Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
«Азаттык» радиосу
MCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук…
❗️Юруслан Тойчубеков тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду

MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу камакка алынган Юруслан Тойчубеков 16-майда эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин тергөөчүсү берген.

Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков ушул жылдын февраль айында камакка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылган.

@azattyk_radiosu
Жашыл Бишкек "чөлгө" айлануудабы? | ДАНИСТЕ

Кыргызстанда акыркы он жылдыкта шаарлашуунун агымы кескин күчөдү. Элеттеги шаарды көздөй көчкөндөрдүн көбү башкалаа Бишкекке келүүдө. Баш калаада ири имараттар, турак-жайлар борбордун чок ортосунда эле эмес, тегерек-четинде дагы салынууда.

Ушундай шартта Бишкектин ансыз дагы аяр эко-системасын кантип сактап калууга, абасын тазартууга болот? Айрым райондордун “бетон джунглиси” деген аттан арылтып, шаарды кантип бала-чака менен жөө сейилдегенге ыңгайлуу кылса болот? Канткенде шаарга чабалекей, таранчылар кайтып келип, жүз жылдык эмендер сакталып калат?

@azattyk_radiosu
Нарын шаарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптады

Нарын шаарында 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, сел 45 үйдүн короо-жайын каптап, эки турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан камсыздандырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып, турак жайлардын ичиндеги сууну сыртка сордурушкан.

@azattyk_radiosu
Иран чабуулдар башталгандан бери 500гө жакын адам каза болгонун билдирди

Тегеран 23-июнда жабыркагандар боюнча расмий маалыматты жаңылады.

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме кылып, Израилдин чабуулу башталгандан бери 500гө жакын адам каза болгонун билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында 3 миңден ашуун киши жараат алган.

Каза тапкандар арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан белгилүү окумуштуулар бар.

"Ирандагы адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн деп билдирүүдө.

@azattyk_radiosu
Жаңылыктар | 23.06.2025 |Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Борбор Азияга кандай таасир берет?

📌 АКШнын Ирандагы өзөктүк жайларга соккусу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөттү. Тегеран Улуттар уюмунун нормалары бузулганын айтып, Москвадан колдоо издеп жатат. Израил болсо Тегеранга кайрадан чабуул койгону кабарланды.

📌 Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикасына кандай таасири болот?

📌 Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөөдө. Бул демилге орусиялык “Евразия” уюму аркылуу ишке ашышы мүмкүн. 12 жылдык окууга өтүүнү жарыя кылгын Кыргызстан Орусия менен бирдиктүү билим системасына кандай өтөт?
❗️Өзбек лидери Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациянын жетекчиси кылып дайындады

Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациянын жетекчиси кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Маалыматка ылайык, эки жыл мурун жоюлган бул түзүм кайра түзүлдү. 40 жаштагы Саида буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеп келген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, андан мурун 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгын аркалаган.

@azattyk_radiosu
Бишкекте жыл башынан бери автобус айдаган 733 айдоочу жумуштан алынды

Бишкекте ушул жылдын 1-январынан 18-июнга чейин мэриянын автобустарын эреже бузуп айдаган 733 айдоочу жумуштан алынып, “кара тизмеге” киргизилген. Алар мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштей албайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, андан тышкары тартип комиссияларынын чечимдери менен 404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген.

24-июнда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустун айдоочулары менен жыйын өттү. Анда айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

1-январдан 31-мартка чейинки аралыкта Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 кырсык катталган.

@azattyk_radiosu
⚡️Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда.

23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй жана курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.

24-июнда социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тарады. Алардын бири Максат Нусувалиевге түспөлдөш экенин көрүүгө болот. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнда мэрияда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын өткөнүн, Максат Нусувалиев жана дагы эки адам жыйын учурунда кармалганын жазышууда.

@azattyk_radiosu
“Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктады

Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктап, иш сотко жиберүү үчүн прокуратурага өткөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, анын алкагында 19 адам камакка алынды. Алардын көбү Тажикстандын жарандары.

Тергөөнүн маалыматына караганда, теги тажикстандык төрт адам — Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Фаридуни Шамсидин, Саидакрами Рачабализода саат 19:00 чамасында миңдей адам концерт көрүүгө келген залга кирип барып, ок чыгарышкан. Теракт учурунда 145 адам өлүп, ондогону жараат алганы кабарланган. Кол салууга шектүүлөрдү Брянск облусунан кармашкан.

@azattyk_radiosu
Жаңылыктар | 24.06.2025 | Өзбек президенти кызы Саиданы мураскерликке даярдап жатабы?

📌 АКШ президенти Иран менен Израил тынчтык келишимине жетишкенин жарыялады. Бирок ок атууну токтотуу режими бузулуп, тараптар бири-бирин айыптап чыгышты.

📌 Нарын облусу көңүл сыртында калды деген нааразы пикирлер социалдык тармактарда күч алды. Бийлик дооматтарды четке кагып, аткарылып жаткан иштерди тизмектеди.

📌 Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы өз администрациясына жетекчи кылып дайындады. Мирзиеев кызын мураскерликке даярдап жатабы?

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
⚡️Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда. 23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында…
Президенттин Нарындагы өкүлү Токмок шаарына мэр болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, Токмок шаарынын мэри кылып дайындады.

25-июнда Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кызматтан алды. Максат Нусувалиев, Токмок шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Т.у.А.) жана шаарда эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын директору (К.Т.Э.) 24-июнда Камчыбек Ташиевдин буйругу менен жыйын учурунда кармалган.

@azattyk_radiosu
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы кезектеги сессиясын жыйынтыктаганы турат. Эл өкүлдөрү соңку бир жылдын ичинде тарыхый чечимдерди кабыл алганын, аткаруу бийлиги менен тыгыз иштешкенин айтышат. Ошол эле учурда азыркы парламентти “демилгени колдон чыгарды, эрки сынды” деп сындагандар да жок эмес. “Азаттык” парламенттин бир жылдык ишмердиги боюнча депутаттардын пикирин укту.

@azattyk_radiosu
Жаңылыктар | 25.06.2025 | Ташиевдин ачуусу аймактагы абалды оңдойбу?

📌 Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Ал тапта Украинадагы согуш НАТОнун Гаагадагы саммитинде кыйыр талкууланды.

📌 Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда. Соңку эки күндө Нарында облус башчысы кызмат которсо, Токмоктун мэри камалды. Бийликтин бул аракети көйгөй чечеби?

📌 Жогорку Кеңеш медиа чөйрөнү нааразы кылган, 2022-жылдан бери талаш-талкуу жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.
«Азаттык» радиосу
⚡️Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда. 23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында…
‼️Токмоктун мурдагы мэри баш болгон төрт адам эки айга камалды

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча адис (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы (К.Т.Э.) 24-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 25-июнда чыгарды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда.

Шектүүлөр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген кине тагылды.

@azattyk_radiosu
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан чоң инвестициялык потенциалга ээ болуп, чет элдик инвесторлор, анын ичинде Кытай компаниялары үчүн ЕАЭБ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн рынокторуна «терезе» катары чыгууга даяр экенин билдирди.

@azattyk_radiosu
Аялга зомбулук көрсөткөн деген айып менен милиция кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аялга зомбулук көрсөткөн делген айып менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны (Р.О.Б.) кармалганын билдирди.

25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. Жабыркаган аял бул факты боюнча арыз менен кайрылып (Н.к.Н.), окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун айткан. Анда ИИМдин кызматкери мас болуп аны бетке чаап жибергенин билдирген.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Орусияда Украинаны колдогон казак жараны 12 жылга соттолду

25-июнда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы аймактык аскердик сот Казакстандын 19 жаштагы жараны Туран Устюговду “террордук уюмдун аракеттерине катышкан” жана “террордук аракеттерди ишке ашыруу үчүн окуудан өткөн” деген айыптар менен 12 жылга түрмөгө кести. Бул тууралуу “Азаттык Азия” анын апасы Элмира Жанабаевага шилтеме кылып жазды. Прокурорлор казак жаранын 25 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн болчу.

«Ал эч нерсе кылган жок. Болгону ниети үчүн ага абак жазасын берип коюшту», - деди Жанабаева.

Ал уулу согуш башталгандан бери Телеграм аркылуу белгисиз адамдар менен байланышып, согушка баруунун жолдорун караштырып жүргөнүн, Украинаны коргоо керек деп айтканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Туран 2024-жылдын 27-сентябрында Алматыдан чыгып кеткен. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ал ошол күнү Кыргызстандын аймагына өтүп, андан ары кайда кеткени белгисиз болуп жатканын апасына билдирген. Беш күндөн кийин Туран Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында кармалганы белгилүү болгон.

@azattyk_radiosu
Жаңылыктар | 26.06.2025 | Газадагы чабуул 80 адамдын өмүрүн алды

📌 Соңку күндөрү Газа тилкесиндеги чабуулдар ондогон адамдын өмүрүн алды. Иран ок атышпоо жөнүндө макулдашкан cоң Израил армиясы тилкеге кайрадан көбүрөөк көңүл бурарын билдирүүдө.

📌 Камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соту кайрадан жылып калды. Бул жолу да анын ишин иликтеген эксперт сотко келбей койду. Журналисттин жакындары Мамыркулованы эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

📌 Апрелде Стабул аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кыргыз бийлигинен көмөк сурады.
2025/06/26 18:12:19
Back to Top
HTML Embed Code: