⚡️Баткенде аскер кызматкери шеригине ок аткан окуя териштирилүүдө
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бир аскер кызматкеринин экинчисин атып алган окуяны териштирип жатат.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы тарбия иштери башкармалыгы ок 5-апрелде Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын аскер бөлүгүндө атылганын билдирди.
Коргоо министринин орун басары окуяны териштирүү үчүн аталган аскер бөлүккө кеткени маалым болду. Ок жеген адамдын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
@azattyk_radiosu

Азаттык Υналгысы
Баткенде аскер кызматкери шеригине ок аткан окуя териштирилүүдө
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бир аскер кызматкеринин экинчисин атып алган окуяны териштирип жатат.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы тарбия иштери башкармалыгы ок 5-апрелде Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын аскер бөлүгүндө атылганын…

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган кеңсеси (OCHA) кабарлагандай, соңку эки жумада 280 миңдей газалык кайрадан жер которууга аргасыз болду.
Ал арада ЦАХАЛ аскерлери ката кетирип, Газадагы куткаруучу жана медициналык кызматкерлерди өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.
@azattyk_radiosu
Газадагы абал тууралуу шилтемеден толук окуңуз. 👇

Израил Газада медкызматкерлерди өлтүргөнүн моюнга алды
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) аскерлери Газада палестиналык 15 куткаруучу, парамедикти өлтүргөнүн моюнга алды. Аскерлер маркумдардын айрымдары согушкерлер менен байланышта болгонун айтканы менен далилдерди келтире элек. Эки айлык жарашуудан кийин ЦАХАЛ 18-мартта…
Апрель ыңкылабынын духу 2011-жылдан кийин бузулуп, “жылма контрреволюциячыл” аракеттер күчөгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. Ал Апрель ыңкылабынын аткарылбай калган максаттары, анын мааниси жана сабагы, 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтуу аракеттеринин аркасында жаткан окуялар тууралуу айтып берди.
YouTube
Каптагаев: Бакиев сот чечимин буздуруп, эркиндик алууну каалап жатат
Апрель ыңкылабынын духу 2011-жылдан кийин бузулуп, “жылма контрреволюциячыл” аракеттер күчөгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. Ал Апрель ыңкылабынын аткарылбай калган максаттары…
Жылуулук менен ысык суунун акысын июндан тарта көтөрүү сунушталды
Энергетика министрлиги быйылкы июнь айынан тартып жылуулук менен ысык суунун баасын жогорулатууну сунуштады. Министрлик сунушун коомдук талкууга чыгарып, баалар калктын керектөөсү үчүн да көтөрүлөрүн эскертти.
Министрлик учурда жылуулук менен ысык суунун акысы өздүк наркынан төмөн экендигин, бул жабдуулардын эскирүүсүнө алып келерин, аларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк болбосун эскертүүдө.
Ушундан улам, министрлик тарифти жыл сайын, 1-июнда көтөрүп турууну сунуштоодо.
Сунушка ылайык, 2025-жылдын 1-июнунан тарта 80 чарчы метрге чейинки батирлер үчүн жылуулук менен ысык суунун акысы 25 пайызга, 2026-жылы 50%, 2027-жылы 75 пайызга кымбаттайт. 2028-2030-жылдары тариф өздүк нарктын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

«Азаттык» радиосу
Сот мандат иши боюнча Айжигитовдун БШКга каршы арызын кабыл алды Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун аны депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы арызын кабыл…
Сот Султанбай Айжигитовдун мандат боюнча арызын 23-апрелде карайт
Бишкектин Административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы боюнча 23-апрелде алдын ала угуу өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.
Аталган сот Султанбай Айжигитовдун арызын 3-апрелде кабыл алган. Анын алдында Айжигитов Бишкектин административдик соту мандат боюнча Боршайкомго каршы арызын албай жатканын айтып, муну мыйзамсыз деп баалаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууга түштү. Депутаттар 3-апрелдеги жыйынында бул маселени жабык карады. Учурда парламенттеги айым депутаттарга жана төрагага, анын орун басарларына гана кызматтык унаа каралган.
Айрым эл өкүлдөрү кызматтык унаага муктаждык бар экенин, алар мамлекеттик жумушту аркалап жатканы үчүн камсыздалышы туура болгонун айтып жатышат.
@azattyk_radiosu
Айрым эл өкүлдөрү кызматтык унаага муктаждык бар экенин, алар мамлекеттик жумушту аркалап жатканы үчүн камсыздалышы туура болгонун айтып жатышат.
@azattyk_radiosu
YouTube
Депутаттарга машине сатып алуу керекпи? Эл өкүлдөрүнүн пикири
Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууга түштү. Депутаттар 3-апрелдеги жыйынында бул маселени жабык карады. Учурда парламенттеги айым депутаттарга жана төрагага, анын орун басарларына гана кызматтык унаа каралган.…
Максим Бакиев атасынын бийлиги маалында бизнестерди тартып алууга жана ири долбоорлорду калкалоого аралашканы, киши өлтүрүүлөргө жана коркутууларга да байланышы бар экени айтылып жүрөт. Соңунда чоң кызматка дайындалып, мамлекеттик башкарууда эң таасирдүү адамга айланган.
Бул жана башка аракеттер Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген. Апрель окуясынан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишкен жана аларга сыртынан өкүм чыккан.
“Азаттык” радиосу бул ирет “Максим Бакиев ким болгон?” деген суроого жооп издеди. Окуяларды хронологиялык тартипте тизмектеп, соңунда ал кандай таасирге ээ болгонун жана анын аракеттери кандай жыйынтыктарга алып келгенин баяндайбыз.
@azattyk_radiosu
Максим Бакиев таасири кандай болгонун шилтемеден окуңуз. 👇

Бакиевдин бийлигинде Максимдин ролу кандай болгон?
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин…
❗️Муфтият никаб кыргыз коомуна бөтөн көрүнүш экенин билдирди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) никаб, паранжа динде парз эмес экенин, аялдар аны кийбесе күнөөкөр болбой турганын билдирди.
Муфтият диний маселеге келгенде шариятка, анык далилдерге таянуу менен гана сөз кылуу кажет экенин, аны ар кандай кызыкчылыктар үчүн колдонуу күнөө болуп саналарын эскертти.
3-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет УКМК) “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары айтылган.

Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти.
Расмий маалыматка караганда, ушу тапта банктык карталары тоңдурулуп, Орусияда "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине киргизилген кыргыз мигранттарынын саны 78 миңге жетти.
Мигранттардын бири банк картасы бөгөттөлүп, ипотекасын, насыясын, батирдин акысын төлөгөнгө, үй-бүлөсүн бакканга каражатты кайдан табам деп кабатыр болуп турганын айтып берди.
@azattyk_radiosu
Орусиядагы мигранттар дагы кандай кыйынчылыктарга кабылды? Шилтемеден окуңуз.👇

"Азык-түлүк сатып ала албай калдык". Орусияда реестрге кирген мигранттар көбөйүүдө
Орусиядагы ондогон кыргыз мигранты “Азаттыкка” кайрылып, документи жайында болгонуна карабастан банк карталары бөгөттөлгөнүн билдиришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кыргыз мигранттарына документтерин…
Жаңылыктар | 08.04.2025 | Муфтият: никаб кыргыз коомуна жат көрүнүш
- Жогорку Кеңеште эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрүлдү. 9-апрелде Бишкек шаардык сотунда журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралат.
- АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга кошумча дагы тариф киргизерин билдирди. Ал тапта Евробиримдик да Американын товарларына кошумча тариф киргизүү маселесин талкуулап жатат.
- Муфтият никаб, паранжа динде парз эмес экенин белгилеп, ал кыргыз коомуна жат көрүнүш экенин билдирди. Ушул тапта аймактарда жүзүн толук жаап жүргөндөргө эскертүү берилүүдө. Мыйзамды бузгандар 20 миң сом айыпка жыгылат. https://youtu.be/doJAnlj8IQw

- АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга кошумча дагы тариф…

2005-жылкы Март ыңкылабынын 20 жылдыгына жана 2010-жылкы Апрель төңкөрүшүнүн 15 жылдыгына тушташ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Кыргызстанга келгени кабарланып, бийлик маалыматты төгүндөдү.
Максим Бакиев атасынын бийлиги маалында бизнестерди тартып алууга жана ири долбоорлорду калкалоого аралашкан. Киши өлтүрүүлөргө жана коркутууларга да байланышы бар экени айтылып жүрөт. Соңунда чоң кызматка дайындалып, мамлекеттик башкарууда эң таасирдүү адамга айланган. Бул жана башка аракеттер Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген.
Апрель окуясынан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишкен жана аларга сыртынан өкүм чыккан. “Азаттык” радиосу бул ирет “Максим Бакиев ким болгон?” деген суроого жооп издеди.

"Жарым президентке" айланган Максим Бакиев
2005-жылкы Март ыңкылабынын 20 жылдыгына жана 2010-жылкы Апрель төңкөрүшүнүн 15 жылдыгына тушташ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Кыргызстанга келгени кабарланып, бийлик маалыматты төгүндөдү. Максим Бакиев атасынын бийлиги маалында…
Азамат Ишенбеков менен Зарина Төрөкуловага ырайым берилди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-апрелде кол койгон мыйзам менен учурда абакта жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берилди.
“Ырайым берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлганы тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору 13-мартта Жогорку Кеңеште кабыл алынган.
Сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатып, ырайымга туш болгондордун катарында "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен соттолгон активисттер Азамат Ишенбеков, Зарина Төрөкулова бар.
Ошондой эле тизмеде Орусиянын федералдык соттору түрдүү кылмыштарга айыптап, бирок эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанга экстрадицияланып, мекениндеги абак жайларда жаза мөөнөтүп өтөп жаткан он чакты жаран да бар.
https://smarturl.click/nVj8b

“Ырайым берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлганы тууралуу…

Абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда жеңилдиктер берилди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 9-апрелде маалымдады.
Ага ылайык, жолугушуу 9-апрелде өтүп, ага тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты. Жолугушуу учурунда Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери аталган сумма көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушту.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда мындай автоунааларга байланыштуу буга чейин бекитилген токтомго өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди. Анын сөзүнө караганда, армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда алынуучу 100 миң сомдун ордуна кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки автоунааларга 50 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн. Ал эми айып токтотмо жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралган. Тийиштүү лабораториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлүп, Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылган.
Камчыбек Ташиев жеңилдиктер каралганын белгилеп, тийиштүү мекемелердин жетекчилерине бул маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.
Армениядан жана Абхазиядан ташылып келген унааларды легалдаштыруу максатында ээлери 14-апрелден тартып, УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. https://www.azattyk.org/a/33378296.html

Ага ылайык, жолугушуу 9-апрелде өтүп…
Ага ылайык, жолугушуу 9-апрелде өтүп…
Жаңылыктар | 09.04.2025 | УКМК Оштун мэринин сунушун сындады
• Президент Садыр Жапаров ушул тапта абактарда жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берди. Алардын арасында акын, журналист Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.
• Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдады. Расмий Бээжин бул кабарларды текшерип жатканын билдирди.
• Кыргызстанда сот тергөө органдары берген өтүнүчтөрү колдоп, шектүүлөрдүн дээрлик 90% камакка алат. Акыйкатчы буга байланыштуу укук коргоо органдарын Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так сактоого чакырды. https://www.youtube.com/watch?v=5KBhZTfMs3k

Жаңылыктар | 09.04.2025 | УКМК Оштун мэрин тизгиндейби?
- Президент Садыр Жапаров ушул тапта абактарда жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берди. Алардын арасында акын, журналист Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.
- Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга…

Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды
Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын отурумду фотого, видеого тартуу өтүнүчү канааттандырылган жок. https://www.azattyk.org/a/33378454.html

Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын отурумду фотого, видеого тартуу өтүнүчү канааттандырылган…
Жарандык активист Зарина Төрөкулова эркиндикке чыкты
9-апрелде жарандык активист Зарина Төрөкулова президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык абактан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Төрөкулова өзү "Азаттыкка" билдирди.
"Ушул жылдын январь айында ырайым сурагам. Бүгүн кечинде эркиндикке чыктым. Азыр эң негизгиси ден соолугума кам көрөм", - деди Төрөкулова.
Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон.
Ал өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган. Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган.
9-апрелде Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков да президенттин ырайымына ылайык абактан чыкты. https://www.azattyk.org/a/33378633.html

"Ушул жылдын январь айында ырайым сурагам. Бүгүн кечинде эркиндикке чыктым. Азыр…

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Беш жылга кесилген журналист, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков абактан бошотулду.