«Азаттык» радиосу
Беш жылга кесилген журналист, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков абактан бошотулду.
"Чек арасыз кабарчылар" Азамат Ишенбековдун абактан бошотулуусун кубаттады
"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Кыргызстанда журналист Азамат Ишенбековдун президенттин ырайымы менен эркиндикке чыгарылышын кубаттады. Бул тууралуу уюмдун Телеграм каналында жарыяланды.
RSF билдирүүсүндө журналист Азамат Ишенбеков абакка "жасалбаган кылмышка" айыпталып, камалганын белгилеп, президент Садыр Жапаров аны менен кошо камалган журналист Махабат Тажибек кызын да эркиндикке чыгаруусу керек деп эсептей турганын жазды.
@azattyk_radiosu

Кыйноого каршы борбор №27 абакта 42 киши айып изоляторуна киргизилгенин билдирди
Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 42 жаран айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу 9-апрелде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлады.
Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, камакта отургандардын жакындары аталган жайда кыйноо, уруп-сабоо болуп, суу бербей, тамак-аш киргизүүгө, жолугушууларга уруксат берилбей жатканын айтып кайрылышкан.
8-апрелде аталган борбордун кызматкерлери №27 түрмөгө барып, камактагылардан кабар алып, жагдай менен таанышып келди.
Жаза аткаруу кызматы мыйзамдагы талаптарды аткаруудан баш тарткан, ички тартипке баш ийбеген 42 соттолуучу 3 күндөн 15 күнгө чейин айып изоляторуна камалганын ырастап, кыйноо болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.

Жаңылыктар | 10.04.2025 | Орусияда тил билбеген балдар мектепте алынбайт
- Жогорку Кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бир күн өтүп-өтпөй эле парламент жалган маалымат тараткандарга айып пул салган долбоорду кабыл алды.
- Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Алардын кеминде 38и каза болгон.
- Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам күчүнө кирди. Бул өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын балдары башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтүшү керек. https://youtube.com/live/tRwpuVo2g6M

YouTube
Жаңылыктар | 10.04.2025 | Орусияда тил билбеген балдар мектепке алынбайт
Жогорку Кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бир күн өтүп-өтпөй эле парламент жалган маалымат тараткандарга айып пул салган долбоорду кабыл алды.
Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген…

Жаңылыктар | 11.04.2025 | Пенсия дагы 7 пайызга көтөрүлөт
• Якутиянын Алдан шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын бир, Тажикстандын төрт жана каза тапты. Мигранттар бараткан Toyota Prius машинеси КАМАЗ жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн.
• АКШ менен Орусия туткун айырбаштап, Украинадагы кайрымдуулук уюмуна 51 доллар которгону үчүн Орусияда эркинен ажыратылган Ксения Карелина Америкага жеткирилди.
• Адамдарды үйлүү кылам деген “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кармалды. Ал 600дөн ашык кишиден 150 миллионго жакын акча алганын жана кайра кайтарып бере албай турганын айтты. https://youtube.com/live/iNTKOpxEnY0

- Якутиянын Алдан шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын бир, Тажикстандын төрт жана каза тапты. Мигранттар бараткан Toyota Prius машинеси КАМАЗ жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн.
- АКШ менен Орусия туткун айырбаштап, Украинадагы кайрымдуулук уюмуна…

“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу | "Эксперттер талдайт"
Кыргызстанда “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды жапырт бузуу кампаниясы кызуу жүрүп, Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарлардан тарта айылдарга чейин жетип барды. Бийлик өкүлдөрү ушундай жол менен шаар, район борборлорун, айылдарды иретке келтиргиси келет. Ошол эле маалда “снос” деп аталган бул жараянын юридикалдык жагы боюнча кызуу талкуулар жүрүп, жеке менчикке болгон укук бузулуп жатканы парламентте да көтөрүлдү. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жүздөгөн жарандын дубалы, үйү бузулуусуна негиз болгон “снос” же бузуу өнөктүгүнүн күңгөй-тескейи боюнча талкуу кылабыз. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринин депутаттары Бекболот Арзибаев, Улукбек Карыбек уулу жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков катышат. https://youtube.com/live/tEad2i-GANo

Кыргызстанда “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды жапырт бузуу кампаниясы кызуу жүрүп, Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарлардан тарта айылдарга чейин жетип барды. Бийлик өкүлдөрү ушундай жол менен шаар, район борборлорун, айылдарды иретке келтиргиси…
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин ишин кайра каралууга жатат деп тапты
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн карап, чечимин чыгарды.
Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматка ылайык, сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
"Мындай укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендикти, адилеттүү сот өндүрүшүнө болгон кепилдикти көрсөтөт жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле көпчүлүк демократиялык мамлекеттердеги туруктуу практикага толугу менен ылайык келет", - деп белгиленген маалыматта.
2024-жылдын декабрында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жети беренеси, тагыраагы, мурдагы президентти сыртынан соттоого шарт түзгөн нормалардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүнү суранган.
Адвокат өз жүйөсүндө айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын белгилеп, ал эми Бакиевдин ишинде ал катышпаса деле иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп билдирген.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуялары” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Соңку жылдары өлкөдө Бакиев боюнча маселе утур көтөрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-мартта Беларус “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатат” деген. https://www.azattyk.org/a/33382259.html

Азаттык Υналгысы
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин ишин кайра каралууга жатат деп тапты
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн карап, чечимин чыгарды.
Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматка ылайык, сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз…

Ала-Арчага майдан баштап автоунаалар киргизилбейт
Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт.
Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электрокарлар жеткирет.
Президенттин иш башкармалыгы мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында кабыл алынганын билдирди.
"Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын кире беришинде тыгындар болбошу керек. Паркта алгачкы ирет курулуп жаткан асма жол жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда", - деп жазылган маалыматта.
Айрым медиалар Иш башкармалыкка таянып, паркта от жагууга тыюу салынарын, абанын булганышын азайтуу үчүн газ менен иштеген мештер орнотуларын жазышты. https://www.azattyk.org/a/33383139.html

Ала-Арча паркына май айынан баштап автоунаа киргизилбейт
Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт. Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электрокарлар жеткирет.
Президенттин иш башкармалыгы мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында…

ТИМ Москвадагы мончодо мигранттарды полиция сабаган делген окуя боюнча маалымат берди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко алынганы айтылган окуя териштилип жатканын билдирди.
Анда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктардан кабар алганы, учурда аларга укуктук жардам берилип жатканы белгиленет.
Ошондой эле орус полициясынын мончодо кыргыз жарандарына мыйзамсыз аракеттерди жасаганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын ТИМ кошумчалады.
Толук окуңуз: 👉
https://smarturl.click/VRyJb

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвадагы мончолордун биринде мигранттар ур-токмокко алынганы айтылган окуя териштирилип жатканын 12-апрелде билдирди.
Анда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тимирязев райондук полициясына…

АКШ импорттолгон смартфон, компьютерлерди бажы тарифинен бошотту
Уюлдук телефондор, компьютерлер, процессорлор, чиптер, дисктер, сактоочу карталар жана башка бир катар электрондук каражаттар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мурда киргизген импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Бул товарларга дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө киргизилген 10% жана Кытайга карата кошумча 125% тарифтер тиешелүү эмес.
Bloomberg бул тизмени АКШнын Бажы жана чек ара кызматы 12-апрелде жарыялаганын билдирди. Маалыматты Reuters жана башка басылмалар да тастыкташты.
Дональд Трамп 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Айрыкча ал Европа Биримдигинен импорттолгон товарларга 20 пайыздык тариф кирерин билдирди. Британия үчүн бул көрсөткүч 10 пайызды түзөт, ал эми айрым өлкөлөр үчүн — 40 пайыз жана андан да жогору болушу мүмкүн. Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизери күтүлүүдө.

Москвада негизинен кыргызстандыктар барган мончого полиция өкүлдөрү кирип барып, ичиндегилерди себебин түшүндөрбөстөн туш келди уруп-сабап, кыйноого алганы тууралуу кабарлар тарады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя териштирилип жатканын билдирди.
Мончодогу мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуянын чоо-жайы менен кеңири бөлүштү. Орусиянын Ички иштер министрлиги окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.
@azattyk_radiosu
Мончодогу мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуянын чоо-жайы менен кеңири бөлүштү. Орусиянын Ички иштер министрлиги окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.
@azattyk_radiosu
YouTube
Москвадагы мончодогу окуя, мигранттардын абалы
Москвада негизинен кыргызстандыктар барган мончого полиция өкүлдөрү кирип барып, ичиндегилерди себебин түшүндөрбөстөн туш келди уруп-сабап, кыйноого алганы тууралуу кабарлар тарады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя териштирилип жатканын билдирди.…
Украина: Сумыдагы чабуулдун курмандыктары 31ге жетти
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Украин президенти Владимир Зеленский соккудан 31 киши каза тапканын тактады, 80ден ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө балдар.
Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон. Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.
Орусия тарап комментарий бере элек.

Москвада полиция сабаган мигранттардын төртөө Орусиядан чыгарылат
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарыларын билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү кармалган Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо иштерине кошулду.

Москва мончосундагы окуя: ТИМ Орусиянын элчисине нота тапшырды
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду 14-апрелде министрликке чакырып, жолугушту. Элчи Москва шаарындагы "Бодрость" мончосунда Кыргызстандын жарандарын жапырт кармоого байланыштуу чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, элчи Сергей Вакунов менен министрдин орун басары Алмаз Имангазиев сүйлөштү. Ал элчи аркылуу Орусия бийлигине мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырды.
Имангазиев ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнү өтүнүп, кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетирүүчү бул сыяктуу жагдайларга жол бербөөнү элчи аркылуу орус бийлигинен суранды.

14-апрелдин кечинде укук коргоочу Рита Карасартованы милиция кармап кеткени кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуяга күбө болгон укук коргоочу Перизат Суранова билдирди. Анын айтымында, Карасартованы милиция кызматкери үйүнөн алып кеткен.