"Полиция үчүн оңой олжо". Кыргыз жарандарын Орусияда маңзат соода торуна түшүргөн азгырык
Кыргызстанда Орусиянын аймагында иштеп, дароо көп акча табууну убада кылган жарыялар соңку кезде көбөйгөнү байкалууда. Мындай жарнаманы көчөдөн да, социалдык тармактардагы баракчалардан да кездештирсе болот.
"Азаттык" радиосунун кабарчылары мына ушундай жарыялардын биринде көрсөтүлгөн Telegram аккаунт менен байланышып көрүштү. Ал жактан келген жооптон Орусияда өтө көп маянага сунуш кылынып жаткан жумуш тыюу салынган маңзат ташууга байланыштуу экенин түшүнсө болот.
Толук окуңуз: ↙️
https://smarturl.click/MGeQ4

Азаттык Υналгысы
"Полиция үчүн оңой олжо". Кыргыз жарандарын Орусияда маңзат соода торуна түшүргөн азгырык
Кыргызстанда Орусиянын аймагында иштеп, дароо көп акча табууну убада кылган жарыялар соңку кезде көбөйгөнү байкалууда. Мындай жарнаманы көчөдөн да, социалдык тармактардагы баракчалардан да кездештирсе болот.
Аптасына 1000 доллар маяна убада кылган жарнамага…

Бишкек шаарында машинесин жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун алдын тороп токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Азаттык Υналгысы
Бишкекте автобусту тороп токтоткон машиненин ээсине айып салынды
Бишкек шаарында машинесин жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун алдын тороп токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
"Шевроле Спарк"…
"Шевроле Спарк"…
Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты
Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев кызматтан кетип, ордуна Айгүл Калчакеева дайындалды. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.
Кадрдык алмаштыруунун себептери айтылган жок.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Айгүл Калчакеева Кыргыз-Орусия славян университетинде, Бишкек финансы-экономикалык академиясында ар кайсы кызматтарды аркалаган.
2016-2022-жылдары Бишкектеги Борбор Азиядагы эл аралык университеттин (МУЦА) вице-президенти, 2022-2023-жылдары Казакстандагы Санариптик туруктуу өнүктүрүү агенттигинин консультанты болуп иштеген. 2023-жылдан бери Бишкектеги Борбор Азиядагы корей институтунда проректор болуп турган.
Алмазбек Акматалиев Мамлекеттик башкаруу академиясынын биринчи ирет 2010-2012-жылдары башкарган. 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кайрадан академиясынын ректорлугуна дайындалып, ошондон бери аталган кызматта иштеп келаткан. Акматалиев коомдук-саясий маселелерде эксперт катары да коомчулукка белгилүү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын бийлиги мурдагы президенттин администрациясы менен макулдашылган дрондорго каршы ракеталарды Украинага бербей, башка жакка жөнөтүп жибергенин билдирди. Бул тууралуу ал базар күнү америкалык ABC News телеканалына курган интервьюсунда айтты.
Азаттык Υналгысы
Зеленский: АКШ убада кылган 20 миң ракетасын Украинага бере элек
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын бийлиги мурдагы президенттин администрациясы менен макулдашылган дрондорго каршы ракеталарды Украинага бербей, башка жакка жөнөтүп жибергенин билдирди. Бул тууралуу ал базар күнү америкалык ABC News телеканалына…
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын 19 жаштагы уулу Бакыт Базарабев бир нече жолу медициналык комиссиядан өтүп, армияга жарактуу деп табылгандан кийин былтыр күзүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Бир аптадан кийин анын ооруп жатканы тууралуу жакындарына кабар келип, кийин Бишкектеги ооруканалардын биринен дарыланып чыкты. Ооруканадан чыккандан кийин Бакыт аскерде токмок жегинин "Азаттыкка" айтып берди. Министрлик бул маалыматтарды четке кагууда.
YouTube
“Армияга соо кеткен баламды оорукчан кылып кайтарышты”
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын 19 жаштагы уулу Бакыт Базарабев бир нече жолу медициналык комиссиядан өтүп…
Жогорку Кеңеш өткөн апта соңунда Жер кодексин талкуусуз кабыл алды. Өткөн жылдан бери бир катар нааразылык акциялары өтүп, айрымдар президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.
Алар кодекс кабыл алынса, “жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып чыгышкан эле. Документти президент Жапаров артка кайтаргандан кийин макулдашуу тобу кайра иштеп чыкканы, тармактык комитеттерде жактырылганы айтылды. Жапаров бул мыйзамды апрелде “жеке менчик кол тийгис” экенин айтып, артка кайтарган эле.

Жер кодекси: макулдашылган вариант кандай болду?
Жогорку Кеңеш өткөн апта соңунда Жер кодексин талкуусуз кабыл алды. Өткөн жылдан бери бир катар нааразылык акциялары өтүп, айрымдар президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.
Лениндин эстелиги алынышы керекпи? Оштун борбордук аянтында дээрлик отуз жылдан ашык турган эстеликтин алынышы жергиликтүү эле эмес, дүйнөлүк айрым медиалардын да көңүлүн бурду.
Орусиянын Чебоксары шаарында “Шахед” дрону үчүн антенна жана башка жабдыктарды чыгарган заводго чабуул жасалып, өрт чыкканы кабарланды.
Ошол эле учурда Орусия бир нече күндөн бери кошуна өлкөсүн көп сандагы дрон менен аткылап келатат. Муну согуш жүргүзүүдөгү жаңы тактика деп атаса болобу?
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөгөн жигит токмок жегенин айтып чыкты. Министрлик бул маалыматтарды четке кагууда.

Жаңылыктар | 09.06.2025 | Талаш жараткан Лениндин эстелиги
Лениндин эстелиги алынышы керекпи? Оштун борбордук аянтында дээрлик отуз жылдан ашык турган эстеликтин алынышы жергиликтүү эле эмес, дүйнөлүк айрым медиалардын да көңүлүн бурду.
Орусиянын Чебоксары шаарында “Шахед” дрону үчүн антенна жана башка жабдыктарды…

Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы парламент (Сейм) депутаты Алексей Росликовдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду. LETA агенттигинин маалыматы боюнча эл өкүлү агрессор-мамлекетке (Орусияга) жардам берүү, улут аралык кастыкты жана жек көрүүнү козутууга айыпталууда. Росликов 5-июнда парламенттин жыйынында орус тилин Латвиянын коомдук турмушунда колдонууну чектөө тууралуу декларацияны күн тартибине киргизүүгө каршы сүйлөгөндө өз сөзүн: “Биз көппүз, орус тили биздин тил” деп орусча аяктаган.
Азаттык Υналгысы
Латвияда "Орус тили биздин тил" деген депутаттын үстүнөн кылмыш иш козголду
Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы парламент (Сейм) депутаты Алексей Росликовдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду. LETA агенттигинин маалыматы боюнча эл өкүлү агрессор-мамлекетке (Орусияга) жардам берүү, улут аралык кастыкты жана жек көрүүнү козутууга айыпталууда.…
Министрлер кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Азаттык Υналгысы
Министрлер кабинети бейтаптар үчүн бөйрөктү алмаштыруунун тартибин бекитти
Министрлер кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Анын…
Анын…
Кыргызстандын тарыхында Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 15 жыл болду. "Азаттык" аймактагы ынтымакка даанакер болуп, жаш муунга өрнөк көрсөткөн үч каармандын баянын сунуштайт.
Азаттык Υналгысы
“Адамгерчилик баарынан жогору". Ош, Жалал-Абаддагы ынтымакка данакер каармандар
Кыргызстандын тарыхында Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 15 жыл болду. "Азаттык" аймактагы ынтымакка даанакер болуп, жаш муунга өрнөк көрсөткөн үч каармандын баянын сунуштайт.
10-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды.
Азаттык Υналгысы
Депутат үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү үч айга чейин камакка алууну сунуштады
10-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…
Кыргызстан Намибиянын паспортторун жасап, биринчи бөлүгүн жөнөттү
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча биринчи келишимдин негизинде документтер даярдалып, аталган өлкөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.
10-июнда аталган өлкөнүн расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар башка тармактарда да “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгара баштай турганын 31-мартта жар салган. Ал ошол маалда Гана жана Намибия менен келишим түзүлгөнүн билдирген.
Кыргызстан өзүнүн жалпы жарандык паспортторун жана ID-карталарын буга чейин башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. 2023-жылдан тарта документтер “Учкун” басмаканасында басылып чыгарыла баштаган.
"Учкун" мамлекеттик басмаканасы мурдараак башка мекемелер менен чогуу Президенттин Иш башкармалыгына өткөн. https://smarturl.click/xVddL

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча биринчи келишимдин негизинде документтер даярдалып, аталган өлкөгө жөнөтүлдү.…
Жаңылыктар | 10.06.2025 | Мигранттар козголоңу: Трамп Лос-Анжелеске армия киргизди
- АКШнын Лос-Анжелес шаарында мыйзамсыз мигранттарды жапырт кармоого каршы тутанган нааразылык акциялары уланууда. Шаарга улуттук гвардиянын бөлүктөрү жана деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери киргизилди.
- Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Келерки шайлоодо өлкөдө бир мандаттуу 30 округ түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
- 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад аймактарында катталган коогалаңга быйыл 15 жыл болду. Ошто Июнь окуясында курман болгондор эскерилди. https://youtu.be/2z9jUDxH0ko

- Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү.…

Пентагон Украинага курал-жарак берүүнү кыскартууну пландоодо
Пентагон келерки жылы Украинага курал-жарак берүүнү кыскарта турганын АКШнын коргоо министри Пит Хегсет шейшембиде Өкүлдөр палатасынын жыйынында билдирди. Ал мындай өзгөрүү президент Дональд Трамптын администрациясынын саясатына туура келерин түшүндүрдү.
Украинанын учурда АКШдан алып жаткан курал-жарактары боюнча чечим мурдагы президенттик администрациянын маалында кабыл алынган. “Биз сүйлөшүү жолу менен тынчтык келишимине жетишүү – эки тарапка тең жана биз үчүн да эң туура чечим”, - деди министр.
Хегсет Украинанын күчтөрүнүн Орусиянын авиациялык аэродромдоруна сокку урганына комментарий берип, бул окуядан кийин Пентагон дрондон коргонуу системасын кайра карай баштаганын, АКШ “бул сыяктуу коркунучтарда алсыз болуп калбашы керектигин” белгиледи.
Трамптын администрациясы Конгресстен келерки жылдын бюджетинде Пентагон үчүн триллион доллардан көп каражат бөлүүнү өтүнгөнү жатат. Бул быйылкы бюджеттен 200 миллиард долларга көп экенин NBC басылмасы жазды.
Өкүлдөр палатасынын шейшембидеги жыйынында 831 миллиард долларлык бюджет боюнча сунуш каралганын Military Times билдирди.

Австрияда мектептеги кол салуудан каза болгондор 11 кишиге жетти
Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан каза болгондордун саны 11 кишиге жетти. Шейшембиде болгон окуяда мектептин мурдагы окуучусу ок чыгарганы, кийин өз жанын кыйганы белгилүү болду.
APA агенттиги жазгандай, каза болгондордун арасында окуучулар жана мугалимдер да бар. Дүйшөмбүнүн кечинде жараат алгандардын бири ооруканада каза болгону такталган. Буга чейин кол салуудан тогуз киши набыт болгону кабарланып жаткан. Ок чыгарган кишини кошкондо, каза болгондордун саны 11ге жетти. Мындан тышкары кеминде он киши жараат алганы, айрымдарынын абалы оор экени айтылды.
Бул окуянын эмнеден чыкканы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек. Ок чыгарган кишинин аты айтыла элек жана ал 21 жашта болгон. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, ал австриялык жараны жана ок чыгарган мектепте окуган жана окууну бүтүргөн эмес. Kronen Zeitung басылмасы ал окуучу кезинде кодулоого кабылган болушу мүмкүн экенин жазды.

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.
Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактады.
Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.
Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган.
Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.

Америкалык мультимиллиардер Илон Маск өзүнүн X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп тууралуу жарыялаган айрым посттору үчүн өкүнөрүн айтты.
Азаттык Υналгысы
Маск Трамп тууралуу жазган "айрым билдирүүлөрүнө" өкүнүчүн билдирди
Америкалык мультимиллиардер Илон Маск өзүнүн X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп тууралуу жарыялаган айрым посттору үчүн өкүнөрүн айтты.
"Айрым билдирүүлөрүм чектен чыгып кетти", – деп жазды Маск. Бул билдирүүсүнө…

Казакстан парламентинин жогорку палатасы "Бузууларды алдын алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук жайларда паранжа, никаб жана бетти толугу менен жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынат.
Азаттык Υналгысы
Казакстанда паранжа менен никаб кийүүгө тыюу салуу сунушталды
Казакстан парламентинин жогорку палатасы "Бузууларды алдын алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук жайларда паранжа, никаб жана бетти толугу менен жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Tengrinews.kz…
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү коюлду.
Азаттык Υналгысы
Москвадагы рейд: сабалган мигранттар, Өзбекстандын нотасы
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине…
Шаршембиге караган түнү Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Ал арада тараптар согуш туткундарын алмашууну улантты. Шаршембиде Орусия 1212 украин аскердин сөөгүн кайтарганы маалымдалды.
Мунун алдында Одессада дүрмөттөрдүн бири төрөт үйүнө тийген, даңазалуу киностудияда өрт тутанган, Киевде маданий мурастардын тизмесине кирген Ыйык София собору жабыркаган.

"Апа, мен кайтып келдим". Украина менен Орусия туткундарды алмашты