Telegram Web Link
Иран Израилди баллистикалык ракета менен аткылады, Тель-Авивде жарылуунун үндөрү угулду

Израилдин аскер жетекчилиги Иран Израилге ондогон баллистикалык ракета атканын билдирди. Жарылуунун үндөрү жана аба сиреналары Иерусалим менен Тель-Авивде угулду.

Бир нече мүнөттөн кийин Тель-Авивдин үстүнөн коюу түтүн көтөрүлдү. Ирандык медианын маалыматына ылайык, Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда.

13-июндагы чабуулдан кийин Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израилди "согуш баштады" деп айыптап, "аны баштап, качып кетүүнүн" арты оор кесепеттерге жеткирерин эскертти.

@azattyk_radiosu
8🤬2
Иран Израилге кайрадан сокку урду

Ишембинен кечинде Ирандын ракеталык чабуулу уланды. Бул Израилдин Ирандагы өзөктүк жана аскердик обьекттерди бутага алган операциясы башталгандан берки экинчи чабуул.

Маалыматтарга караганда бул жолу Иран Израилдин түндүгүндөгү Хайфа шаарын бутага алды. Айрым маалымат булактары Иран Хайфадагы портту жана мунай иштетүүчү заводду аткылоону көздөгөнүн жазышты. Жергиликтүү басылмалар ракеталардын бири калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар түзгөн Тамра шаарындагы калктуу аймакка түшкөнүн маалымдашты.

Израил маалымат каражаттары Ирандын чабуулунан 10 чакты адам жараат алганын, бир адам набыт болгонун кабарлашты.

@azattyk_radiosu
👍8🤬31
❗️Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн

Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илинди. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматында, президент Дональд Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүсүнө тыюу салынуучу же чектелүүчү өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Борбор Азия, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

@azattyk_radiosu
😢4😱21
“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”

Элмира Абдыкалыкова - сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон чоң атасы тууралуу жарым кылым бою эч нерсе айтпай жашырып, коркунуч менен жашаган муундун өкүлү. Чоң атасы Абдыкадыр Орозбеков советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон. https://www.youtube.com/watch?v=KmczIibrChM
9
«Азаттык» радиосу
❗️Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илинди. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирди.…
ТИМ АКШ консулунан миграциялык чектөө боюнча түшүндүрмө сурайт

Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандык мигранттарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматка түшүндүрмө берүү үчүн АКШнын элчилигинин консулун чакырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы 15-июнда билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, учурда миграциялык чектөөлөр боюнча АКШдан расмий маалымат түшө элек. Миграциялык чектөөлөр кириши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кантип аныкталары Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп жатканы жазылган.

Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илингеннин Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген.

@azattyk_radiosu
👍41
Жаңылыктар | 16.06.2025 | АКШ кыргыз жарандарына чектөө коёбу?

Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкөнү тынчтык келишимин түзүүгө чакырды.

Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын элчилигинин консулун чакыра турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун бир нече өзгөрүүлөр менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
3
ИИМ маркум Камчы Көлбаевдин иниси кармалганын билдирди

Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Мекеменин 17-июндагы маалыматына ылайык, май айында ИИМге 2009-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчилери Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесин мыйзамсыз бергени тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтин токтомдорунун негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну С.К. аттуу жаранга спорт комплекс салуу үчүн беш гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага бөлүнүп берилген.

Бирок кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулбай калып, айылдын тургундары С.К.дан жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды бөлүп беришин талап кылышкан.

@azattyk_radiosu
3👍1
Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал далай адамдарды убактылуу жер которууга аргасыз кылды. Алардын арасында Иранда 11 жылдан бери жашаган, Тегеран университетинин саясат таануу бөлүмүндө докторантурада окуган Жаркын Калыкова да бар. Ал Азербайжан тарапка чыгып баратып, "Азаттыкка" маек курду.

@azattyk_radiosu
2👍1
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазды.

Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду. Иран өз кезегинде Израилдин аймагына ракеталарды учурду. Эки өлкөнүн тең карапайым тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аракет кылууда.

@azattyk_radiosu
👎3🥱31😁1🤬1
«Азаттык» радиосу
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин…
❗️Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 18-июнда үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Шаардык сот Бокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин камакка алган.

Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактаган.

@azattyk_radiosu
2👎1🤡1
Депутат Бекешев Бишкекте автоунааларды эвакуациялоону жокко чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуациялоо ишине нааразы экенин билдирди.

Ал бир автоунааны жүктөп кеткени үчүн эвакуатордун акысына 2 миң сом, андан тышкары айыпты өзүнчө төлөй турганын айтты. Ал туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо чарасы шаардагы жол тыгынын азайтууга таасири этпей жатат деген пикирде.

“Эмнеге эки миң сом? Мындай бааны ким койду? Бул боюнча Монополияга каршы агенттик текшерип чыгышы керек. Алар эвакуациялоо учурунда унаага зыян келтирип жатышат. Жарандар буга нааразы болсо, "сотко барып арыздана бер" деп коюшат экен. Бизде чечим бар. Туура эмес токтотулган унааларга жол коопсуздук кызматкерлери айып салып, унаага билдирүү чаптап коюшсун. Айыптын баасы 300 эмес, эки эсе көп – 600 сом кылып коёлу. Мен үчүн эвакуациянын 2000 сом алганы түшүнүксүз жана актоого мүмкүн болбогон бизнес”,

- деди Бекешев.

@azattyk_radiosu
👍11👎43
АКШга студенттик визага тапшыргандардын социалдык тармактары текшерилет

АКШнын университеттеринде окууну каалаган же ишке чакырылган изилдөөчү-окумуштуулардын социалдык тармактары виза берилер алдында текшерилет.

Америкалык консулдук кызматкерлерине тиешелүү тапшырма берилди. Алар “Кошмо Штаттардын жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө, институттарына, мамлекеттин пайдубалын түзгөн принциптерге кастыктын белгилерин” издөө менен алектенет.

Майдын этегинде сөз болгон категорияга визага арыз алуу жана аларды кароо жараяны токтоп, эми кайра жанданууда. (Reuters)

@azattyk_radiosu
🔥3
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы Бишкектеги жарык өчкөнүнүн себебин түшүндүрдү

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы Бишкек шаарында 18-19-июнь күндөрү жарыктын жапырт өчкөнү боюнча түшүндүрмө берди.

Ишкананын директору Алтынбек Рысбеков бул кыш мезгилине даярдык катары оңдоо иштерине байланыштуу экенин түшүндүрдү. Айрым электр линияларынын өткөрүү кубаттуулугу жетишсиз болуп, жарык өчүп калган.

Алдын ала маалыматка ылайык, 220 киловатт чыңалуудагы Кара-Балта жана Главное зымдарынын өчүп калганынан улам борбор калаа жарыксыз калган.

“Учурда өлкөдө энергетикалык система штаттык режимде иштеп жатат. Күнү-түнү байкоо жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө жогорку температура шартында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүдөбүз”,

- деди Рысбеков.

18-июнда түшкө жуук Бишкектин көпчүлүк аймагында жарык өчкөн.

@azattyk_radiosu
😁4
Жаңылыктар | 19.06.2025 | “1-класстагы жээнимди зордукташкан”

📌 Иран менен Израилдин жаңжалы курчуп жатат. Ирандын ракета соккусунан Беэр-Шевдеги оорукана жабыркады. Израилдин авиациясы болсо Ирандын өзөктүк ишканаларына сокку урганын билдирди.

📌 Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктап жүргөнүн баланын жакындары айтып чыкты. Милиция шектүү катары 16 жаштагы өспүрүмдү кармады.

📌 Бишкектеги электрдин жапырт өчүшүнүн себеби айтылды. Энергетика министрлиги чочулоого себеп жок деп ишендирүүдө.
❗️Бишкекте тез татымдан уулангандар 24 кишиге жетти

Бишкекте 19-июнда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн тамакка уулангандардын саны 24 кишиге жеткенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев 20-июнда “Азаттыкка” билдирди.

Алардын 12си ооруканага жаткырылып, калганы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Лабораториялык текшерүү үчүн жабыркагандардан клиникалык материалдар алынып, изилдөө иштери жүрүүдө.

@azattyk_radiosu
😱81👎1
Түркмөнстан быйыл Иран аркылуу Түркия менен Иракка газ сата баштаган. Иран менен Израилдин жаңжалы коңшу өлкөнүн бул багыттагы экспортуна кандай таасир этет? "Азатлык" радиосу Британиянын Methinks консалтинг компаниясынын энергетикалык коопсуздук боюнча эксперти Жон Робертс менен маектешти.

Түркмөнстан быйыл февралда Түркия менен газ боюнча келишимге кол койгон. Мамлекеттик "Туркменгаз" менен BOTAŞ компанияларынын ортосундагы келишим 1-марттан тартып күчүнө кирген. Ал келишимге ылайык, Иран аркылуу жылына 1,3 миллиард куб метр газ жеткирилиш керек.

@azattyk_radiosu
👍51
Жаңылыктар | 20.06.2025 | Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты

📌 АКШ Иранга каршы сокку уруу же согушка аралашпоо чечимин эки апта ичинде кабыл алат. Иран болсо Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

📌 Ал тапта Орусия Украинанын Одесса шаарына дрондон чабуул жасады. Бир нече имараттар, темир жол вокзалы зыян тартты.

📌 Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак-жайдын баасы 30 пайызга кымбаттады. Курулуш министрлиги муну борбордо жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдарынын кымбаттаганы менен байланыштырууда.

@azattyk_radiosu
👍7
Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга өстү. Курулуш министрлиги борбор калаадагы үйлөрдүн кымбатташын жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасынын жогорулашы менен байланыштырууда.

Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн баасынын айынан Бишкек эң кымбат шаарлардын катарына киргени да айтылды. https://www.azattyk.org/a/33450018.html
3
АКШ Кыргызстанды миграциялык чектөөлөр салынган өлкөлөрдүн катарына киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу өткөн аптада америкалык The Washington Post басылмасы Мамлекеттик департаменттин ички каттарына таянып жазып чыккан.

Бул маалымат жарыяланган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттар менен бул жагдайды тактап жатканын билдирүүдө. Бирок кыргыз дипломатиялык мекемеси АКШда виза талабын бузган кыргыз жарандары көбөйгөнүн билдирип, мыйзамды так сактоого чакырды.

АКШнын соңку ыктымал чечимдери эмнеге байланыштуу? Эми кыргыз жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгү канчалык чектелиши мүмкүн? «Азаттык» бул маселе боюнча АКШдагы кыргызстандык юрист Айзада Марат кызы менен маектешти. https://www.youtube.com/watch?v=dJ4Mi-5ok0U&t=10s
2025/07/10 12:18:22
Back to Top
HTML Embed Code: