Регар Тадаз - Мурас Юнайтед беттешинин түз алып берүүсү 🎥
YouTube
Muras United - Regar-Tadaz | AFC CHALLENGE LEAGUE
Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев сыйлуу коноктор менен бирге учурда орун алып жаткан Чакырык Лиганын алкагындагы Регар Тадаз - Мурас Юнайтед беттешине күбө болууда 📸
#kfu_kg
#kfu_kg
👍2
АФК ЧАКЫРЫК ЛИГАСЫ: «МУРАС ЮНАЙТЕД» ЖАНА «РЕГАР-ТАДАЗ» КЛУБУНУН БЕТТЕШИ ТЕҢ ЧЫГУУ МЕНЕН АЯКТАДЫ
Бүгүн, 25-октябрь күнү 2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабынын алкагында ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу алгачкы беттешин Тажикстандык «Регар-Тадаз» клубуна каршы өткөрүп, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, «Мурас Юнайтед» бул турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси катары катышуу укугун алган. Ата мекендик клуб «С» тайпасында «Регар-Тадаз» (Тажикстан), «Сафа» (Ливан) жана «Аль-Араби» (Кувейт) клубдары менен бирге орун алды.
Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышат. Алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыгат.
Белгилей кетсек, 28-октябрда клуб Ливандын “Сафа” клубу менен, ал эми 31-октябрда Кувейттин “Ал-Араби” клубу менен күч сынашат.
#kfu_kgz

КФБ ПРЕЗИДЕНТИ ЕВРОПАЛЫК ФУТБОЛ ФУНКЦИОНЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Кыргыз футбол биримдиги Президенти Камчыбек Ташиев сербиялык футбол функционери жана «Upsher management company» жана «RLM Advasory» компанияллардын өкүлү Зоран Терзич менен жолукту. Белгилесек, аталган компаниялардын ишмердүүлүгү футбол клубдарына жана академияларына инвестицияларды тартууга багыттталган. Азыркы учурда компаниянын Испания, Америка, Англия жана Словакиядагы бир нече футбол клубдарынын негизги үлүшүнө ээ.
Учурда Зоран Терзич Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн талдап, изилдеп жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн мүмкүн болгон багыттарын аныктап, долбоорлорду ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты.

🔥3