинелер боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттарга алына турган кызматтык автоунаалар тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматта буга чейин парламенттин 20 айым депутаты кызматтык машине менен камсыз болгону, алардын айдоочуларынын айлыгы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келатканы айтылат.

Калган 70 депутатты автоунаа менен камсыз кылуу иши да так эле ушундай шартта жүргүзүлөрү, азырынча кайсы үлгүдөгү машинелер алынары толук чечиле электиги кабарланды.

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутаттар кызматтык унааларга байланыштуу маселени жабык карашкан. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип, депутаттарга Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү электромобилдерди алуу пландалып жатканын жазышкан.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламенттин депутаттарына кызматтык автоунаа берүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгон. Документте депутаттарга кызматтык машине берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы, ал эми аны колдонуу Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилери жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылы шайлоо алдында элге “кызматтык машине, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз” деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Андан кийин айрым айым депутаттардын коомдук транспортто жүргөнү боюнча маселе көтөрүлүп, кээ бир эл өкүлдөрүнө кызматтык автоунаа берүү маселеси айтыла баштаган. https://www.azattyk.org/a/33372378.html
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Жаңылыктар | 03.04.2025 | Трамп 185 өлкөгө тарифтерди жарыялады, арасында Кыргызстан да бар

- Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары алардан алынуучу жаңы төлөмдөр киргизилип жатканын жарыялады. 185 өлкөгө киргизилген тарифтердин тизмесинде Кыргызстан да бар.

- Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчу тобу кыргыз бийлигин абактагы журналисттерди бошотууга чакырды.
Камактагы журналист Канышай Мамыркулова абактан кат жазып, коюлган айыптарды четке какты.

- Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар берилери маалым болду. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында жабык каралды. https://youtube.com/live/KsRYdmgtumM
Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-апрелде “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ага укук коргоо органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

“Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзамдын талаптарына баш ийбей жүрүшөт”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын жетекчисинин орун басары Зарылбек Раимкулов коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө 1-майдан тартып айып салына баштарын айтты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

https://www.azattyk.org/a/33373205.html
• Украинада Орусиянын чабуулунан төрт адам каза таап, 40тан ашыгы жараат алды. Дрон соккусуна кабылганын Орусия да билдирип, чабуулдан бир жайтургун мерт болгонун кабарлады.

• Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия саммити өттү.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен “Глобалдык каалга” долбоорунун алкагында Борбор Азияга багытталган 12 миллиард евролук инвестициялык пакетти жарыялады.

• Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди. Быйыл январда президент кол койгон “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып салынат. https://youtube.com/live/h_iYFb1ZVo0
"Эненин тиши кариес болсо балага өтөт" | "Сергек жашоо" подкасты

Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи. https://www.youtube.com/watch?v=uv5z_yoeEQY
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
«Азаттык» радиосу
Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берилери маалым болду Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында жабык каралды. Мындай маалыматты “Азаттыктын” парламенттеги бир нече булагы…
Москва Молдованын үч дипломатын өлкөдөн чыгарууда

Москва Молдованын Орусиядагы элчилигинин үч кызматкерин persona non grata деп жарыялап, аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирди. Тийиштүү дипломатиялык нота 4-апрелде Молдованын элчиси Лилиан Дарийге тапшырылды.

Орусия мындай кадамын Молдова бийлигинин бул өлкөдөгү орусиялык дипломаттардын үчөөнү чыгаруу тууралуу чечимине жооп катары түшүндүрдү.

31-мартта Молдованын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигинин үч кызматкерин "дипломатиялык макамга ылайык келбеген ишмердүүлүгү үчүн" деген негизде чыгарып жатканын жарыялаган. Молдова бийлиги орус элчилигин Приднестровье жикчил аймагындагы саясий партияларды мыйзамсыз каржылаган жана жемкорлукка аралашкан деп айыпталган орусиячыл депутат Александр Нестеровскийдин Молдовадан качып кетишине жардам берген деп айыптаган. Аны элчиликтин имаратында жашырынтып кармап, кийин чыгарып кетишкен деген жүйө келтирген.

@azattyk_radiosu
‼️Бир катар басылмалар парламент төрагасына, орун басарларына, комитеттердин жана фракциялардын башчыларына Lixiang L9 ал эми калган депутаттарга ушул эле маркадагы L7 унаасын сатып алуу пландалып жатканын жазып чыгышты. L9дун базардагы баасы орточо эсеп менен 60 миң АКШ доллары болсо, L7 болсо 40 миң доллар деп бааланат.

Бирок Жогорку Кеңештин аппараты азырынча кандай унаа сатып алына турганы аныктала электигин билдирди.

@azattyk_radiosu

Эл өкүлдөрүнө кызматтык унаа алуу боюнча депутаттар менен эксперттердин пикири кандай? Шилтемеден окуңуз.👇
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
2025/07/06 05:27:15
Back to Top
HTML Embed Code: