КФБДА ШААРЛАРДЫН ЖАНА РАЙОНДОРДУН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН СПОРТТУК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде өлкөнүн аймактарындагы футболдук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга КФБнын президентинин кеңешчиси Аман Каскеримов, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин орун басары Талантбек Иманакун уулу, ошондой эле Чолпон-Ата, Базар-Коргон, Кадамжай, Каинды жана Ноокат шаарларынын жана аймактарынын жетекчилери катышты. Мындан тышкары, жыйынга курулуш департаменттеринин жетекчилери жана курулуш уюмдарынын өкүлдөрү да катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактардагы жаңы стадиондорду жана футбол аянтчаларын куруу, бар болгон объекттерди реконструкциялоо маселелери талкууланды. Катышуучулар өз аймактарында ишке ашырылуучу долбоорлордун эскиздик пландарын жана сунуштарын көрсөтүштү. КФБ өкүлдөрү долбоорлорду пландоо, техникалык талаптар жана эл аралык стандарттарды сактоо боюнча тажрыйбалык сунуштарын беришти.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар КФБ, Курулуш министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантуу жана өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу иштерин биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашышты.
Бул долбоордун алкагында Чолпон-Ата, Базар-Коргон, Кадамжай, Каинды жана Ноокат сыяктуу бир катар шаарлар менен райондордо жаңы стадиондор курулуп, спорттук инфраструктура кеңейет.

КФБНЫН КАЛЫСТАРЫ АЗИЯ КУБОГУНУН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ОЮНУН ТЕЙЛЕШТИ
Кыргыз футбол биримдигинин калыстар бригадасы кечээ, 14-октябрь күнү 2027-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары алкагында орун алган Йемен – Бруней Даруссалам Улуттук курама командалардын беттешин тейлешти. Бул оюн Кувейттин «Джабер-эль-Ахмед» эл аралык стадионунда орун алды.
Калыстар тобун Медер Тайчиев жетектесе, ага каптал сызыктарда Исмаилжан Талипжанов жана Элдос Мурзабеков жардам беришти. Ал эми, резервдик арбитрдин милдетин Нурзатбек Абдыкадыров аткарды.
#kfu_kgz

❤5🔥1
Forwarded from KYRGYZ KURAMA
#FullTIME| #АзиягаКАРАЙ | U17 КЫЗДАР
ЖЕҢИИИИИИШ🇰🇬🇰🇬🇰🇬
ӨЗБЕКСТАН 🇺🇿 1 - [2] 🇰🇬 КЫРГЫЗСТАН
⏱️ 35’ СУМАЙЙА МАХАМАТСАЛИЕВА
⏱️ 49’ АКМАРАЛ САЯКБАЕВА
__
🗓️ 15-октябрь, 2025
📍Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону, БИШКЕК
📺 ТҮЗ ЭФИР: КСТВ жана УТРК СПОРТ
🔻 2026-жылкы U17 Азия Кубогунун тандап алуу оюндары
__
КЫЗДАРЫ КЫЙЫН КЫРГЫЗДЫН ✊🏻
#KyzdarKURAMA | #KyrgyzKURAMA | #WACU17

❤6🤩2🎉1😍1
Кыргызстандын U-17 курама командасынын Азия Кубогунун тандоо оюндары алкагындагы Өзбекстанга каршы оюну боюнча Кыргыз Спорт ТВ каналынын репортажы 🎥
#kfu_kgz
#kfu_kgz
YouTube
U-17 Азия Кубогуна тандап алуу: Кыргызстан курамасы Өзбекстанды жеңди
U-17 кыздар арасында Азия Кубогуна тандап алуу оюндары Бишкек шаарында болуп жатат. Кыргызстан курамасы 2-турдук беттеште Өзбекстанды жеңип алды!
❤2
Кыргызстандык ФИФА калысы Вероника Бернацкаянын АФК медиа кызматына берген интервьюсуна шилтеме 🎥
#kfu_kgz
#kfu_kgz
YouTube
It's My Game - Veronika Bernatskaia
Subscribe now: https://goo.gl/vsuKp3
-
➡️ The Home of Asian Football - Download the AFC LIVE APP now to follow all your club’s action in one place: https://tr.ee/vCUMnRlTPB
Follow all the AFC Champions League Elite™ & AFC Champions League Two™ action on…

❤4
БИШКЕКТЕ КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАҢЫ СТАДИОНГО «АЗАТТЫК АРЕНА» АТАЛЫШЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Кыргыз футбол биримдиги борбор калаада курулуп жаткан жаңы улуттук стадионго «Азаттык Арена» деген аталыш ыйгарылганын кубануу менен маалымдайт.
Жаңы 51 миң орундуу «Азаттык Арена» стадиону Кыргызстан тарыхындагы гана эмес, Борбор Азиядагы эң ири спорттук долбоор болуп саналат. Ал эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктура менен жабдылып, келечекте улуттук курама командабыздын жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин башкы аренасы болот.
Кыргыз футбол биримдиги бул долбоорду өлкө спортунун өнүгүүсүндөгү тарыхый кадам катары баалайт жана жаңы арена Кыргыз футболунун эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга зор салым кошоруна ишенет.

ЭР-РИЯД ШААРЫНДА АФКНЫН АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
Бүгүн, 16-октябрда, Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү.
Жыйында АФКнын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Конфедерациянын мүчө ассоциацияларды жана регионалдык уюмдарды колдоо боюнча туруктуу позициясын дагы бир жолу ырастады. Бул жыйынга АФКнын Аткаруу комитетинин мүчөсү жана Кыргыз футбол биримдигинин Вице-президенти Дастанбек Конокбаев да катышты.
Жыйын жыл сайын өткөрүлүүчү АФКнын сыйлык тапшыруу аземи жана мүчө жана Улуттук жана регионалдык ассоциациялардын жетекчилеринин конференциясынын алдында уюштурулду.
Өз сөзүндө шейх Салман Конфедерациянын мүчө жана регионалдык ассоциациялардын ишин өнүктүрүүгө, башкаруунун жана кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган бир катар программаларды ишке ашырууну пландап жатканын билдирди. Ошондой эле акыркы айларда билим берүү жана өнүктүрүү демилгелери ассоциациялар үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү жаратканын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө «AFC Equal Pitch Programme» сыяктуу негизги билим берүү долбоорлорунун улантылары тастыкталды.
Мындан тышкары, АФК менен УЕФАнын ортосунда машыктыруучулук квалификацияларды өз ара таануу жана тажрыйба алмашуу боюнча жаңы келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдер 2029-жылга чейин күчүндө болот.

🔥2
КФБНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ AFC AWARDS СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШЫШТЫ
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында AFC Awards Riyadh 2025 аттуу салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия футбол конфедерациясы (АФК) континенттеги футболдун өнүгүшүнө зор салым кошкон жыл ичиндеги мыкты оюнчуларды, машыктыруучуларды, калыстарды, улуттук жана аймактык футбол ассоциацияларын сыйлады.
Кыргыз футбол биримдигинин атынан аталган иш-чарага КФБнын Биринчи вице-президент Нурдин Букуев, Вице-президент Дастан Конокбаев жана башкы катчы Медербек Сыдыков катышты.
Сауд Аравияда алгачкы ирет өткөн бул 29- мыктыларды сыйлоо аземи, Азия футболунун эң мыктыларын бириктирген өзгөчө майрамга айланды.
АФКнын 2025-жылдагы мыкты оюнчусу наамын Сауд Аравиянын “Al Hilal SFC” клубунун жылдызы Салем Аль-Даусари алды. Ал эми кыз-келиндер арасында мыкты футболчу наамына Япония курамасынын 25 жаштагы коргоочусу Хана Такахаши ээ болду.
Түндүк Корея курамасынын чабуулчу айымы Чхве Иль Сон АФКнын жылдын жаш футболчусу деп табылды, ал эми Австралиялык Алекс Бадолато эркектер арасында жылдын жаш оюнчусу аталды.
АФКнын жылдын машыктыруучусу наамы эркектер арасында Түндүк Кореянын U-20 курамасынын башкы машыктыруучусу Ри Сон Хого, ал эми аялдар арасындагы мыкты машыктыруучу наамы ирандык Марзия Джафариге ыйгарылды.
Футзал боюнча АФКнын 2025-жылдагы мыкты оюнчусу наамына ирандык Салар Агапур ээ болду.
АФК ошондой эле улуттук жана региондук футболдук уюмдардын жетишкендиктерин белгиледи. Сауд Аравия футбол федерациясы (SAFF) “Жылдын ассоциациясы (Платина)” сыйлыгын алды. Футбол федерациянын Джидда шаарындагы AFC Elite™ Лигасынын финалын жана Азия кубогу U-17 турнирин жогорку деңгээлде өткөргөндүгү баса белгиленди. Таиланд футбол ассоциациясы (FAT) экинчи ирээт “Жылдын ассоциациясы (Бриллиант)” сыйлыгына татыды. Гонконг футбол ассоциациясы (HKFA) “Алтын” сыйлыгын алды, ал эми Лаос футбол федерациясы (LFF) “Рубин” наамына ээ болду. АСЕАН футбол федерациясы (AFF) болсо “АФКнын региондук ассоциациясы” деп табылды.
Салтка айлангандай, бул жолу да массалык футболду өнүктүрүүгө чоң салым кошкон ассоциациялар сыйланды. Бириккен Араб Эмираттарынын футбол ассоциациясы алтын сыйлыкты, Малайзия футбол ассоциациясы күмүштү, ал эми Бангладеш футбол федерациясы коло сыйлыгын алды. Алар балдар, аялдар жана жаштар арасында футболду өнүктүрүүгө багытталган ири программаларды ийгиликтүү ишке ашырып келишүүдө.
AFC Awards Riyadh 2025 аземи Азия футболунун жетишкендиктерин жана биримдигин даңазалаган маанилүү окуя болду. АФК футболду бардык деңгээлде — профессионалдык лигалардан баштап массалык спортко чейин — өнүктүрүү жана континент боюнча миллиондогон күйөрмандарды бириктирүү максатын көздөөрүн айгинеледи.

ПРЕДСТАВИТЕЛИ КФБ ПРИНЯЛИ УЧАСТИЕ В ЦЕРЕМОНИИ AFC AWARDS RIYADH 2025
В Эр-Рияде состоялась торжественная церемония AFC Awards Riyadh 2025. На мероприятии Азиатская футбольная конфедерация чествовала выдающихся игроков, тренеров, судей, а также национальные и региональные ассоциации, внёсшие значительный вклад в развитие футбола на континенте.
Кыргызский футбольный союз на церемонии представляли первый вице-президент Нурдин Букуев, вице-президент КФБ Дастан Конокбаев и генеральный секретарь КФБ Медербек Сыдыков.
По итогам сезона 2024/25 Азиатская футбольная конфедерация вручила награды лучшим игрокам года. Игроком года среди женщин АФК 2025 стала 25-летняя защитница сборной Японии Хана Такахаши, ставшая шестой японкой в истории, удостоенной этой престижной награды. Игроком года среди мужчин стал представитель клуба Al Hilal SFC (Саудовская Аравия), ставший первым саудовцем, дважды получившим эту награду. Нападающая сборной КНДР Чхве Иль Сон признана лучшей молодой футболисткой года АФК, а австралиец Алекс Бадолато — лучшим молодым игроком года. В номинации «Тренер года АФК среди мужчин» победил главный тренер сборной КНДР U-20 Ри Сон Хо, а среди женщин лучшей тренеркой года стала Марзия Джафари из Ирана. Игроком года по футзалу АФК 2025 признан Салар Агапур из сборной Ирана.
АФК также отметила выдающиеся результаты национальных и региональных футбольных организаций. Федерация футбола Саудовской Аравии (SAFF) получила награду «Ассоциация года (Платина)», успешно организовав финал Лиги чемпионов AFC Elite™ в Джидде и Кубок Азии U-17. Футбольная ассоциация Таиланда (FAT) второй год подряд была признана «Ассоциацией года (Бриллиант)» за высокий уровень организации турниров и развитие профессионального футбола. Футбольная ассоциация Гонконга (HKFA) получила «Золотую» награду за успехи национальных сборных и программы по развитию женского и молодёжного футбола. Федерация футбола Лаоса (LFF) удостоена награды «Ассоциация года (Рубин)» за активное внедрение инициатив по развитию массового футбола и совершенствование системы управления. Федерация футбола АСЕАН (AFF) признана «Региональной ассоциацией года АФК» за проведение семи турниров высшего уровня и пример прозрачного управления и социальной ответственности.
Традиционно на церемонии были отмечены ассоциации, внёсшие особый вклад в развитие массового футбола. Футбольная ассоциация Объединённых Арабских Эмиратов получила золотую награду, Ассоциация футбола Малайзии — серебряную, а Федерация футбола Бангладеш — бронзовую. Эти организации реализуют масштабные grassroots-программы, направленные на вовлечение детей, женщин и молодёжи в футбол, создавая инклюзивную и безопасную спортивную среду.
Церемония AFC Awards Riyadh 2025 стала символом признания достижений и единства азиатского футбольного сообщества. АФК подчеркнула стремление поддерживать развитие футбола на всех уровнях — от профессиональных лиг до массовых инициатив, объединяя миллионы любителей спорта по всему континенту.

U-17 АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДОО ОЮНДАРЫ: МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫГЫ
Бүгүн, 17-октябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Азия Кубогунун «G» тайпасынын оюндары жыйынтыкталды.
Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы тайпада 2-орунду ээледи. Упай артыкчылыгы менен Индия курамасы 1-орунду ээлеп, Азия кубогуна жолдомо алды.
Курама команда алгач 13-октябрь күнү Индия курамасы менен беттешип 2:1 эсебинде жеңилген. Ал эми экинчи оюнда Өзбекстан курамасы менен кез келип 2:1 эсебинде жеңген.
Белгилей кетсек,2026-жылкы Азия Кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда жана Дүйнө чемпионатында катышкан 4 курама жолдомо алды. Жалпы турнирге континенттин 12 командасы катышты. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылы, 30-апрелден 17-майга чейин Кытайда өтөт.
#kfu_kg